Понедельник , 9-Декабрь 2019
Башкы бет / Аналитика / Бийлик элдин пикири менен эсептешпей калса, ал бийлик Кудайын тааныбай каларына…

Бийлик элдин пикири менен эсептешпей калса, ал бийлик Кудайын тааныбай каларына…

Кытайдагы экономикалык секириктин тарыхы тууралуу фильмдерди көрүп чыктым. Бийлик өз элинен коркпосо, элдин пикири менен эсептешпесе, ал бийлик кудайын тааныбай каларына чындап ынандым.

Мисалы кытайда “почти” пайгамбар деп саналган, маданий реформанын атасы делген Мау Цзе Дун деген падышанын кылмыштарынын алдында СССРдин Сталини аппак болуп калгыдай. Көрсө Мау Цзе Дун репрессия дегенди ийине жеткириптир. План деген милдеттин кесепетинен миллиондогон эл 1958-жылдан 1962-жылга чейин төрт жыл катары менен ачарчылыкта жашаптыр. Ошол ачарчылыкта кеминде 30 миллион адам ачкадан өлүптүр.

Бир эскерүү картинаны абдан даана ачып берет: Бир аял ачкадан өлүп баратып, кызына карап, “менде кесип алар эт деле калбады. Мен өлгөндөн кийин жүрөгүмдү алып же” – дептир.

Дагы бир мисал: башкарма сулуу аялды чакырып, чечин деп буйруптур. Ал чечинсе, “эмне үчүн эмчегиң кичинекей?” -деп сураптыр. “Ачкалыктын арыктап, эмчегим тартылып кетти” -деп жооп бериптир тигил аял.

Бечара Сталин согушта 20 миллион адамды кырдырып жиберди дейт экенбиз. А бул кытай башчысы согушу жок эле завод курам деп, элин 4 жыл кууратыптыр.

Арасында репрессиясы да бар. Тарыхчылары азыр ошол ачарчылыкта 30 эмес, 50 миллион адам өлгөн деп талашат экен. Эми салыштырып көрсөңүз азыркы Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстандын бүт калкын кошсоңуз да ошол бир адамдын айынан 4 жылда кырылган адамдын санына жетпейт экен.

Металлургиялык заводду колдо курабыз деп, ылайга кошконго бүт аялдардын чачын кырктырып алыптыр. Эгинди чымчык жеп атат деп, таранчыларга согуш ачыптыр. Кызык. Чымчык кырылып, эгиндерин чегиртке каптаптыр.

Ушундан улам бийликке сын дары болоруна чындап ынандым. Сын болбосо келесоо болуп калыш эч кеп эмес окшойт.

Кыскасы ушундай туугандар. Сын жебеген бийлик эсине келгенче көп эксперимент жасап, кыйла адамды кырып салышы эч кеп эмес экен.

Мамлекеттик машина деген ушундай иштейт тура?..

Ыдырыс Исаков.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс