Четверг , 5-Декабрь 2019
Башкы бет / Досье / ИТТЕН ҮЛГҮ АЛГЫЛА

ИТТЕН ҮЛГҮ АЛГЫЛА

Рак менен ооруган итин көтөрүп ветеринардык дарыгерге атасы баш болгон үй бүлө мүчөлөрүнүн баары келди. Баары эле итти жакшы көрчү, өзгөчө кичинекей баласы өз досунун абалына абдан кайгырып жатты. Дарыгер бир сыйра карап чыгып, иттин абалы оор экендигин, эгер уруксат беришсе эвтаназия(дары сайып жашоосун токтотуу) аркылуу абалын жеңилдетүүнү сунуштады. Ит менен коштошуп жатканда кичинекей бала ыйлабай, өзүн бекем кармап, акырын жан берип жаткан итин улам сылап жатты. Дарыгер бул жаш бала демек эч бир ызы-чуусуз эле итинин өлүп жаткандыгын түшүнүп жатат го деп ойлонуп, бир жагынан таң калды.Бир нече мүнөттөн кийин ит байкуш кайра турбас түбөлүктүү уйкуга кирди.

Үй бүлө мүчөлөрү кайгысын тең бөлүшүп, бири-бирин сооротуп , иттер эмнеге мынча кыска жашашат деп сүйлөнүп жатышты. Чоңдорду угуп турган кичинекей бала укмуштуудай жооп берди: “ Мен билем эмнеге кыска жашаганын. Биз бул дүйнөгө жакшы жашоону, башкаларды сүйүүнү,жакшы адам болууну үйрөнүшүбүз үчүн келебиз. Ал эми иттер тубаса эле мунун баарын билип келет го. Ошондуктан бул дүйнөдө көпкө кармалбайт…”. Жаш баланын сөзү көп жылдык тажрыйбасы бар дарыгерди да таң калтырды. Керек болсо жашоого болгон көз карашын өзгөрттү.
Иттерден алчу сабак көп экен:
1.Жакшы көргөн адамдарыбызды үйгө келгенде ар дайым жаркыраган маанай менен тосуп алуу.
2.Кандай гана аба-ырайы болбосун, көчөгө чыгып сейилдеп келүүдөн баш тартпоо.
3.Күн сайын чуркап, секирип туруу.
4.Ар дайым мээримдүү болуп, башкаларды эркелетип, ошол эле убакта эркелөөнү да унутпоо.
5. Үрүп коюу жетиштүү болгон жерде, тиштештин кажети жок.
6. Маанай жок болсо, башкалардын да маанайын түшүрбөстөн, жөн гана унчукпай отуруу.
Которгон: Нуриет Абдулазиз (Nuriet Abdulaziz)

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс