Четверг , 5-Декабрь 2019
Башкы бет / Аналитика / Ало,.. бул демократиябы?..

Ало,.. бул демократиябы?..

Президент Массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту. « Катуу тийсе да мобу суроону сөзсүз берем..” деп камданып келген жетекчилер андай ачуу суроолорун да беришти: мисалы, Жээнбековдун кадр саясаты, иниси Асилбек Жээнбековдун, куда сөөк, бажалардын таасиринин бары же жоктугу, Атамбаевдин соту, Жээнбеков досун сатканы же жоктугу, оппозиция барбы жокпу, Бишкек ТЭЦи, Раим Матраимов жб.. Андан тышкары “..сиз келгенден бери момундай-тигиндей иштер алга жылып атат..” деп жеке баамын айткан жетекчилер да болду бу жыйында. Мен суроолорумду белендеп берки журналисттер сыяктуу эле канчалык колумду көтөрсөм да, мага кезек жеткиче жыйын аягына чыгып калды. Болгону эки суроом бар эле:

БИРИНЧИ СУРОО. Эгемендик жылдарынан бери Акаев, Бакиев,Атамбаев деген президенттердин тушунда парламенттик шайлоолор өтүп келди, ар жолкусунда бийлик “шайлоо кыйла таза өттү, ачык өттү, демократиялуу өттү” деп билдирүү жасайт. Бирок натыйжада парламент мажирөө, күн карама, жалтак болуп чыга келет: Алга Кыргызстан, Акжол, КСДП деген президентчил партиялар буга далил. Мына 2020-жылы парламенттик шайлоолор өтөт, эркин саясий күчтөрдүн парламентке келээрине президент катары эмне аракеттерди жасайсыз, дегеле президент С. Жээнбековдун тушундагы парламенттик шайлоолор мурда болуп көрбөгөндөй ачык,калыс өтөөрүнө кепилдик бере аласызбы? Бу жолку шайлоолордо эркин болумуш сыяктанып, бирок президентке көз ымдаган клон-партиялар “жеңишке” жетишип, кайрале баягы парламенттик таз кебете кайталанбайбы?
ЭКИНЧИ СУРОО-каалоо: Сот реформасы боюнча позицияңыз түшүнүктүү, “мен сот ишине кийлигишпейм, күнөөсү болсо досум болобу, тууганымбы, министрби, жетекчиби же жөнөкөй жаранбы мыйзам астында баары бирдей жооп берсин” деп айтып келесиз. Ар кайсы майда же чоң сот процесстерине карата “тигил туура, бул туура эмес деп көз карашымды айтсам сот чечими чыга электе коом анымды пикирин сотторго таңуулап атат, буйруп атат деп түшүнөт деп абайлап жатканыңыз туурадыр балким.. Бирок, күнөөсү бар, кылмышка катышы барларды сот залынан каратып туруп бошотуп жиберген соттордун өзүн ким соттойт? Мен сот ишине кийлигишпейм,-деп сиз унчукпасаңыз, өкмөт унчукпаса, парламент үн катпаса…эмне болот бул жагы? Конституциянын гаранты катары ошол эле Садыр Жапаровго байланышкан сот иштериндеби, же карапайым адамдарды ак жеринен күйдүрүп калыссыздык кылып жаткан соттук процесстердеби маал маалы менен «эй соттор көзүңөрдү ачкыла, өзүм билемдик кылбагыла, элдин да убалы бар” деп билдирүүлөрдү жасап коюңуз керек го?

Тыянак:
1). Менин жогорудагы эки соболум президенттин жүрөгүн түшүрүп жиберчү суроолор деп деле айтпайм, менби, менден бөлөгүбү кандай каардуу, сүрдүү суроолорду берген чакта деле президент ынгайсыз суроолорго жооп берүү тажрыйбасын мурунку маалымат жыйындарына караганда кыйла арттыргандай, бу жагынан саал салабаттураак мамиле күтүп, ар кыл “тикенектүү” суроолорго даярдай сезилди мага.

2). Ал ортодо журналисттер ичинде “..ошончону чакырып мени чакырбаптыр..” деген таарынуулар да, “…чакырса абийирди төккөн суроо берээримди билип коркушса керек..” деп бүтүм кылгандар да болуп кетти. Мен билгенден, ак-көк, кызыл, жашыл деп бөлбөй журналист атпайдын баарын, атактуу блогермин дегендеринен бери койбой , айылдык гезиттин баш редактырларынан бери чакыртылып президентке суроо бердирткен маалымат жыйыны жыл аягына чейин өткөрүлөт болуш керек. А бул тек, президенттин ар жылдагы ММК жетекчилери менен жолугуп коюу салтын аткарып койгондогу кербези деп түшүндүм.

3). Бизде албетте, Буштун Буш экенине карабай олуттуу маалымат жыйында батинке менен атып ургандай; Мексика менен АКШнын чек арасына качкындар өтө алгыс дубал курмакчы болгон Трамптын Трамп экенине карабай Американын көчөлөрүнө анын жылаңач резина-айкелин орнотуп протест кылгандай, Германиянын Ганновериндеги жарманкеге катышууга барган Путиндин астына феминист кыздар “иди на..” деген плакат менен жылаңачтанып чуркап чыккандай денгээлдеги демократиялык кадыреселикке азырынча толук жетише элекпиз, БИРОК, коомдук саясый аң-сезим бийликти такай көзөмөлдөп, сындап турган сергектикти талап кылып жатканы, бул талап токтоп калбай ар бийлик алмашкан сайын кайра күчөй берээри жакшы жышаан. Кыргыз элинин канындагы эркин дем, эркин дух менен буюрса, демократиялык звоногубуз акыры Кудайга жетип, кыбыра-аап олтуруп, качандыр бир кезде гүлдөгөн Кыргызстанды кураарыбызга үмүт зор!..

Ба Са: Мен буюрса, берилбей калган суроолорумду топтоп/камдап президенттин журналисттер үчүн өткөрүлчү чоң жыйынында берем деп турам…

Ernis Kyiaz.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс