Суббота , 14-Декабрь 2019
Башкы бет / Аналитика / Чаткал: алтын өрөөндүн атагы жана бүтпөгөн чатагы

Чаткал: алтын өрөөндүн атагы жана бүтпөгөн чатагы

Чаткал районунун жашоочулары редакциябызга арыз менен кайрылышып, анын негизинде «Жаӊы Ордонун» 28-июнь, 2019-жылдагы №22 (636) санына кабарчыбыз «Чаткалда эл үчүн күйгөндөр чын эле элдик адамдарбы же көздөгөнү бийликпи?» деген аталышта материал жарыялаган.

Албетте, көп жылдар бою райондо топтолгон көйгөйдү газетанын алакандай бетине батыруу кыйын. Анан калса, жарык көргөн материалда экинчи тараптын пикири угулбай калганын жана жогоруда козголгон маселелердин олуттуулугун эске алып, бул темага кайра кайрылдык.    

Экология маанилүүбү же экономикабы?

Мамлекеттин эӊ башкы байлыгы – эл. А эл менен жаратылыш киндиктеш. Мөлтүрөп аккан суулары, дарыясы булганып, токойлору токол, тоосу томкорулган чаткалдыктар Кыргыз Республикасынын президентине, КР өкмөт башчысына жана КР Жогорку Кеӊешинин депуттарына бир нече ирет арыз менен кайрылышып, бирок тиешелүү мамлекеттик мекемелерден жарытылуу жооп алышкан эмес.

Бул маселелерди жеринен иликтеп жүргөн калемдешибиз, жарандык активист Абдыжапар Нурдинов мындай дейт:

– Кыргыз Республикасынын премьер-министри М.Абылгазиев 14-августта Чаткалдагы «Кичи-Чаарат» кытай компаниясы курган фабриканын ачылышына катышты. «Кичи-Чаарат» 220 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция салды» деп жазды КР өкмөт башчынын басма сөз кызматы. Ал эми кытайлык инвестор Кыргызстанга кандай зыян же пайда алып келди, бул жөнүндө үн-сөз жок.

Биринчиден, «Кичи-Чаараттын» учредители – «Тун-Линь», Д.Зилалиевге кара джипти кызматтык унаа катары мингизген. Ал так ошол машинада баратып «бомба койгон». Бирок кытай жөн машина мингизбейт да, бул – коррупция! 2003-2016-жылдары «Кичи-Чаараттын» Куру-Тегерек кенине алган лицензиясы мыйзамсыз узартылып келген. Бул факт боюнча КР Баш прокуратурасы кылмыш иш козгогон.

Экинчиден, КР «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамына ылайык, кум-шагал, топурак дагы мамлекеттин байлыгы. Эч кандай уруксаты жок «Кичи-Чаарат» миӊдеген тонна кум-шагал, топуракты курулуш иштерине пайдаланган. 

Үчүнчүдөн, жергиликтүү бийлик 2016-жылдын май айындагы элдик жыйынга таянып, «Кичи-Чааратка» уу калдык сактоочу жайдын ордун өзгөртүүгө уруксат берген. А чынында райаким, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, райархитектура жетекчиси баш болгон жооптуу кызмат адамдары долбоордун өзгөртүлгөн генпланына 2014-жылы 21-июлда кол коюп, макулдук берип коюшкан. Ушул эки жылдын аралыгында райаким баш болгон жергиликтүү бийлик улам-улам коомдук жыйын өткөрүп, «уу калдык сактоочу жайды өзгөртүүдөн «Кичи-Чаарат»  40 млн доллар үнөмдөйт, ошол каражатты соцпакетке бөлөт» деп элдин башын айланткан. Эми ошол уу калдык сактоочу жайдын алдында 58 кг алтын калып, бул факт боюнча да кылмыш иши козголгон. КР «Жер казынасы жөнүндөгү» мыйзамы жер алдындагы кен байлыктын үстүнө капиталдык курулуш жүргүзүүгө тыюу салат. Эӊ олуттуусу, уу калдык сактоочу жай курулган Чакмак-Суу сайдагы табигый экосистема бузулду. Тоо башындагы мөӊгүлөрдөн куралып, кылымдар бою бир нукта агып жаткан суунун нугу сайдын кырына бурулуп, канал курулуп бүтөрү менен уу калдык сактоочу жайдын тушунан жырылды.   

Кытай компаниясы КР мыйзамдарын одоно бузганына, табигый экосистеманы күчтөп өзгөртүп жатканына карабай өкмөт башчы өзү баш болуп чуркап барып жатканы эмне каӊкуулайт?! Же бул кен байлыкта Кыргызстандын 1% үлүшү болсочу!

Албетте, жарандык активисттин айткан сөзүндө да негиз бар. Анткени КР Баш прокуратура козгогон бул кылмыш иштин аягы али көрүнбөйт. Ал ортодо Чаткал районунда дагы үч ири кен байлыкты иштеткен компания: «Вертекс Голдь», «Чаарат ЗАВ», «Эти-Бакыр» тоонун башына уу калдык сактоочу жай курууга киришти. Табияты татаал, кышкысын кар көп жаагандыктан тынбай кар көчкү жүрүп, эрте жазда суу ташкындары ээ-жаа бербей же жер титирөөдөн улам кырсык болсо, анда бул уу калдык сактоочу жайлардагы уулуу заттар түз эле эл аралык макамы бар Чаткал дарыясына куюп, Чаткал өрөөнүн эле эмес, Ташкент оазисин кошо талкалайт.

Сууга аккан миллиондор

Алтын табиятынан чырга аралашкан баалуу зат. Чаткалда жергиликтүү бийлик, облус, борбордук бийлик, укук коргоо органдары, криминал жана жергиликтүү элдин кызыкчылыгы жуурулушкан. «Жарды аштык таппайт, аштык тапса – баштык таппайт» демекчи, кен иштеткен компаниялардан жергиликтүү бюджетке, районду өнүктүрүү фондуна түшкөн каражаттар натыйжасыз сарпталып, андан да көбү сол чөнтөккө солонуп жатканына нааразы болгондор көп.

Чаткал айылдык кеӊешинин депутаты, кесиби боюнча курулуш адиси Умар Абдыкеримов:

– Райондун акими К. Эшалиев «мен келгенден бери 10 чакты көпүрө, 6 мектеп жана бала бакчалар курулду, жолду асфальттап, көчөлөрдү жарыктандырып жатам» деген мактаныч сөздү көп айтат.

            Ооба 10 көпүрө курулганы ырас. Бирок ал көпүрөлөрдүн көбүн АРИСтин колдоосу менен Жайыт комитети куруп, акимдин бир да үлүшү же кыйыр түрдө тийешеси болгон эмес. Ал эми аким К. Эшалиевдин түздөн-түз тийешеси болуп, өзү киришкен үч көпүрөнү Чаткал дарыясы агызып кетти.

            Мисалы: Айыгыр-Жал – Каныш-Кыя көпүрөсүнө аким өзү заказчик болуп курдурган. Ишке берилди деп өзү буйрук менен түзгөн комиссия кабыл алуу актысын түзгөндөн кийин 6 айга жетпей бир жак башын дарыя агызып кеткен. Анан ал көпүрөнү бузуп алганга өзүнчө каражат, кайра баштан жаӊысын курганга дагы миллиндогон каражат жумшалып, натыйжада бир эле көпүрөгө үч көпүрөнүн акчасы жумшалып жатат. Арыз менен кайрылып, райондук прокурорду текшер десек, «бул каражаттар демөөрчүлүк иретинде болгондуктан текшере албайбыз» деп, колун жаят. Кайдагы демөөрчү, эгер Чаткалдын алтынын казбаса «Вертекс Голд» бизге  бир тыйын бөлбөйт болчу. Бул соцпакеттин эсебинен экендигин жаап-жашырып жатышат. «Беш-Арал» мамлекеттик коругунда деректир болуп турган кезинде ортомчулук кылып, «Кен-Тоо» фирмасынан 200 миӊ АКШ долларын бөлдүрүп Жаӊы-Базар – Чандалаш (Мазар-Сай участогу) көпүрөсүн курдуруп баштаган. Көпүрөнүн 70% бүтүп калганда токтотуп коюшуп, анан ага бөлүнгөн каражатты сугунуп, аким болуп келгенден кийин районду өнүктүрүү фондунан дагы 21 млн. сом бөлдүрүп араӊ бүтүрдү. Кызыгы, Чаткал айыл өкмөтүнүн ошол учурдагы башчысы Н. Мырзаяров ушул эки айылдын ортосуна дагы бир көпүрө салуу афёрасын баштаганда колдоо көрсөтүп, ал көпүрөдөн да акча алган деген айыӊ кеп кеӊири тараган. Бул жерде дагы үч көпүрөнүн каражатына иш жүзүндө бир эле көпүрө курулду.

            Минтранстын балансындагы кара жолго дагы өзү заказчик болуп, эч кандай долбоору жок, смета түзбөй жумуш аткарган «Империя групп» ишканасы учурда жоюлуп кеткен. Сапатсыз курулган жолду Минтранс баланска албай, өзү түзгөн комиссия кабыл алып койгон. Кыскасы, КР мыйзамы иштебей эле аким өзү хан, өзү бий болуп бүтүрүп жатат.

            2019-жылдын январь айында УКМК тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, 13 чакырым аралыктагы жолдун асфалтынан 2 401 000 (эки млн. төрт жүз миӊ) сом жетишпестик тапкан. 1 км жолго асфалть төшөө 6 300 000 сомдон айланган. Мурда таш төшөлүп, эчен жыл кызмат кылган жолдун үстүнө 3-5 см. асфальтты жаба коюу мынчалык кымбатка айланышы да шек туудурат.

            Ушул текшерүүнүн жыйынтыгында район боюнча 7 млн сом жетишпегендик аныкталып, райондук прокуратурага өткөрүлүп берилгени менен коомчулукка белгисиз. Ошол эле учурда райондун өнүктүрүү фондунда топтолгон каражаттар, аким менен кен иштеткен компаниялар түзгөн меморандумда көрсөтүлгөн суммалар кайда, качан жумшалганы да ачык эмес. Дегеле ал боюнча текшерүү болгон эмес.

Чаткал районунун тургуну Маблюдбу Карабаева:

– Чаткал өрөөнү алтынга бай болгону менен район боюнча кен иштетип жаткан компаниялардын ичинен «Эти-Бакырда» гана «Кыргыз алтындын» үлүшү бар. Башка бир да ири кен ишканасында мамлекеттин 1% үлүшү жок. Маселен, «Чаарат ЗАВ» лицензия алган Түлкүбаш, Чаарат лицензиялуу участогунда баш-аягы 130 тонна алтын, «Кичи-Чаарат» ээлик кылган Куру-Тегерек кен участогунда 90 тоннадан ашык алтын, 3000 тонна жез жана 50дөн ашык күмүштүн кору бар. Эмне үчүн мамлекетибиз байлыгын инвесторго берип коюп, өзү чет элдик карызга белчесинен батып, элин кабатырга салып олтурат? Өзү каза албаса жок дегенде үлүшкө кирип, ошону менен Кытайдан алган кредиттен кутулса болбойт беле?!

Мамлекет башчыбыз Коопсуздук кеӊешинин жыйынында тоо кен тармагы көзөмөлдөн таптакыр чыгып кеткенин айтып, коррупцияга каршы күрөштө ар бир жараныбызга ишеним артарын айткан. Мен муну туура көрөм жана өзүм деле  туура эмес иш кылып жатса тууганымдын бетине айта алам. Районубуздун акими Канжарбек Эшалиевге «элдин ырыскысына кол салгандан уялбарсыӊбы» деп, кемчиликтерин элдин көзүнчө айтып жүрөм. Улуу катары айткан акылымды укпаган соӊ мен президентке, өкмөт башчыга жана Жогорку Кеӊештин депутаттарына Чаткал районунда кен иштеткен компанияларда түшкөн каражаттар максатсыз жумшалып, натыйжада сапатсыз курулуштар жүрүп жатканын баса көрсөтүп, кат менен да кайрылгам. Жыйынтыгы эмне болду дебейсизби? Ошол каттарым кайра айланып акимдин колуна келип, райадминистрациянын жооптуу кызматкери «М.Карабаева Чаткал райондук мамадминистрациясынын аппарат башчысы К.Керимбековдун жубайы экендиги анык» деген справканы КР өкмөтүнүн аппаратына жөнөткөн. Качантан бери булар ЗАГСтын милдетин аткарып калган, таӊмын. Эми гезитиӊиздерге «…акимчиликтин аппарат башчысы Козубай деген адамдарды акимчиликте топтоп, элди мыйзамсыз ишке түрткүлөп, прокурорду коррупционер дегени эл арасында тарап кетиптир. Кыскасы, Чаткал районунда аким болом дегендердин интригасы күч алып турган убак» деп жаздырып олтурат. Менин жолдошум акимчиликке келген элди аким, анын орун басары жок болгону үчүн кабыл алыптыр. «Эч ким жок» деп, атайын келген элди эшикке чыгарып коймок беле? Анан да мамлекеттик ар бир мекеме карапайым элге кызмат кылып, кайрылган убакта кабыл алышы керектигин эч ким жокко чыгарган эмес! Кыскасы, Канжарбек Эшалиев кара пиарды катуу өздөштүргөн. Элдик жыйындарда тууган-урук, жек-жааты менен кошоматчыларына таянып, сын пикир айткандарды баса калып көнгөн.   

«Түшпөс хан» же борбордун алмаштыргыс акими ким?

Кызмат үстүндө журналистке калпыс айткан сөзү үчүн эле КР өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Абдраимов, айыл чарбасындагы ишти эч алдыга жылдыра албаган министир Н.Мурашевди кызматтан алган КР премьер-министри М.Абылгазиев үстүнөн канчалаган арыз түшүп, анын көбү тастыкталып жатканына карабай Чаткалдын акимине чара көрбөгөнү бизди да таӊ калдырып, ага байланыштуу болгон маалыматтарды чогултууга аракет кылдык.

Жалал-Абад шаарынан токойчулук боюнча кесипке жаӊы эле ээ болуп, Чаткал токой чарбасында адис катары эмгек жолун баштаган К.Эшалиевдин бактысы өтө тез жанган. Анткени жетекчиси кызматтан кетип, жаш адис тажрыйбасы аз, жетекчилик кызматка олтурууга эмгек стажы жетпегенине карабай чуркап жүрүп борбордон колдоочу таап, көздөгөн максатына жетет. Кыязы жетекчилик креслону көп суммага сатып алганбы, айтор ошондон көп узабай эле карамагындагы токой чарбанын токойлорун четинен кыркып, көмүскө базарда сатып баштайт. Бир нече жолу укук коргоо органдарынын колуна кыйылган дарактары менен түшүп, райондун жетекчисинен эскертүү алат. Бирок ошондо деле токтобойт. Акыры Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясында иши каралып, «жаш жигиттин тагдырына балта чаппайлы, өз арызы менен кызматтан бошосун» деген чечим кабыл алышат. Жазадан оӊой кутулган кургур түз эле токой чарбасы боюнча облусттук башкармалыгына барып, катардагы адис катары иштеп жүрөт. Аӊгыча «Беш-Арал» мамлекеттик жаратылыш коругунун деректири кызматынан бошоп, тааныштарынын күчү менен кайрадан жетекчилик орунга олтурат. «Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы» демекчи, К.Эшалиев коруктун жамы жамаатына сыйлык үчүн борбордук аппараттан бөлүнгөн 400 миӊ сомду сол чөнтөгүнө солоп, егерлер минген чарбалык аттарды четинен согумга союп, коруктагы кайберендин туз, жем-чөбүнө мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражатты, кызматкерлерге бөлүнгөн формаларды кошо жалмап киргенде кол алдында иштегендер чуу көтөрүп арыз жазып, текшерүүнүн натыйжасында эсепчиси сот жообуна тартылып, жетекчиси кутулат.

К.Эшалиевдин корукта деректир болуп тургандагы кокуйлары толтура. Ошонун бири 17 уйдун икаясы. Коруктагы чабыкка кирип кетти деген шылтоо менен 17 уйду кадимкидей камакка алдырып, күндүзү егерлерге, түндөсү кулпулап милийсага кайтартып, бир айга чейин мал ээлерин суракка чакыртып мазесин алат. Бул окуя комедиялык фильмдин дапдаяр сюжети,  кино тартса жарашчудай. Ырас, мамлекеттик корук КР мыйзамы менен өзгөчө коргоого алынган. Ага бейчеки киши эле эмес, мал да кирбеши керек. Бирок К.Эшалиев акимдик кызматка келгенде кашайып, ошол корукка каз тамандуу техникалар «чек арага жол салсын» деген шылтоо менен кытайларды киргизип жатпайбы. Жергиликтүү элге, малга иштеген мыйзам эми кайда?!

Буга Чаткал районунун прокурору Н.Бообеков №11/1-6-19 катында минтип жооп берет: «…Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы  КР «Жер кодекси жөнүндө»,  КР «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» жана КР «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамдарынын аткарылышынын талаптарын бузуп, «Мурас-Синтез» ЖЧКнын кызыкчылыктарын коргогондугу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберилген каттын жообу даяр болгонго чейин эле «Мурас-Синтез» ЖЧКму 5 км жолду казуу иштерин токтотууга бөгөт койбогондугу менен айгинелейт.

…Жогорудагы мыйзамдардын бузулушуна жол беришкендиги үчүн Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызмат адамдарына карата чара көрүү үчүн Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атына Чаткал райондук прокуратурасы 2018-жылдын 3-июлунда сунуш берип, сунуштун жыйынтыгы менен Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими К.Ж.Эшалиевге мурда берилген «Сөгүш» жазасы менен чектелген».

Чындыгында бул «Сөгүш» жазасы К.Эшалиевдин кошуна Ала-Бука районунун аймагындагы Иштамберди кенинде ишмердүүлүк кылган «Фул Гольд Майнинг» кытай компаниясынын ички иштерине чейин кийлигишип, Чаткал районуна 8 млн жана андан тышкары 1 млн сомду ар кандай чыгымдар үчүн бөлүп бересиӊ деген талабына нааразы болгон ишкананын КР өкмөтүнө жазган арызы себеп болгон. Бул арыз 2018-жылы 19-июнда КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын коргонуу, коопсуздук жана өзгөчө кырдаал боюнча ыкчам Координациялык кеӊешмесинде каралып, анын чечимине ылайык «Сөгүш» жазасын берүү боюнча №35 буйрук 20-июнда чыккан. Бирок бул ага сабак болбой, кайра эле Чаткал районундагы фирмаларга бут тосууну уланткан.

«Кальтон» ЖЧКнын коомчулук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү боюнча аткаруучу директору Акматбек Таласбай уулу:

– Ооба, мен Чаткал айыл өкмөтүндө көп жыл бою башчы, ал эми азыраак жыл райондо аким болуп иштегем. Кен иштетүү жаатындагы көйгөйлүү маселени да аралашып жүргөндүктөн жакшы билем. Ошол себептен «Кальтон» ЖЧКсына аткаруучу директор болуп дайындалганымда үлгү болсун деп, уруксат берген баардык иш кагаздарды так чогултуп, каттоого турууга көӊүл бөлгөнбүз. Бирок жергиликтүү бийлик ошого карабай жерге укук берген китепти создуктуруп, мыйзамда көрсөтүлгөн убагында берген жок. «Кальтон» ЖЧКсы ишти баштабай туруп айыл өкмөткө тиешелүү бардык төлөмдөрдү төлөп берген. Мындан тышкары Курулуш айылындагы көпүрөнүн авариялык абалдагы бир жак тарабын өзүбүз көзөмөлгө алып, 2 млн сом каражат жумшап, оӊдоттук. Маданият үйүн курууга соцпакеттин эсебинен 8 млн сомго келишим түзүп, 1 млн сомду жер участогун сатып алууга жана долбоорун чийдирүүгө алдын ала котордук. Ошого карабай, иш баштаганга чейин эле «Кальтондун» үстүнөн Курулуш айылынын кээ бир тургундарына биринчи арыз жаздырды. Экинчи жолу арызды К.Эшалиев КР Өкмөтүнө өзү жазды. «Кальтон» ушул учурда пландагы төрт карьердин биринчисин иштетип жаткан. Мыйзам боюнча жергиликтүү бийлик инвесторду колдоп, эл менен мамилесин жакшыртууга көмөкчү болушу керек эле. Ошондон кийин ишкана ишин токтото туруу чечимин кабыл алган. К.Эшалиев ошону менен эле токтоп калбай, атасынын бир тууган агасынын аялы Н.Таласбаевага элдин атынан кол топтотуп, Жалал-Абад прокуратурасына арыз жаздырды. Ал текшерүүдөн дагы аким күткөн тескери натыйжа чыккан жок.  Аймактагы экотехинспекциянын өкүлдөрү текшерип келип, эч кандай мыйзам бузуучулук болбогонун тастыктап кетишти. Эми качан иштеп баштаса гана соцпакетте көрсөтүлгөн 8 млн сомдун калган 7 миллионун төлөйт, а иштетпесе эмнени төлөйт?..

            Баса, Чаткал айыл өкмөтүнө төрт карьердин токой жоготуусу үчүн 1 млн 129 миӊ сом которулган. Бул боюнча КР өкмөтүнүн алдындагы Токой жана аӊчылыкка жайгаштыруу мамлекеттик мекемеси, Чаткал айыл өкмөтү жана «Кальтондун» ортосунда түзүлгөн үч тараптуу келишим бар. Ага ылайык Чаткал айыл өкмөтү 3 га аянтка терек олтургузуу милдетин өзүнө алган. Ошол каражатты айыл өкмөтү максаттуу жушап жатабы, кеп ошондо. Ал эми «Архар-Лачын» ЖЧКсы менен биз эч кандай иш жүргүзгөн эмеспиз. Анын казган жер участогу эмдигиче рекультивация болбой жаткандыгы анык. «Кальтондун» үстүнөн кайра-кайра арыз жазган аким, жергиликтүү бийлик менен эл мыйзамдуу иш жүргүзүүнү «Архар-Лачындын» өзүнөн талап кылып алышсын.

Атагын алыстан уккан алтындуу өрөөндүн чатагын жеринде илектеп жүрүп төмөндөгү фактылардын айныгыс экендигине ынандым: «Кальтон» ЖЧКсы токой жоготуу үчүн 1 млн 129 миӊ сом, 8 млн сомдук соцпакеттин эсебеинен Маданият үйүнө жер участогун сатып алууга жана анын долбооруна 1 млн сом которгондугу анык. Менимче, чатак ушул каражатты Чаткал айыл өкмөтү кандай максатта пайдаланды? Дегеле ал тууралуу маалымат жергиликтүү калкка толук жеткенби, кеп ушунда. Алсак, Чаткал айылдык кеӊеши бюджеттеги токой тигүүгө деген 1 млн 129 миӊ каражаттын эсебин таап чечим чыгарып берип, айыл өкмөтү ал каражатты төмөнкүдөй бөлүштүргөн: Маданият үйүнө 50 сотых участок сатып алууга 250 миӊ, сметалык долбоор түзүүгө 375 миӊ, мектепке кошумча жер зарыл болгондуктан 4 адамдын участогун 280 миӊге сатып алган. Калган 224 миӊ сомду маданий иш чараларга сарпташкан. Андай болсо, Маданият үйү үчүн «Кальтондун» бөлгөн 1 миллиону кайда? Айыл өкмөттө буга ачык жооп жок. Ал эми токой тигүүгө арналган бюджеттеги каражатты болсо минтип максатсыз жумшап, мыйзам бузуп олтурат…

Мухтар Жаркулов.       

P.S. «Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат». Жергиликтүү бийликте олтурган аким, айыл өкмөттөрү эртели-кеч бийликтен кетип, эл калат. Экономикалык кызыкчылык азыр алдыӊкы планга чыкканы менен ага караганда экология алда канча маанилүү. Тоо кен тармагын иштеткен ишкана дагы кен байлыкты алган соӊ, бул жерде байлап койсоӊ да турбайт. Ошондуктан жергиликтүү бийлик, инвестор дагы элдин талабы менен ачык иштеп, экологияга өзгөчө көӊүл буруусу учурдун эӊ башкы талабы.

«Жаӊы Ордо», №27, 4-октябрь, 2019-жыл.   

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс