Четверг , 5-Декабрь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / КР Президентине ачык кат-кайрылуу

КР Президентине ачык кат-кайрылуу

 

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Менин айланамда болуп жаткан окуяларга кийлигишип, мени жана бир туугандарымды ажалдан сактап калууңузду суранам!

3 айдан бери менин үйүмө жашыруун камералар орнотулуп, ичкен тамагыма психотроптук заттар кошулуп, өзүмдү эмне кылып жатканымды билбей калган абалда жашап жаттым.

Акыркы 1-2 жумадан бери тамак-ашыма уулантуучу заттар аралаштырылып, үйдүн желдеткичтеринен уулантуучу газ киргизилип жатат. Үйдөн качып, ашканалардан тамактансам, ал жакта иштегендерди коркутуп, заказ кылган тамактарга уу коштурганыны белгилүү болду. бул тууралуу ашканалардын жумушчулары өз ара талкуулап жаткандарына күбө болдум.

Айрым маалыматтарга караганда, бул ишти каржылап жаткан Мамлекеттик аттоо кызматынын мурдагы жетекчилеринин бири – Сарпашев. Уюштурган – атайын кызматтын башчысы Опумбаев, аткаруучулар – анын инилери, кол алдындагылары, достору жана жалдангандар.

Мен саясатчы эмесмин, болгону мамлекеттик кызматта котормочу- мамлекеттик тил адиси болуп иштеп келгем. Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчилеринин бири куугунтукка алып, жумуштан кетирүү аракетин жасаган эле. Бирок өзүнө иш козголуп, кызматтан кеткендиктен, менин кызмат ордум сакталып калган. Бул жетекчинин командасы ордунда калып, кийинки 3 жетекчи менен иштешип, чагымчылык менен интригаларды уюштуруп, жетекчилерге каршы кое берген себептен жумуштан кетүүгө аргасыз болгом.

Ал эми Кой-Таш окуясынын биринчи күнү өздөрүнө эки короодон тең жумшак орун камдап, кол учунан иштемиш болгон атайын кызматтын кишилери, ийгиликсиз операциядан кийин өздөрүнүн кызматын сактап калуу үчүн, мени мамлекеттин душманы катары көрсөтүшүп, чымынды-төө, чычканды-пил кылып чоңойтушуп, катуу күрөшүп жаткан түр көрсөтүп жатышканын, ошонусу менен камалбай келе жаткандарын жашырбай айтып эле жүрүшөт.

Бүгүнкү күнү алар мени, менин бир туугандарымды уулантып жок кылуу аракетин көрүп жатышат.

Биз ак эмгегибиз менен жашаган үй-бүлөнүн балдарыбыз. Эч кимдин таман-акы, маңдай тери жеген эмеспиз. Балким саясат тууралуу коомдо айтыла жүргөн пикирлерге кошулган учурларыбыз бардыр, бирок саясат менен алпурушкан адамдардан эмеспиз жана эч качан саясий күрөшкө катышкан эмеспиз.

Эгер бүгүн өз кызыкчылыгын көздөгөн айрым саясатчылар жана атайын кызматтын кызматкерлери жөнөкөй адамдарды жасалма жаманатты кылуу менен жок кылып, максаттарына жете берсе, эртең ушул кишилер элди алдап-адаштырып, мамлекеттик түзүлүштү кулатып, мыйзамдуу бийликке кол салып, өлкөнү кыйратууга алып келиши толук ыктымал.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Мен сизди ыймандуу инсан, көрөгөч эл башчысы катары дайыма сыйлап келгем, жана сыйлай бермекчимин.

Сизден ушул маселени көзөмөлүңүзгө алып, бейкүнөө караланып жаткан кишилерди өлүмдөн сактап калууңузду өтүнөм!?

Урматтоо менен,
Жолдошбек Жусупов.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс