Вторник , 10-Декабрь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Иран элчилиги Кыргызстандагы фарсы тили мугалимдерин  куттуктады

Иран элчилиги Кыргызстандагы фарсы тили мугалимдерин  куттуктады

2019-жылы 9-октябрда  “5-октябрь Дүйнөлүк мугалимдер күнүн” белгилөө шылтоосу менен Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси менен маданий өкүлү, Кыргызстандагы фарсы тили мугалимдерин, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Эл аралык мамилелер жана Чыгыш таануу факультетинин деканын жана Бишкек шаарындагы фарсы тили окутулган үч мектептин мүдүрлөрүн Иран элчилигинде куттуктады.

Бул куттуктоодо Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Элчиси Али Можтаба Рузбехани өзүнүн куттуктоосунан соң,  Иранда өткөн революциядан кийинки билим тармагындагы Ирандын жетишкендиктери, мугалимдердин илим, билим тармагындагы ролу жана орду, маанилүүлүгү тууралы айтып өттү. Ал эми маракенин катышуучулары (Таласбек Машрапов, Нурланбек Балтабаев, Закиров мырзалар, Зулейха Сагафи, Малахат Мамедова, Каныкей Жаманкулова, Асия Исабаева жана эки мектептин мүдүрлөрү  Кыргызстанда фарсы тилин окутуу боюнча өз ой-пикирлерин, сунуштарын айтышты. Алар мугалимдер күнүн белгилөө кыргыздардын майрамы менен биринчи жолу өтүп жатышы үчүн Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигине жана Маданий өкүлчүлүгүнө университеттер менен мектептерде фарсы тилин үйрөтүүдө кошкон салымы, көмөгү үчүн ыраазычылык билдиришти.

Айта кетсек, 5-октябрь Дүйнөлүк мугалимдер күнүн белгилөө демилгеси биринчи жолу Иран тараптан көтөрүлдү, анткени мында мурда мугалимдер күнүнө арналган  иш чаралар иран жылнамасы менен 12 ордибехешт (май айынын башында) өткөрүлүп келген жана бул жылы Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Маданий өкүлчүлүгү тарабынан аталган өкүлчүлүктө өтүп, ага Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Элчиси, университеттер менен мектептердеги фарсы тили мугалимдер жана мектептердин мүдүрлөрү катышып,  алардын фарсы тилин окутуудагы эмгеги үчүн алкыш каттар, белектер берилип, ыраазычылык билдирүү менен  өткөн.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс