Суббота , 29-Февраль 2020
Башкы бет / Аналитика / ГЛАДИАТОР…

ГЛАДИАТОР…

Америкалыктардын “Гладиатор” деген фильми бар. Беш Оскарды жеңип алган. Анда ченемсиз эрдик менен жеткен ич күйдүлүк баяндалат. Генерал Максимус мамлекет үчүн ченемсиз эрдиктерди жасап, элдин сүймөнчүгүнө айланса, Коммод ич күйдүлүктөн жаны түтөп, генералдын көзүн тазалоонун миң амалын издеп жанталашат…

Азыркы кезде Кыргызстанда дал ошол фильмдегидей окуя болуп жатат.

Генерал Курсан Асановдун 2010-жылы Ош коогалаңында, Баткенде чек ара чырларында, Жалал-Абад, Бишкекте ички туруксуз кырдаалдарда алдыга суурулуп чыгып, мекен үчүн көптөгөн эрдиктерди жасаганына бүтүндөй кыргыз эли күбө.
Генерал Асанов 8-августа Кой-Ташта тагдыр чечүүчү учурда өз демилгеси менен Атамбаев менен сүйлөшүүгө барып, “атып өлөм, атынып өлөм” деп жаткан Атамбаевди колго түшүүгө мажбур кылды. Операция кан төгүүсүз, трагедиясыз аяктады. Мына эң башкы жетишкендик!

Ага чейин башкалар Кой-Ташта эмне жасады эле?
7-августа УКМКанын башчысы Опумбаев жетектеген Кой-Таштагы шалаакы операция айынан “Альфанын” башчысынын орун басары Үсөн Ниязбеков окко учту. Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов оор жарадар болду. 6 “альфачы” барымтага алынып сабалды, 25 жоокер түрдүү жаракат алды. 55 курал, анын ичинде 15 автомат жоголду.

8-августа Кой-Ташта операция ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жетегинде уланды. Жунушалиев бункердеги Атамбаев менен жөндүү сүйлөшө албай, “штурм” деп калган… Штурм болгондо анын аягы эмне менен бүтөрүн бир Кудай билет эле. Ок атышууда Атамбаев окко учса, жаманаттысы Жээнбековго калмак. Досун “сатып” эле калбай, “атып өлтүрдү” деген сөз кылымдар бою жүрөт эле… Штурм учурунда Атамбаев, анын айланасындагы адамдар эле эмес, штурм жасаган жоокерлер өмүрүнө коркунуч жаралмак.

Кырдаалдын мына ушул өңүттө өнүгүшүнө жол бербеш үчүн генерал Курсан Асанов өз демилгеси менен Атамбаев менен сүйлөшүп, аны колго түшүүгө мажбур кылды. Муну менен ал мамлекетти чоң трагедиядан сактап калды. Эл генералдын эрдигин, демилгесин аябай жогору баалады.

Бирок президент аппаратындагы, өкмөттөгү жана күч структураларындагы коммоддор ич күйдүлүктөн генералга көө сүйкөп, жаманатты кылууга жандалбастап жатып калышты. “Пакетти” жармаштырышты, шоопуруна асылышты, баласы окуусуна кеткенден кийин издөө жарыялашып, качырды деп жаманатты кылууга аракет жасашты. Үй-бүлөсүн, ага-туугандарына чейин текшерип, кылтак салуунун амалын миң толгонуп издеп жатышат. Бирок тагылган айыптардын бирөөсү да негиздүү болбой, жан айлалары кетип жатат…

Кой-Таштагы мына ушул окуяны иликтеген мамлекеттик комиссия өзүнүн ишин аяктап, корутундусун чыгаруу алдында турат.

Мына ошол комиссия мүчөлөрү “тапшырма боюнча Курсан Асанов сыртта туруш керек экен, ал ичине кирип кетиптир” дегендей майда нерселерге чалынышып калбай, эң башкысы Атамбаевдин трагедиясыз колго түшүрүлүп, окуянын кан төгүүсүз окуянын аякташына кимдин салымы көп экенин эске алыш керек. Анткени эл ичинде мына ушундай сөздөр арбын. Мына Бишкекте кечээ күнү тойлордун биринде кыргыздын аксакалдарынын бири Жумагул Сааданбеков жана мурунку депутат Жылдыз Жолдошева Курсан Асановдун Кой-Таштагы жана башка жерлердеги эрдиктерин жогору баалап, мындай инсандарды барктап, сактап калууну айтканда элдин баары ордунан туруп кол чап жиберди.

ИИМдеги жана Акүйдөгү коммоддор көзүн ачып, ич күйдүлүктүн аягы эмне менен бүтөрүн билиш керек.

Aidanbek Akmatov
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс