Четверг , 5-Декабрь 2019
Башкы бет / Дүйнө / Ирандын көөнөрбөс таланттуу акыны жана сүрөтчүсү Сухраб Сепехринин өмүр баяны

Ирандын көөнөрбөс таланттуу акыны жана сүрөтчүсү Сухраб Сепехринин өмүр баяны

زندگینامه سهراب سپهری

Сухраб Сепехри Ирандан чыккан таланттуу сүрөтчү жана акын. 1928-жылы 6-октябрда Ирандын Кум шаарында жарык дүйнөгөн келген. Ал Ирандагы эң белгилүү заманбап акындардын бири, анын ырлары англис, француз, испания, италия жана башка көптөгөн тилдерге которулган.

Сухраб Сепехринин бала чагы Кашан шаарында өткөн, ал алты жашында Хайям атындагы башталгыч мектептин босогосун аттап,  билим жолуна аттанган. Анын атасы Мырза Насыралла Хан Сепехри – Кашандагы Телеграфтын эң биринчи жетекчиси болгон. Анын атасы  менен апасы Мах Жабин экөө тең маданият кишилери болушкан. Сухраб Сепехри Кашандагы Хайям башталгыч мектебин, андан соң ошол эле шаардагы Пахлави орто мектебин ийгиликтүү аяктап, 1943-жылы май айында Тегеран шаарына барып, атайы балдар үчүн арналган педагогикалык училищага тапшырат.

Бул окуу жайды  бүткөн соң педагогикалык практикасын өтөө үчүн кайрадан киндик каны тамган Кашан шаарына кайтып барат. Кашан шаарындагы Таалим-тарбия жана билим башкармалыгында иштеп жүрүп, окуусун улантып, толук жана орто билимдүү дипломдун ээси болот. 1948-жылы Тегеран универститетинин маданият жана искусство фаукльтетине тапшырып, аны 1953-жылы ийгиликтүү аяктайт.

Ошол эле жылы Тегеран шаарында өткөн бир нече “Сүрөтчүлөр көргөзмөсүнө” катышып, өзүнүн “Түштөрдүн жашоосу” аттуу экинчи ырлар жыйнагын жарыкка чыгарган.  Ал эми анын алгачкы акындык тажрыйбасы, алгачкы ырлар жыйнагы 1947-жылы “Чабындынын жанында же сүйүү күмбөзү” деген ат менен жарыкка чыккан. Ал 1954-жылдан баштап Маданият жана көркөм өнөр ишканасынын музей тармагында иштеп баштаган, аны менен бирге көркөм өнөр академиясында сабак берип эмгектенген. Ал унивеситетте окуп жүргөн кезинде эле кубизмге абдан кызыгып, “Өңдөрдүн өлүмү” (1951-ж.) жана “Түштөрдүн жашоосу” (1953-ж.) аттуу эки поэтикалык жыйнагын чыгарганга үлгүргөн. “Өңдөрдүн өлүмү” акындын кубизмдеги ташкындап оргуп чыккан  талантын көргөзсө, экинчиси сюрреалдык таттуу кыялдуу иллюстрациялары менен анын ички дүйнөсүндөгү мүнөзүн, ээн- эркин ой жүгүртүп, эки өнөрдү бири-бирине төп келиштире чагылдырганында.

Сухраб Сепехри жашоосунун биринчи жана экинчи он жылын илим, билимге, маданият, көркөм өнөргө арнаган, ал эми үчүнчү он жылды тажрыйба топтоого, төртүнчү он жылды саякатоо менен өткөзгөн жана Япония, Франция, Италия, Индия, Америка жана башка көптөгөн Чыгыш жана Батыш өлкөлөрүнө бир нече жолудан саякатка барган. Анын эң биринчи саякаты 1957-жылы Европага болгон жана ал Европага барыш үчүн Түркия, Болгария, Югославия (Австрия, Германия, Швейцария, Париж, Лондон) ж.б. өлкөлөрдү басып өтүп, Париждеги Көркөм искусство мектебинин литография бөлүмүнө ыктыярдуу угуучу катары кабыл алынган.

Ошентип, Франция жана “Париждин живопистик мектеби” менен жакындан таанышып, Чыгыш искусствосуна жана философиясына абдан кызыгып, искусстводогу бул теманы поэзияга айлантып, 1958-жылы жазылып бүтүп, 1961-жылы жарыкка чыккан “Күндүн түшүшү”, 1961-жылы чыккан “Чыгыш кайгысы” чыгармалары живопись катары да жарыяланган.  Анын саякаттарынын көбү руханий изденүү болгондуктан, өзгөчө Чыгыш Азияга болгон сапары жана Индия менен буддизм диндери анын ырларына көптөгөн таасир берген.

60-жылдары Сухраб Сепехринин акындык жана живопистик чыгармачылыгы үчүн абдан жемиштүү жылдар болгон. Ал ошол учурларда “Суунун шыңгыр үнү” (1965-ж.), “Саякатчы” (1966-ж.) жана “Жашыл көлөм” (1968-ж.) аттуу өтө маанилүү  поэтикалык чыгармаларын жараткан.

Сухраб Сепехри өзгөчө Чыгыш элинин маданиятына кызыккан жана Индия, Пакистан, Афганистан, Япония, Кытайга саякаттаган, ал Японияда бир канча убакыт жашап, жыгачты оюп жасоо өнөрүн үйрөнгөн. Андан тышкары  кээ бир байыркы тилдерде жазылган ырларга да кызыккан, андыктан байыркы кытай жана япон тилдеринде жазылган ырларды которгон.

Сухраб Сепехри окуп жүргөн маалда жана окууну аяктагандан кийин, башкача айтканда 1948-1960-жылдарда англия-иран мунай компаниясында, Саламаттыкты сактоо уюмунда сүрөтчү-долбоор түзүүчү, Маданият жана көркөм өнөр министрлигинин музей тармагында, жогорку сүрөтчүлөр академиясында декоративдүү искусство мугалими, Айыл-чарба министрлигинин маалымат тармагында жана башка көптөгөн мамлекеттик жумуштарда иштеген.   Ал 1962-жылы март айында Япониядан мекенине кайтып барып, мамлекеттик жумуштарды таштап, эркин учкан куштай өз талантын өркүндөтүп, искусство менен алектенүүнү, өзү жараткан ажайып сүрөттөрдү, чыгармалары менен ыр жыйнактары китептерин сатып, маңдай тери менен тапкан каражаттын эсебинен жашоону чечет. Ал мамлекетте уюшулган ар бир көргөзмөгө 50дөн 150гө чейин сүрөт тарткан жана анын эмгектери иран интеллигенциясы менен искусство чеберлеринин купулуна толуп, анын таланты суктануу, урмат-сыйга татып, абдан жогору бааланган. Анын эмгектери Түркия, Болгария, Югославия, Австрия, Германия, Швейцария, Франция, Англия, Италия, Гонконг, Япония, Индия, Израил, Бразилия, Пакистан, Афганистан, Испания, Голландия, АКШ, Греция, Египетте жана башка өлкөлөрдө өткөн көргөзмөлөрдө элди суктандырган.

Сухраб Сепехринин бир туугандары менен досторунун айтуусу боюнча, Сухраб өзүнүт бүт өмүрүн чыгармачылыкка, илим-билимге арнаган. Ал өзүнүн бөлмөсүндө жалгыз олтуруп, ыр жазып, жаңы сүрөттөрдү жараткан жана поэзия, философия, тарых, дин жаатындагы көптөгөн китептерди фарсы тилинде гана окуп тим болбостон, англис, француз жана өз алдынча үйрөнгөн жапон тилдеринде да  окуган.

Сухрабдын жашоосунун акыркы жылдары жөнүндө маалымат абдан аз. Ал апасы жана эжеси менен Гиш аймагында жашаган. Ал эч качан үй-бүлө курган эмес. 1979-жылы  Сухрабдын ден соолугу начарлап, Тегеран шаарындагы “Парс” оруканасына барган жана ал жактан анын рак илдетине (кандын рагы) чалдыкканы жана оорусу абдан өтүшүп кеткени аныкталган. Тилекке каршы, анын даарылануу аракетинде Англияга барганы да натыйжа берген эмес. Ошентип Сухраб өз мекенине кайтып келгенден кийин 1980-жылы 21-апрелде жарык дүйнө менен кош айтышкан. Анын сөөгү Кашандагы Машхад-е Ардахал аймагында жерге берилген. Анын күмбөзүндөгү ташка Реза Мафи аттуу белгилүү ирандык каллиграф тарабынан Сухрабдын “Көз ирмемдер оазиси” ырынан төмөнкү ыр саптары жазылган:

Мени издесең эгер сен бул тараптан

Абайлагын, астарлагын келээриңде

Жан дүйнөмдүн жалгыздыгы фарфордой

Жарылбасын, сынбасын Кудай сакта.

 

Сухраб Сепехринин 5 миллиардга арзыган сүрөтү

 Сухраб Сепехри 30дан ашык сүрөт көргөзмөсүнө катышкан жана анын эмгектери көбүн эсе табият жөнүндө болгон. Азыркы тапта да анын эмгектери дүйнө жүзүндөгү эң чоң музейлерде көргөзмөгө коюлган. Ал эми анын эң кымбат эмгеги 2018-жылы 1-октябрда  5 миллиард 100 миллион туманга (Иран акча бирдиги) бааланып, белгисиз адам тарабынан сатылып алынган.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс