Понедельник , 9-Декабрь 2019
Башкы бет / Досье / Ирандыктарга гана таандык 10 өзгөчөлүк

Ирандыктарга гана таандык 10 өзгөчөлүк

Ар бир өлкөнүн маданиятын жакшылап билүү үчүн, ал калктын негизги үрп-адатын, каада салтын билүү абзел.

Иран эли да өздөрүнүн күнүмдүк жашоосунда ар дайым автоматтуу түрдө колдонуп келген бир кыйла адаттары бар.  Төмөндө бир гана ирандыктарга таандык 10 өзгөчөлүктү сиздерге сунуштайбыз.

Адырашмандын уругун түтөтүү

 

                                                                                                   Адырашмандын (эспанд) түтүнү

Ирандыктар адамга көз тийди дегенга абдан ишенишет. Ал эми, көз тийип же  бөөдө жаман көздөн сактануу үчүн же болбосо адам өзүн жаман сезип көз тийип калды го деп шектенсе чокко адырашмандын(эспанд)уругун салып, чоктогу уруктар жарылып, түтөп баштаганга чейин күтүшөт. Адырашман түтөп баштаган соң, жаман көздөн сактай турган адамдын башына айлантуу зарыл. Ирандыктар адырашмандын түтүнү антибактериалдуу таасири бар экенине ишенишет, андыктан кимдир бирөөнүн же кошуналардын адырашман түтөтүп атканын көрсөңүз анчейин деле таң кала бербеңиздер.

Бешкан

Эгерде сиз ирандыктардын үйлөнүү тойунда же кандайдыр бир майрамдарына барган болсоңуз бармактын жардамы менен кырсылдатып үн чыгаруу сыяктуу өзгөчө манерасын көрсөңүздөр керек. Ирандыктарда мындай бармак кырсылдатуу “Бешкан” деп аталат. Албетте сиз жөнөкөй ыкма колдонуп, колуңуздун бармагы менен ортону аркылуу тырсылдаган үн чыгарышыңыз мүмкүн, бирок бул анчейин деле кызык эмес жана тегеректеги элге да жеткиликтүү  угулбайт, андыктан ирандыктар эки колдун манжаларын бири бирине тийиштирип үч чыгарышат. Ал үчүн эки колдун алаканын бири бирине тийиштирип, ортон менен сөөмөйдүн жардамы менен  тырсылдаган үн чыгарышат. Андан чыккан үн абдан уккулуктуу жана катуу чыгат.

                                                                                            “Бешкан” үнүн чыгаруу ыкмасы

“Жок” деп айтуунун өзгөчө түрү

Ирандыктарды сөз менен “жок” деп айттыруу өтө эле кыйын. Алар кашын өйдө карай серпип койуу менен “жок” деп айткан маанини беришет. Ирандыктар, көбүнчөсү “жок” деп айтууларын каштарын өйдө карай серпүү менен катар таңдайларын так эттирген үндүн коштоосу жана ээгин өйдө көтөрүү менен билдиришет. Мындай жок деп айтуу, өзгөчөадам бир нерсе менен алек болуп атканда өтө ыңгайлуу.

Мөмө-жемиш салынган табактагы бадыраң

                                                                                Ирандыктарда бадыраң – булмөмө жемиштерге кирет

Иранда айыл чарба азык-түлүк жемиштери негизги азык катары колдонулаарын базарлардагы азык-түлүк жемиштердин көптүгү жана  ар-түрдүүлүгү айтып турат. Алар бир күндө көптөгөн жемиштерди жешет жана үйгө келген котокторго мөмө жемиштерди чайдын алдында же тамак жегенден кийин сунушташат. Негизинен салттуу түрдө бадыраң мөмө жемиштердин катарын толуктабаса да, ирандыктардын дасторконунда алмурут, алма, шабдалы, өрүк, алча чие сыяктуу мөмө жемиштердин арасынан  бадыраңды көрө аласыздар. Андыктан дасторкон үстүнө туз коюлганын көрүп таң калып кажети жок, анткени туз бадыраңга өзгөчө даам берет эмеспи. Бирок, техникалык жактан бадыраң мөмө-жемиш деп эсептелет, андыктан ирандыктардын бадыраңды мөмө жемиш катары колдонгону туура деп эсептелет.

Сур

                                                                                      Күрүчтүн унунан жасалган печенье

Таң эрте жумушка келип, стол үстүндө таттуу ширин салынган кутучаны көрүшүңүз мүмкүн. Анткени ирандыктар үчүн достор жана коллегалар менен чогуу-чарай отуруп тааттуу-ширин, десерт жеш үчүн атайы шылтоонун кереги жок. Иранда кээде жөн эле жакшы маанай жаратуу үчүн кээде үй же унаа сатып алуу сыяктуу чакан көңүл ачуучу кечелерди өткөрүүдө тааттуу ширин же“сур” печеньесин тартуулоо адатка айланган. Андыктан эегерде сиз маанилүү нерсе сатып алсаңыз же жашооңузда кандайдыр бир жакшылык болсо, ирандыктар сиздин кубанычыңызды бөлүшүү максатында “сур”печеньесин алдыртмайынча жаныңызды койбойт. Ирандыктар бир биринин жакшылыгн бөлүшүп, чогуу чарай майрамдоого ар дайым даяр.

Өз балдарын “ата”, “апа” деп чакырган ата энелер

                                                                                                       Ирандык үй-бүлө

Бала бакыра өз ата энесин ата жана апа деп чакыруу көнүмүш иш, ал эми тескерисинче ата эне өз балдарын “ата”, “апа” деп чакырганы  бир кыйла таң калаарлык. Ал эми Иранда мындай адат өзгөчө саламдашууда, бир бирине кайрылууда кеңири колдонулат.  Балдардын апасы өз балдарына “маман жан” десе, атасы балдарына “баба жан” деп кайрылат. Мындай эркелетип кайрылуу өз балдарына эле эмес, байке эжелерге да колдонулат.

Акча алуудан баш тартуу

                                                                                                                      Иран базары

Иранда “Мунун баасы канча турат?” деген суроого ирандыктар автоматтуу түрдө “ghabel nadare” деп жооп беришет, анын мааниси “төлөөнүн кереги жок” же “бекер эле” болуп саналат. Биз жашап жаткан дүйнөдө адам өзүнүн кызматы үчүн  төлөм кабыл алуу адаттагыдай көрүнүш болуп эсептелет, бирок ирандыктар буюмдун же кызматтын баасын сураар замат баланча болот деп жооп берүү одоно деп эсептешет. Андыктан, бир нерсенин баасын айтаарда бир аз жымсалдап убакытты созуктуруп “жөн эле коюңуз” деп жооп беришет. Ал эми акысын алууну көздөгөн ирандыктар “габел надаре” деп айтып, андан соң буюмдун же кызматтын акысын айтышат. Бул адат жергиликтүү калктын кыжырын кайнатып, туристтерди көптөгөн жаңылыштарга алып келсе да,  калк арасында кеңири колдонулуп келет.

 

“Баа” суроо

                                                                                                                  Стамбул

Ирандыктар бирөөдөн акча албоого аракет кылышат, бирок кимдир бирөөдөн “Сиздин айлык акыңыз кача?”, “Жашаган жериңиздин ижара акысы канча?” же болбосо “Бул өзгөчө баштыкка канча акча сарптадыңыз?” деген суроолорду көп беришет. Ал эми ирандыкитардын арасындагы эң көп берилген суроо Стамбул болуп эсептелет да көбүнчөсү “Стамбулга болгон саякатка канча акча сарптадыңыз?”  деп сурашат.

Алдын ала майрамдоо

                                                            Ирандыктар туулган күнгө чейин эле ага арналган майрамды өткөрө алышат

Туулган күнгө арналган  күтүлбөгөн  белектер, көңүл ачуучу кечелер чындыгында абдан жагымдуу күтүүсүз окуя эмеспи, андыктан ирандыктар өзүнүн туулган күнүнө бин нече күн калганда деле алдын ала белгилей беришет. Анткени Иранда юбилейлерди же туулган күндөрдү алдын ала майрамдаган салтка айланган. Бул, эртерээк чоңойгусу келген тестийер балдар үчүн өзгөчө жагымдуу болгону менен бара бара жылдардын өтүшү менен ага болгон кызык да тарайт.

Жанындагы адамга артын салбоо

Кандай гана кырдаал болбосун эч качан адамдарга артыңарды салып отурбагыла. Эгерде кырдаалартын салып отурбоого эч кандай мүмкүн эмес болсо, сөзсүз түрдө алгач кечирим сурап андан соң отуруңуздар. Кандай гана маанилүү адам болбосун бирөөгө артын салып орураардын алдында андан кечирим сурайт. Ал эми артында отурган адам, “Эч нерсе эмес, Гүлдүн алды арты жок” деп жооп берет.  Ал эми артын салып отуруп аткан адам “Булбул гүлдүн артына отурат” деп жооп бериши керек. Жалпысынан айтканда алдыда отурган адам “гүл” ал эми артта отурган адам “булбул” катары эсептелет да, баары тең ыраазы болушат. Булардын баары “таароф” деп аталган бири бирине урмат-сый көрсөтүү, бири бирин мактоо адаттары болуп эсептелет.

http://iransegodnya.ru/post/view/2595

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс