Понедельник , 9-Декабрь 2019

ТАЗА НАН

Доктурлар ак нан жебей кара нан жесең тоодой балээден арыласың деген дүжүр сунушун мага да айтышты. Дүкөндөрдө кара нандын түрү көп. Кымбаты бар, арзаны бар. Кесиптик ит адатым кармап, тереңирээк териштирсем, кара нан деген азыр табиятта жок экен. Кара деп сатылып жаткандын баары ак буудайдын эле кара боёк менен боёлгон наны болуп чыкты. Кыскасы, дары деп тандаганыбыз уу экен.
Дагы тереңирээк иликтеп көрсөк, балээнин баары нандын агында же карасында эмес, анын кайсынысынын болбосун дрож менен ачытылганында экени айкын болду. Бүтүндөй нан чыгаруу өнөр жайы, ал турсун нанды өзү жаап жеген элеттик аялдын баары мына ушул дрождо олтурушат азыр.
Толгон адистер, анын ичинде ондогон дарыгерлер менен сүйлөштүм. Он саатта ачычу камырды бир саатта ачыткан дрождун өзү эмнеден жасалат? Мынчалык тездикти табиятта кайсы биологиялык процесс камсыз кылышы мүмкүн? Көрсө адамдын же малдын өлүгүнүн чирүү стадиясында гана ушундай тездик болушу мүмкүн экен. Өлүктүн чириндисинен өстүрүлүп жасалган дрож адамдын денесиндеги пайдалуу бактериялардын баарын шал кылып, жалаң буза турган бактерияларды өөрчүтөт, бүгүнкү оору-сыркоонун баары ушундан деп, өнүккөн өлкөлөрдүн баары бул балээден, айрыкча кытайлык дрождордон караманча баш тартып жатат азыр.
А бизчи? Биз бул тууралуу ойлоно да элекпиз. Адистер айтканды угаар түрүбүз жок. Акча жасагычтар эмне сунуш кылса да ылгабай жеп келатабыз.
Ошентсе да көзү ачылгандар деле жок эмес. Бишкекте көчөдөн тамак жебеген өзгөчө такыба мусулмандардын бир чакан жамааты бар. Дрождун арамын небак билип, өздөрү үчүн кадимки камыр турушка нан жапкан тандыр уюштуруп алышкан. Баары нанды ошондон алат. “Айыл азыгы” дүкөнү ошолордун желкесине олтурдук, ал турсун дүкөнүбүзгө жакын жерге көчүрүп келип алдык бизге да нан жаап бергиле деп. Кубанып макул болушту. Бирок мусулманчылыкка такыба, ишине чебер болгону менен бул наабайчылар бизнеске жогураак экен. Өлүм-житим же башка көр тирлиги чыкса нан жаппай коюшат. Аларды алмаштыраар киши жок. Камыр турушка нан жасоо эки эседен көп эмгекти талап кылган чоң түйшүк экен. Наабайчы аттуунун баары жаа бою качат.
Булар болсо болоор-болбос акчасына кайыл болуп, адал иштин берекесине, анан да бул иштин чоң келечеги бар деген менин убадама ишенип, иштеп келатышат.
Бирок нандын берекесинин азырынча жыты да сезилбейт. Болоор-болбос сандагы нан өтөт. Алыстан болсо да издеп келип нан алып жаткан 20-30 киши менен маселе чечилчүдөй эмес.
Адал, арамды түшүнгөн, таза нандын келечегин көрө билген бир бизнесмен чыгып, ушул жигиттердин такыбалыгы менен адистигин пайдаланып, кол эмгегин жеңилдетип, туруктуу жана заманбап өндүрүш уюштуруп кетсе дегенде эки көзүбүз төрт.
Бүгүн ачылбаган көздөр эртең ачылаар. Өзүбүз эми болоорубуз болуптур, жок дегенде балдарыбызга адал нан жегизели, таза тамак жебегенге ыйман уялабайт дегендер чыгаар. Ошентсе да бир жарым миллион кишилик шаарда жалгыз дүкөн жалгыз тандырдын жарым күн жапкан нанын араң сатып жатса, таза тамак деги эле бизге керекпи деген да ойго келесиң…
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс