Четверг , 12-Декабрь 2019
Башкы бет / Досье / Мечитте болсо “өз” кайырчыларым бар…

Мечитте болсо “өз” кайырчыларым бар…

Бул кыздын атын деле билбейм. Биздин үйдүн жанындагы май куюучу жайда иштейт. Жума намазга баратканда дайыма ушул жерде акча майдалатам. Майда акчаны эмне кыласыз деп булар деле сурашпайт, мен деле айтпайм. Негедир кайырчыга чоң акча берүү адатым жок. Майдалап көбүрөөк кишиге жеткирсем бирөөнөн болбосо бирөөнөн келеби сооп деп ойлойм.

Мунумду май куйгучтар да байкайт го. “Байке, коё турсаңыз, – дейт бул кыз чыгып кетээрде токтотуп. Чөнтөктөрүн аңтарып бир топ майда кагаз акчасын жыйнап, мага сунат. – Муну да ала кетсеңиз, – деп. Мен мечитке бара албайм, кайырчыга Сиз берип коюңуз дегени да.

Карасам мен майдалаткандан да көбүрөөк акча. Бул кыздын ички дүйнөсү меникинен кеңирээк экенине бир чети ыраазы болсом, бир чети уялып бетим чымырайт. “Туура кыласың, садака балээлерден сактайт”, – деп айтып кете бердим. Мечитте болсо “өз” кайырчыларым бар.

Мен тараткан бирден кагазга көнүп калышкан. Бул жолу экиден таратсам баары таң калып карашат. Мени байыды дештиби же балээлери көбөйдүбү дештиби билбейм. Бири-бирин карап, өз ара кобурашып кала беришти. Чынында байыганым ушу да. Кайырчылык кылгандарды түшүнгөндөргө дагы бир адам кошулду. Ал эми балээнин кайдан качан келээрин эч ким билбейт. Алыстан, жакындан, ал турсун үйүңдүн ичинен, койнуңдан да чыгышы мүмкүн балээ. Баарыбызды Жараткан Кудай мына ошонун баарынан сактасын! Жума маарек болсун, бир туугандарым!

Бейшенбек Бекешов.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс