Понедельник , 9-Декабрь 2019
Башкы бет / Дүйнө / Дүйнөлүк атак-даңкка ээ болгон Иран даанышмандары

Дүйнөлүк атак-даңкка ээ болгон Иран даанышмандары

Тээ байыркы Авиценадан баштап ирандын илимий көз караштары, ой-толгоо, ачылыштары алдыңкы орунду ээлеп келет. Анткени гениалдуу даанышман, акылмандар дүйнөлүк илимдин өсүп өнүгүүсүнө, бышып жетилишине алып келет эмеспи. Авиценнанын да офтальмологиядан тарта жугуштуу ооруларга чейинки жасаган илимий ачылыштары дүйнөлүк атак даңк алып келген, андыктан иран элинин каны жанына сиңип калган даанышмандык, укум тукумдан урпактарга берилип, ирандан чыккан көптөгөн даанышмандар бүгүнкү күндө да  дүйнөнү дүңгүрөтүп келет. Андыктан так ошол биздин доордо, биздин арабызда күжүрмөн эмгек, маңдай тер менен илимге зор салым кошуп, атак даңкка ээ болго ирандан чыккан даанышмандар жөнүндө сөз болмокчу.

  Мажит Самии

Дүйнөлүк атак даңкка ээ болгон нейрохирург, мээнин активдүүлүгүн изилдеген даанышман Мажид Самии – Иран жергесинде жарык дүйнөгө келген. Ал медицина тармагында эмгектенген дарыгерлердин үй бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Мажид Самии кичине кезинде анын  ата энеси Решт шаарынан борбор калаа Тегеран шаарына көчүп барып, отурукташып калышкан. Ал эми өзүнүн тырышчаактыгы, өжөрлүгү жана илимге болгон кызыгуусу менен Самии Германиядагы жаңы курулган нейрохирургия лабораториясында билим алган жана бүгүнкү күндө ал абдан белгилүү даанышман катары дүйнө жүзүндөгү ар кыл улуттардагы көптөгөн студенттерди окутуп, билим берип келет. Ал 500 дөн ашык илимий макалаларды жазган жана башка дарыгерлер жасай албай турган жүздөгөн абдан оор опперацияларды жасаган өтө таланттуу жана билимдүү дарыгер.

                                             Маджид СамииТегеран шаарында неврология боюнча өткөн симпозиум.

Самиинин дарыгерлик практикасы Германиядагы жумушу менен эле чектелип калбайт, анткени ал1998-жылы  Германияда Неврология боюнча эл аралык институт ачкан жанакөптөгөн жылдар бою ошондой борборлорду Кытайда жана албетте Иранда ачканга далалат кылган.

 Омид Фарохзад

Дүйнөлүк медицинада абдан зарыл маселелерди чечүүдө Гарвард медициналык окуу жайдын  профессору, профессор Омид Фарохзад абдан көп салып кошкон деп айтсак жаңылышпайбыз. Бүгүнкү күндө, этникалык ирандык даанышман, профессор белгилүү данышман Роберт Лангер  менен бирге Массачусеттик техникалык институтта онкологиялык илдеттерге каршы вакцина даярдоо тармагында эмгектенип келет. Анын эң алгачкы ийгиликтери 2013-жылы жогоруда аталган эки даанышмандын онкологиялык илдеттерге каршы наномейкиндиктерди заманбап технологияда колдонуу боюнча RUSNANOPRIZE (Нанотехнология тармагындагы атайы адистештирилген эл аралык сыйлык) сыйлыгына ээ болуудан башталган. Фарохзад менен Лангердин иштеп тапкан ыкмасыныннегизи адамдын организмине кандайдыр бир коркунуч менен зыян алып келген химиятерапиядан айырмаланып дене бойдогу рак клеткаларын так таап, ошол гана жерге колдонулат.

                                           Доктор Фарохзад (ортосунда) Гарварддагы лабораторияда өзүнүн студенттери менен бирге.

Фируз Надери

Шираз шаарында жарык дүйнөгө келген иран окумуштуусу Фируз Надери 30 жылдан ашуун НАСАда (аэронавтика жана космикалык мейкиндикти изилдөөчу улуттук башкармалыгы) эмгектенген. Ал 1964-жылы Ирандан Америкага барып, космикалык тармакты изилдөө илимий иштерин баштаган. Ал өзүнүн илимий эмгек жолунда НАСАнын космосту изилдөө боюнча куратору болуп дайындалган жана Күн системасынизилдөө боюнча иштерди жетектеп эки өлкөнүн карым-катнашын жакшыртууга ар тараптан салым кошкон.

                                                                                                                      Фируз Надери

  Ануше Ансари

Илимий күчтүн тартылуусу этникалык ирандыктардын аялзаттарына да таандык экени ырас. Ирандагы Мешхед шаарында жарык дүйнөгө келген Ануше Ансари өзүнүн бала чагын Ирандын борбор шаары Тегеранда өткөргөн жана 1984-жылы Америка Кошмо Штаттарына кетүүнү бел байлаган. Ошентип ал АКШдагы Джордж Мейсон менен Джордж Вашингтон университтеттерин ийгиликтүү аяктап, информатика жана электроника тармагында бакалавр, магистратура макамдарына ээ болгон.

                                                                                                                                  Ануше Ансари эл аралык космикалык станциясында

Ансари бүгүнкү күндө бир гана дүйнө жүзүнө белгилүү даанышман эмес, дүйнө жүзүндөгү эң биринчи космостук турист аял жана да ачык космосто болгон эң биринчи мусулман ирандык айым дагы болуп эсептелинет. Ансари космостук учууга даярданын аткан учурда өзү билген фарсы, англис жана француз тилдерине кошуп орус тилин да үйрөнгөн.

Марьям Мирзахани

Көптөгөн ирандыктардын жан дили менен умтулуп көздөгөн максаты бир гана космосто биринчи болуу эмес, илимде да алдыңкы катарда болуу болуп эсептелет. Чындыгында биз сөз кыла турган айым үчүн кандай гана эсеп болбосун – абдан жеңил. 1977-жылы Тегеран шаарында жарык дүйнөгө келген Марьям Мирзахани өзүнүн али жаш курагына карабай 1990-жылдары эле математика тармагында эл аралык деңгээлдеги  эки алтын медалдын ээси болгон: алардын бири Гонконг шаарындагы 42 упайдан 41 упай алгандыгы үчүн болсо, экинчиси андан бир жыл өткөн соң Канадада эң жогорку упай алгандыгы үчүн ыйгарылган. Ошентип Ирандагы Шариф атындагы техникалык университеттин аты тез эле Гарвард, андан кийн Стэндфорд атын алган.

                                                                                                                                Марьям Мирзахани

Професстор Мирзахани өзүнүн математика тармагындагы абдан мыкты ачылыштары үчүн “Математикалык Нобель сыйлыгына тең болгон “Фильдс” сыйлыгына ээ болгон  эң биринчи ирандык айым. Бирок, тилекке каршы, дүйнөнү дүнгүрөткөн  гениалдуу математик, Марьям Мирзахани рак илдетинен улам 2017-жылы дүйнөдөн кайткан.

Алиреза Машаги Табари

Нидерландиядагы Лейден университетинде “Жылдын эң алгачкы ачылышы” сыйлыгы ирандык профессор Алиреза Машаги Табариге ыйгарылган. Профессор Табари Тегеран медициналык университетин ийгиликтүү аяктаган жана бүгүнкү күндө Нидерланддар аймагында жана АКШда Альцгеймер сыяктуу айыккыс же болбосо өтө оор илдеттер тууралуу көптөгөн ири изилдөөлөрдү жүргүзүп келет.

                                                           Табари “Жылдын эң алгачкы ачылышы”  сыйлыгын тапшыруу аземинде.

Табаринин эмкектери биоинженерия боюнча бир нече илимий тармак менен коштолгон. Ал илимий иштерди жүргүзүп, аларды ишке ашыруу менен бирге, өзүнүн негизги максатын да унутпайт. Табари өзүнүн студенттерине мүмкүн болсо эки адистикти окуусун сунуштап келет.

Али Жавеи

Дүйнө жүзүндөгү эң кичинекей транзисторду куруу менен  дүйнөлүк илимге дагы бир чоң жаңылык алып келген ирандык Али Жавеи болду. Беркли шаарындагы Лоуренс улуттук лабораториясынын  метериалтаануу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген Али Жавеи метериалтаануу боюнча нанопроект изилдеген топту өз көзөмөлүнө алып, абдан маанилүү илимий изилдөө ишин ийгиликтүү ишке ашырган жана ал изилдөөнүн негизинде келип чыккан аспаптын жапкычынын көлөмү болгону 1 нанометрди түзгөн, ал эми салыштырсак адам баласынын бир тал чачынын жоондугу 80 ден 100 нанометрге чейин жетет.

                                                                                                                                 Али Джавеи

Жавеинин илимий ачылышы электроника тармагынын өнүгүшүнө көптөн көп перспективаларды алып келет. Анын микроскопикалык көлөмдөрү абдан кичинекей болгондуктан чектелген аянттарга көптөгөн транзисторлорду батырса болоорун далилдейт.

Надер Энгета

Надер Энгета дүйнөлүк нанотехнологиянын өнүгүшүнө чоң салым кошкон дагы бир ирандан чыккан америкалык окумуштуу. Ал 2006-жылы Scientific American журналына жарыяланган илим жана техника тармагындагы дүйнөлүк деңгээлде таанылган 50 адистин катарына кирген. Энгета электротехника тармагында алган билимин Тегеран университетинде окуп жүргөн убакта эле баштаган жана кийинчерээк Калифорния технологиялык институтунда магистратурасын уланткан.

                                                                                                                                Надер Энгета

Бүгүнкү күндө бул гениалдуу акылман дүйнөлүк денгээлде таанылып, оптика жана фотоника, метаматериал менен нанометрдик схема боюнча көптөгөн эң жогорку сыйлыктарга ээ болгон жана жети эл аралык илимий техникалык коомдордо мүчө болуп шайланган.

http://iransegodnya.ru

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс