Анкара согуш шартында жаралган гуманитардык кризис менен күрөшүп жаткан Сириянын билим берүү тармагын өнүктүрөт. Бул тууралуу Түркиянын вице-президенти Фуат Октай билдирди.

“Түркиянын аракети менен террористтерден тазаланган сириялык шаарлар Жераблус, Эль-Баб, Аазаз жана Афринде Газиантеп жана башка университеттердин факультеттери ачылат. Жакында Жераблуста адистештирилген техникалык окуу жайы ачылган. Эртең Эль-Бабда экономика жана административдик илимдер факультети, Аазазта теология, Афринде Газиантеп университетинин педагогикалык факультеттери ачылат. Мындан улам жергиликтүү тургундарга биринчи кезекте билим алууга шарт түзүлөт. Андан тышкары Сирияда жакын арада адамзатына эң керектүү капитал пайда болот”, – деди Октай.

Айтымында Түркия Сириянын террористтерден тазаланган аймактарында ыңгайлуу турмуш шарттарын түзүүгө болгон күч аракетин жумшайт. Түрк мамлекети бардык сириялык жарандардын жашоосун коопсуздандырып, билим, медициналык кызмат, азык-түлүк жана ичүүчү суу менен камсыздайт. Андан тышкары аймактардын инфраструктураларын жакшыртат. Учурда 370 чакты сириялык качкындар “Ефрат калканы” операциясынын негизинде туулуп-өскөн жерине өз каалоолору менен кайтып келишти.

Вице –президент белгилегендей Сириянын Ефраттан чыгышты карай орун алган райондорун камтыган аймакты коопсуздандыруу убагы келип жетти.

“Түркия өзүнүн түштүк чек араларындагы террористтик коркунучту жок кылууга жана сириялык качкындардын ыктыярдуу түрдө мекенине кайтышына өбөлгө болууга даяр. Түркия дүйнөлүк коомчулукка так түшүндүрдү: Анкара коркунучтун таасири алдында курсун өзгөртпөйт. Президент Режеп Тайып Эрдоган айткандай Түркиянын кандай коркунуч болбосун жок кылууга чама-чаркы жетет. Биздин мамлекет эч кандай шартта террористтик коридор түзүүгө барбайт. Анкара акыр аягына чейин Сириянын аймактык бүтүндүгүн сактоо жана саясий биримдиги үчүн зарыл шарттарды камсыздайт. Бул биздин чек аралардагы бейпилдик жана сириялык туугандардын келечеги үчүн маанилүү”, – деди Фуат Октай.