Четверг , 5-Декабрь 2019
Башкы бет / Досье / Идея жана Бейшекем…

Идея жана Бейшекем…

…сыртынан чоң адамдай көрүнгөнү менен дүйнөсү баладай таза, тунук бу кишинин. Бейшекемди айтам. “Бейшенбек Асекович…” деп да коебуз орустарды туурап чакырып. Кантип чакырсак деле биздей эркелеп кеңеш сурачу, анекдот айтышчу, барып бир чыны курутун ичип, чер жаза божурашып сүйлөшүп келчү инилери үчүн “Бейшекем” болгону болгон, делгени делгени делген. Чыгармачыл киши дүкөн ачса да чыгармачылыгын кое албаптыр. Кыргыз жыттанат дүкөнү. Эски чемадан, саймачынын сайган эмгеги, а түгүл дөңгөч олтургучу -мунун баары Бейшекемдин өзүнүн эле идеясы экени көрүнүп турат. “Идея итте да бар, аны ишке ашыруу керек” деген фраза да ушу кишиники. Ысык курутун ууртап олтуруп идея тууралуу кеп кетти. Раматылык шорочу Табылды Эгембердиевди эстеп “а киши бизнеске неге кеткенин эми түшүндүм” дейт. “Бизнес а киши үчүн чыгармачылык болгон тура, улам бир идея таап, ага өзү аралашып, саясат менен иши болбой, идеядан идея кубалап, ошодон рахат алчу тура а киши..” дейт Бейшекем телмирип… Өзү негизи ушундай ажайып кишилер болот, жанында беш мүнөт отурсаң да ошо беш мүнөттүк сөзү, жасаган эткени жашооңо азык, жан дүйнөңө кубат болгонсуп жыргап олтура бергиң келет. Бейшекем так ошондой киши. Тамаша кебинде да, олуттуу сөзүндө да маани бар, мазмун бар. Коштошуп бери чыга бердим. Ыраакта карап турсам, дүкөн алдындагы жумушчусунун шыпырганына бир саамга баам салып турду да, түтпөй кеттиби өзү шыпыргыны алып көңүлүндөгүдөй шыпырып кирди. Дүкөндүн келечегине күйгөн дүкөн деректири ушундай эле болот..-дедим ичтен ыраазы боло. Кыскасы ошол… Жаш гвардия менен Прунзэнин кесилишине барып Бейшекемин нарктуу кебин угуп, анекдотуна күлүп, курутун түгөтө ичип кеткиле…😀👍
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс