Четверг , 5-Декабрь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Кудаймын дегенди кой дегенге кандай акыбыз бар?

Кудаймын дегенди кой дегенге кандай акыбыз бар?

Менимче “Коррупцияга каршы күрөшүп жатабыз” деген сөз менен “Мен кудаймын” дегендин эч кандай айырмасы жок. Коррупцияга каршы күрөш Акаевдин тушунда башталган. А коррупция мына ошол Акаевден баштап гүлдөп келатат. Ошол коррупцияга каршы күрөшкөндөр Бишкектин Ата-Түрк паркын ээлеп алганын кечээ kloop.kg жакшылап жазып чыкты. Ошондуктан “Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүп жатабыз” деген сөз менен “мен кудаймын” деген сөздүн эч айырмасы жок. Экөө бирдей. Экөөнө тең ишенбей эле койгула.

“Мен кудаймын” деген сөз менен “Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүп жатабыз” деген сөз да синоним. Кечээ ИИМ кылмыштуулук көзөмөлдө деп маалымат таратыптыр. Ага удаа эле дагы бир акчалуу ишкер жоголгонун уктук. Кылмыштуулук көзөмөлдө – Мен кудаймын.

Уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш болсо Коля, Женго, Водолаз, Карышкыр, Жырткыч, ж.б. дегендер элге идеал болот беле? Алар той өткөрсө бүт чиновник ошолорго конверт көтөрүп барат беле? Ошондуктан Кыргыз бийлигинин “Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшү бул – МЕН КУДАЙМЫН деген сөз менен бирдей турат. Кимде ким бул сөздөргө ишенсе чоң күнөө болот!

Башыма дрон түшүп кетти – Мен Кудаймын.
Өзүмдү өзүм атып алдым – Мен кудаймын.
Менден акча сурады – Мен кудаймын.

Кыргызстанда ар бир жаран бир жолу жер участогун акысыз алат – Мен кудаймын.
Кыргызстанда билим берүү акысыз – Мен кудаймын.
Сотко кайрыл – мен кудаймын.
Милицияга даттан – Мен кудаймын.
Депутаттын Мекен үчун кызмат кылам дегени – Мен Кудаймын. (Себеби азыркы депутат бизнесине гана кызмат кылат)
Мен патриотмун – Мен кудаймын.
Мен элитамын – Мен кудаймын.
Каржы полициясы – Мен кудаймын.
Эсеп палатасы – Мен кудаймын.
Салык кызматы – Мен кудаймын.
Башыма дрон түшүп кетти -Мен Кудаймын.

Кыскасы ушундай туугандар. Мен кудаймын дегенге жалган деп ачууланып атабыз! Мен кудаймын дегенден башка да ЧОҢ ЖАЛГАНДАР бар! Мен Кудаймын деген жалгандын зыяны менен башка жалгандардын зыянын салыштырып көрөлү да.

Ыдырыс Исаков.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс