Суббота , 14-Декабрь 2019
Башкы бет / Досье / Кыргызстан эл аралык “Куттуу билим” конференциясына кожоюндук кылат

Кыргызстан эл аралык “Куттуу билим” конференциясына кожоюндук кылат

Кыргыз Республикасынын Президенттигинин маалымат борборунан маалымдалгандай, президент Сооронбай Жээнбеков Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдыралини кабыл алды.

Кыргызстан эл аралык "Куттуу билим" конференциясына кожоюндук кылат

Кыргызстан, түрк ислам тарыхынын улуу акыны, илимпозу жана ойчулу Жусуп Баласагын жазган «Куттуу билим» (Кутадгу билиг) саясатнаамасынын жазылышынын 950-жылдыгынын алкагында уюштурула турган эл аралык конференцияга кожоюндук кылат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз борборунан берилген маалыматка караганда министр Азамат Жаманкуловдун Эл аралык Түрк академиясынын төрагасы проф.Дархан Кыдырали менен быйыл боло турган «Куттуу билим» саясатнаамасынын жазылышынын 950 жылдыгы» аттуу эл аралык конференцияны сүйлөштү.

Кыргыз Республикасынын Президенттигинин маалымат борборунан маалымдалгандай, президент Сооронбай Жээнбеков Түрк академиясынын президенти, профессор Дархан Кыдыралини кабыл алды. Жолугушууга Түрк академиясынын өкүлү, профессор Кадыралы Конкобаев да катышты.

Билим берүү жана илимий изилдөөлөр чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу пикир алмашуу болду.Мамлекет башчысы 2018-жылы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүүдө жана «Манас» эпосун кеңири жайылтууда көрсөткөн көмөгү үчүн Түрк академиясына ыраазычылык билдирди.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле түрк тарыхы, маданияты жана түрк тилдүү элдердин улуу инсандарына арналган эл аралык конференциялар, форумдар жана семинарларды өткөрүү боюнча Академиянын активдүү ишин белгиледи. Маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө чоң роль ойногонун баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасында үстүбүздөгү жылдын ноябрында өтө турчу Жусуп Баласагындын Куттуу Билим эмгегинин 950 жылдыгына арналган эл аралык конференция жогорку деңгээлде өтөрүнө үмүтүн билдирди.

Түрк Академиясынын Президенти Дархан Кыдырали Кыргыз Республикасынын Президенти — Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин Төрагасына Академиянын азыркы ишмердиги жана алдыга коюлган артыкчылыктуу пландар тууралуу маалымат берди.

Дархан Кыдырали Кыргызстан жана Казакстандын да элин бириктирген түрк тарыхы жана маданиятын мындан ары дагы жайылтуу максатында Кыргызстандын билим берүү жана илимий уюмдары менен кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди.

Кыргызстандын территориясында миң жыл мурда исламды кабыл алып көп убакыт өкүмдарлыгын жүргүзгөн алгачкы түрк мамлекети Караханийлер доорунда жарык дүйнөгө келген жана Кашкарда көз жумган Жусуп Баласагун, «Куттуу билим» аттуу саясатнаама жана насыйкатнаама мазмундуу чыгарманы жазган.


Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс