Вторник , 10-Декабрь 2019
Башкы бет / Досье / Иран акыны Хафиз Ширазинин  чыгармалары жана Иран элине белгилүү болгон төлгөсү

Иран акыны Хафиз Ширазинин  чыгармалары жана Иран элине белгилүү болгон төлгөсү

Иран Ислам Республикасында жылдын 12 октябрь күнү белгилүү акын Хафизди эскерүү күнүн белгилешет, жана ага карата көптөгөн өлкөлөрдө ар кандай программалар, конференциялар, адабий кечелер жана мааракелер байма бай өтүп келет.

 Ходжа Шамс ад-Дин Мухаммад Хафиз Ширази – Иран элинин көрүнүктүү акыны, философ, суфий чебери, дүйнөлүк адабият лириктеринин бири. Анынакындык талантында негизги ролду элдик-поэтикалык чыгармачылыкойногон. Акындын чыгармачылыгы XIV кылымдагы перс адабиятындай эле салттык фольклорду чагылдырат. Анын чыгармалары философия-идеялык, суфийдик көз караштарды жана көптөгөн социалдык-маданий факторлорду өзүнө камтыйт. Орто кылымдардагы башка Чыгыш акындарындай эле,Хафиздин чыгармалары күнүмдүк жашоо-турмуштагы кыйынчылыктарды, убакыттын өтүшүн жана кандайдыр бир мезгилдеги тарыхый доорменен фольклордук салттарды өзүнө камтыган тарыхый-адабий факторлорго негизделет. Хафиз өзүнүн айлана чөйрөсүндө жашаган эл менен тыгыз байланышта болуп, алардын жашоосу, акыл-ой баалуулугу, элдик ооз эки чыгармаларын жакшы билген.

Акындын ырларынын көбүндө,келечекте Хафиз жөнүндө маанилүү фольклордук булакболо турган жеке аттар, жүйөлөр, негиздер келтирилген. Хафиздин дивандары көптөгөн адамдарга төлгө катары эң маанилүү китеп болуп саналат жана “Фале Хафез” (Хафиз боюнча төлгө ачуу) төлгөсү элдин кызыкчылыгын жараткан. Дүйнө жүзүндө жана ар улуттарда  ар кандай төлгөлөрдү ойлоп табышкан.  Ал эми Иранда Хафиздин ырлары менен төлгө ачуу эл ичинде кеңири тараган. Салтка ылайык Хафиз китебин колго алып, ниет кылып, кызыктырган суроону же маселени ойго бекем түйүп, көздү жумуп китептин туш келген бетин ачуу керек, ал эми ар бир ачылган беттин оң тарабындагы ырдын мааниси сиздин сурооңуздун  жообу деп саналат. Хафиздин дивандары менен салынган төлгө, ар бир адамды жеке таанып алардын жашоосун толугу менен билген сыяктуу туура жооптору менен адамды таң калтырат. Хафиздин дивандары менен төлгө ачуу негизинен майрам күндөрү (Нооруз, Чахар шанбе сури, Ялда, үйлөнүү той ж.б. мааракелерде) ар кандай жолдор менен аткарылат. Акындын төлгөдөгү жооптору кээде орой кээде кош көңүл болуп элдин баарын ойлонууга маажбур кылат. Бардык төлгөлөрдөй эле Хафиздин төлгөсү да аныгы акыйкаттыкты так айтпайт, бирок туура ой,кеңеш жана кандайдыр бир багытты  берет. Ал эми төлгөдөгү ар бир жооп төлгө ачкан адамдын маанайына же болбосо жагдайына жараша төп келгендиги таң калтырат. Бул төлгөлөрдүн баары Хафиздин кыраакы, билгич даанышман экенин, анын талантынын чексиз экенин, күйөрмандардын арасындагы ордун  жана маанилүүлүгүн тастыктайт.

Хафиз акын катары өзүнүн оюн төп келиштире, бири бирине кубулжута уйкаштырып  бийик акындык деңгээлде  жазган чыгармалары окурмандарды кааласа да каалабаса да ыр саптарына чөмүлтүп, суктанганга мажбур кылат. Анын ырлары жашын  да карысын, байын да кедейин да, кыскасы адамдардын бардыгынын көңүлдөрүнө куп толуп ырахат тартуулайт. Ошондуктан анын ырларынын күйөрмандары Куран, Саадинин,  Жалал ад-Дин Руминин Маснависи менен бирге Хафиздин дивандарын жашоо-турмушка ылайык бардык абалдардагы суроолорго жооп бере алган акылмандыктын булагы деп билишет. Хафиз жөнүндөгү элдик ооз эки чыгармаларда,икая жана ылакаптарда акындын жалпы Иран элинин элдик жана улуттук көз карашын чагылдырган мүнөзү байкалат. Алсак,Мулави жана Хафиз дастаны эки улуу акындын бирге болушу жөнүндө мисал боло алат. Хафиз жөнүндө элдик ооз эки чыгармаларда жана ылакаптарда акындын поэзиядагы ордун жана ролун ачык айкын көргөзүүгө умтулуп атайы образдар жана мисалдар келитирилген.

Хафиздин “Диван” китебин жаңы төрөлгөн ымыркайдын жаздыгынын алдына коюп уктатуусыяктуу элдик ишеним жөрөлгөлөр өзүнөжашыруун жана касиеттүү ыйык  маанини камтыйт. Жалпысынан Хафиздин атына байланыштуу элдик каада-салттар элдин акынга болгон  сый урматын гана тастыктап тим болбостон Иран элин дүйнө жүзүнө таанытып, дүйнө жүзүндөгү окурмандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.

Негизинен Хафиздин поэзияларындагы фольклорду 5ке бөлүшөт. 1.Улуттук мифология. 2.Диний мифология. 3.Тарыхый мифология. 4.Махабат же сүйүү мифологиясы. 5.Мифологиялык  жандар.

Ал эми Хафиздин ырларындагы аталган каармандар менен улуттук мифологияларды экиге бөлсө болот. Көбүнчө фольклорго жакындашкан этнографиялык болмуштарды туураганокуялар түзөт. Хафиздин Дивандарында Фирдоусинин Шахнамэ чыгармасындагы белгилүү каармандар тобу, жомок же мифологиялык баатырлардын аттары -Жамшид, Сийамак, Салм, Тур, Зав, Сийавуш, Бижан, Рустам, Исфандияр, Кей-Кубад, Кавус, жана башкалар айтылат.

Хафиздин ырларындагы байыркы Ирандын баатырларынын аттары, ал өзү катуу сынга алган кудурет, күч жана бой көтөрүп, кекирейгендикти символдоштурат.

Хафиздин Дивандарында Дара (Дарий), Бахрам, Парвиз ж.б. сыяктуу тарыхый реалдуу шахтардын аттары да келтирилген.Хафиздин ырларындагы өзгөчө белгилей кетчү нерсе бул көбүнчө укмуштуу баатырлардын жана чыныгы байыркы шахтардын аттарынмифтүү поэтикалык максатта колдонгон, башкача айтканда акын ал аттарды жана жосундарды чыгармаларында өзүнүн оюн чагылдыруудагы сулуулукту, бири бирине төп келишкендикти курчутуу максатында колдонгон. Хафиз Саманид доорундагы Рудаки, Дакики, Фирдоуси сыяктуу поэттердей эле Иран маданиятын улуттук мифтерге жана фольклорго ыктаган. Ошентип сөз, бардык перс классикалык суфийлик поэт – символисттерде айкын байкалган жалпы тенденциялар жөнүндө жүрүп жатат.

Акындын ырларында диний жомоктор жана мифологиялар да негизги орунду ээлейт. Пайгамбарлар менен байланышкан диний аттар жана окуялар акындын ырларында көп кездешип, символикалык маанини камтыйт. Мисалы Адам, Нух, Худ, Ибрахим, Якуб, Сулайман, Давуд, Муса, Иса, Карун сыяктуу аттар Хафиздин чыгармаларында кездешет.

Тарыхый мифология.  “Искендер”, “Искендер жана мүрөк суусу”, “Искендердин зынданы”, “Искендердин күзгүсү” (табышмактуу дүйнөнүн символу), “Афлатун”-(Платон – акылмандыктын, билимдин жана сүйүүнүн туу чокусундай ажайып сулуулуктун символу), Шейх Сан (насаатчы жана мистикалык жолдогу неофит жетекчи символу) ж.б. кирет. Башка маданияттардын элементтерин перс мифологиялык контекстине кошуу акындын мындан кийинки ыкмаларынын бири болгон.

Махабат мифологиясы.

“Лейла жана Мажнун”. Бул аңгеме ашык болгон Мажнундун аты менен байланышкан. Мажнун (кыргызча мааниси Таасир алдында) – араб романтикалык аңгемесиндеги каарман. Мажнун Лейлага болгон сүйүүнсүнүн айынан, Лейланын атасы кызын берүүдөн баш тарткан соң акылынан адашып, кызга болгон күйүт сагынычынан улам какыраган чөлдөрдө тентип, жапайы айбандар менен достошуп, элден алыс ээн талаада жок болгон. Ошентип перс поэзиясында Мажнун ашык болуп, сүйүүсүнө жетпей калган байкуштун синоними катары чагылдырылат,бирок суфийзмде Мажнун элден безип ээн талаада жалгыз жашаган адамдын жана Кудайга жакындаган суфийдин символун билдирет. Хафиз бул жөнүндө “Ааламда Мажнун болгон, – менин да кезегим келди, кайталанган тагдыр жана анын айланышы” деп айткан.

“Ширин жана Хосров” (же болбосо Фархад жана Ширин) –бул чыгармада Хосров, Парвиз жана Фархад акылдарынан ажыраганча христиан сулуусу Ширингеашык болушкан. Алардын сүйүүсү тууралуу Низами, Амир, Хосров ж. б. көптөгөн белгилүү поэмалар жазылган. Хафиз:

Мен эми көрүп турам: Жоогазын гүлүнүн ачылганы – Фархаддын Ширинге болгон сүйүүсүнүн каны эмеспи?деп жазган

“Жусуп менен Зулайка” Курандагы аңгемеге ылайык – Зулайка Жусупка ашык болгон Египеттик падышахтын жубайы.  Зулайка өзүнө Жусуптун көңүлүн бурдургусу келген бирок эч кандай майнап чыккан эмес. Ошондо Зулайка Жусупту анын намысын булгаганга аракет кылды деген жалган жабаа менен аны зынданга салдыртат. Акыр аягында Жусуп зындандан чыгып, падыша дүйнөдөн кайткандан кийин анын ордун ээлеп, Зулайкага үйлөнгөн. Хафиздин ырларында жогоруда аталган сүйүү каармандарынан тышкары Авранг жана Гүлчехр, Мехр менен Вафа ж.б. сүйүшкөн түгөйлөр да келтирилген. Бирок сүйүшкөндөрдүн бардыгынын аттары – түбөлүк сүйүүнүн жана берилгендиктин символу, мыктылыктын жана билимге умтулууну даңазалайт. Ал эми суфий символикасында Мажнун, Хосров, Фархад, Авран жана башкалардын образдары, Кудай жолуна умтулган – накта мистик суфийлерге окшош деп эсептелинет.

Мифологиялык жандар.

Шираздын адабий чөйрөсүндө мифологиялк сюжеттер жана табышмактар жөнүндө көп талкуулар болуп турганын божомолдоого болот. Чыгарманын мифологиялык мейкиндигинде жайгашкан көптөгөн каармандар ар түрдүү тарыхый жана маданий типтерге бөлүнгөн.

Алардын ичинен Харут менен Марут – периштелердин аттары. Мусулмандардын аңгемеси боюнча качандыр бир мезгилде  Зухра (Венера) планетасы суйкайган сулуу айым болгон, ага Харут менен Марут периштелер ашык болгон.Ашык болгонго чейин ага-ини Харут менен Марут өздөрүнүн алп кудурети менен мактанып атышканын уккан Кудай, алардын күчүн сынамакчы болуп Жерге жөнөтөт. Жерге келген Харун менен Марут суйкайган ажары элди суктанткан, күн десе күндөй, ай десе айдай жаркырап турган Зухрага ашык  болушат.  Зухра ашыктыктын айынан акыл эсин жоготкон периштелерден Кудайдын жашыруун атын (ишеним ырымдарга ылайык сыйкырдуу күчкө ээ) сурап алат жана ал жашыруун аттын жардамы менен асманга чыгып кетет. Аңгемеде Зухра өлбөстөрдүн катарына кирип, асмандагы оюн зооктор менен коштолгон  “Асман музыканты” болот деп айтылат. Чыгармада Зухра виртуалдык музыканттын синоними, ал эми Харут менен Марут суфий адабиятында кудайсыздыктын символу катары келтирилген.

Далжал (калпычы) – Христиан Антихрист менен барабар болгон мусулман эсхатологиялык жомоктордогу каарман. Суфизмде Дажал – алдамчылыктын жана эки жүздүүлүктүн символу. Хафиз Далжал деген атты алдамчылыктын символу катары колдонгон.

Див – (Дэв, Каарду дух) – болжол менен араб фольклорундагы ифритке дал келген каардуулуктун символу. Негизинен Дивдитиштери жүндүү, оркойгон, мүйүзү бар, тизесинде жана чыканганыда  оркойгон  текөөрү бар деп сүрөттөшөт.

Акындын чыгармаларындагы, жогоруда аталган каармандардын баары, аладын ролу,  аракеттери жана аттары аздыр көптүр суфийлик символдорду так берүү үчүн колдонулган.

Хафиздин чыгармаларындагы  макал-лакаптар жана  учкул сөздөр сабырды жана чыдамкайлыкты, бардык жагдайда жана бардык жерде олуттуу  болууну, кайгы-капа, боорукердик, катачылыктарды моюнга алууну, достукту жан бейпилдикти, таалим-тарбия, маңдайга жазган жазмышты, согуш, бейкуттукту, жеңишти ж.б. чагылдырат. Ал эми элдик жана улуттук каада салттар жөнүндө айтсак Хафиздин диванында көз тийгенден сактоо үчүн адырашман түтөтүү, Нооруз күнү падышанын тактысынаэмирдин отурушу, карапайм элди акысыз тамактандыруу, шарапты жерге төгүү, элдин ынтымагын бекемдеп, бири бирине  жакындатуу максатында аттын такасын отко кактоо, шарапка берилип ичкенден өкүнүүдө стакан сындыруу, күңдү кетирүү, белек тартулоо жана анын акысын кайтаруу,  бутту өбүү,  кагазды жуу сыяктуу байыркы каада салт, жөрөлгөлөр чагылдырылган.  Ал эми– пияздын жардамы менен, оорулуунун жанында дуба окуп, сыйынуу, Мехрабе мечитинде шам жагуу, Хафиздин ырларында өз доорунун  сыйкырдуу күчү , жөрөлгөлөрү чагылдырылган.

Хафиздин көрөгөчтүгү, акындык таланты, кыраакылыгы, акылмандыгы, таамай айтып төлгөгө дал келген жооптору, ажайып  касиеттери ааламдагы адабият сүйүүчүлөрдү гана эмес мен мен деген акындарды, акылман-даанышмандарды да таң калтырып келет.

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс