Понедельник , 9-Декабрь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Урматтуу, Президент!

Урматтуу, Президент!

Сиздин басма сөз кызматыңыз жакында өтө турган басма сөз жыйынга көз карандысыз элдик журналист катары мени чакырбашын алдын ала билип, сизге суроону фейсбуктан эле узатууну чечтим. Менин эки эле суроом бар. Калган ыңгайсыз суроолорду жыйынга тандалып чакырылган кесиптештерим берээр деген үмүттөмүн.
1. Күн сайын бөбөк наристелер (баланын жашы канча болсо дагы алар чоң адам үчүн наристелер) сабалды, зордукталды деп жаңылыктардан окуп,угуп,көрүп жатабыз. Үрөй учурган окуяларды окуп алып мен мамлекет жетекчилиги өлкөбүздүн келечеги болгон балдарыбызды ур-тепки, зөөкүрлүктөн коргоп калат деген үмүттө элем. Тилекке каршы андай болбоду. Сабалып зордукталган бөбөктөрүбүздү коргоп, балдардын укугунун сакчысында турган атайын кызматты (уполномоченный по правам ребенка) түзгөндүн ордуна бизнес-омбудсмен пайда болду. Бул маңкурттук кадамды кантип түшүнсө болот? Демек, Кыргызстанда бизнес ур-тепкиге алынып,зордукталып жаткан экен да? Кайсы миллионер бизнесмен өнүгө албай жатыптыр? Байкуш бизнесмендердин укугу корголбогонунан өлкөбүз өнүкпөй жаткан тура. Ушул суроого жооп бериңизчи.


2. Учурда коом мектепке акча беребиз жана бербейбиз деп экиге бөлүнүп жаатташып жатканынан кабарыңыз барбы? Ата-энелерди экиге бөлүп тытыштырып коюп унчукпай карап турган мамлекеттин мамлекеттүүлүгү кайда? Буга чейинки президенттердин катасы ошо мектептердин чечилбеген маселесин коомго оодара салганында. Эми, сиз президент болуп турганда экиге бөлүнгөн элди жараштырып, мектеп көйгөйүн мамлекет өзү чече алат деп, чечкиндүү кадамдарга бара аласызбы? Мамлекетке жана элге пайда алып келе албаган, бийликке гана керектүү мыйзамдарды кабыл алган чөнтөк парламенттин депутаттарына жыл сайын миллиарддаган акча сарпталат экен. Мындай оома, саткын парламенттин элге кереги жок. Ал эми балдар биздин келечек. Депутаттарга бөлүнгөн миллиарддарды балдарыбыздын билимине жумшасак кантет? Газпромдун мектебине окшогон заманбап мектептерди куруу бул Кыргызстан үчүн чоң кыял. Көпчүлүк айылдарда мектептин жоктугунан балдар бир нече чакырым жөө басып барып билим алганын билсеңиз керек. Мектеп болгон күндө да абалы начар, көп жыл бою ремонт жүргүзүлбөгөн мисалдар толтура. Эгерде мамлекеттин бюджетинде каражат жетишпесе, анда көчмөндөр оюну сыяктуу жосунсуз ысырапкерчиликти токтотуп, ага кеткен миллиарддарга заманбап мектептерди куруп, мугалимдердин айлыгын көбөйтүүгө болбойбу? Убагында мектеп куруп билимге көңүл бурбаган мамлекет түрмө курат деген накыл кепке кандай карайсыз?
P.S. Ушул эки эле суроомо мен ынана турган жооп алсам, анда өз милдетимди аткарып, элдин үнүн бийликке жеткирген болот элем.
Президенттин басма сөз кызматына катым жетиш үчүн бөлүшүп коюңуз. Рахмат!

Altysha Lv
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс