Вторник , 10-Декабрь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Урматтуу Мекендештер!!! Силер өзүңөр күбө болгула!!!!

Урматтуу Мекендештер!!! Силер өзүңөр күбө болгула!!!!

Ички иштер Министирлиги Интернеттен чыккан ушул материалдын негизинде иликтөө жүргүзүп, менин клиникамды текшерүүгө алды. Азыр мага ар тараптан назар салып, байкап турушат. Эмне үчүн??? Мен кийинки кездерде “мунтанттар” менен ачык кагылышууга бардым. Мен элге “мутанттар” бейтаптарды кантип дарылаарын, алардын дарылоорунун эффектүүлүгү төмөндүгүн, алардын туура эмес дарылоосу эмнеге алып барып жаткандыгын түшүндүрүп, элди алардан сак болууга чакырып жатамын. “Мутантар” дарылоосунун кесепети эмне менен бүтүп жаткандыгын фактылар менен көрсөтүп, укук органдары мени эмес, аларды көзөмөлгө алууга милдеттүу экенин дагы бир жолу эскертемин. Мен жакында “Ушул фейсбукта “KG – Кыргызстан – сообщество сотрудников Минздрава КР” 20 жашар кызды онкология туура эмес операция жасаганын, жазган история выпискасы кыздагы патологияны туура эмес чагылдырганын, илимий даражасы бар врачтар, өздөрү выписка жазганын билбегендигин көрсөтүп, кызды мындан ары кантип дарылоо керек – деген суроо койдум. Кыргызстандагы 100 миңдеген врачтардан 1 врач гана история выписканы туура эмес жазылганынга, 1 врач кыздагы патологияларды түшүнүугө аракет жасады. Калгандары менин персонама өтүп, мени кемсинтүүгө далалат жасады. Айланайын эл-журт!!! Кыргыз врачтарынын ахвалы – ушундай. Мен ошондуктан буларды илим менен билимден жок, мүнөзү кыргыз же орус эмес “киргиз”, өздөрүнүн ким экенин өздөрү түшүнбөй калган “мутант” – деп атадым.

Оо, менин Мекендеш болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлери!!! Менин “Хашим – табыб” – деген сообществому карасаңар, ал жерде врачтар кантип элдерди какшатып жаткандыгы, алардын туура эмес дарылоосунун кесепетинен бейтаптар, кантип азап тартуу менен каза болуп жаткандыгын жазгамын. Бул материалдар жетишпейт десеңер, дагы берейин, “живое доказательство” келтирейин. Эл Силерди Хашим табыбтан коргоп калгыла деп айткан жок, Силерге врачтардын “произволуну” токтотууга, бизнесин кесип салууга, дарылоосун өзгөртүү зарыл экенине муктаждыгын айтууда. Мен мамлекеттин коопсуздугуна жана стабилдүулүгүнө кооптуу кырдаал жаратканым жок, аны элдин нааразылыгы пайда кылат. Бийликти “Киргиз” же “мутанттар” алмаштырбайт, эл алмаштырат. Болгондо да кыргыз тилинде сүйлөгөн, жазган элден коркула!!! Түздөн-түз айтамын, “мутанттар” элди көтөрө албайт, адилетсиздик, паракордук, силердин араңардагы жана соттордогу жеп-жутарлык – революцияга алып келет. Силер “мутанттардын” эмес, кыргызча сүйлөгөн элдин сөзүн уккула!!!!

Хашим Абдирахманович Зайналиев.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс