Вторник , 10-Декабрь 2019
Башкы бет / Аналитика / Президентке Кара-Суунун карапайым калкынан кайрылуу!!!

Президентке Кара-Суунун карапайым калкынан кайрылуу!!!

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековго

723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0778 493908)

АЧЫК КАТ

Кызыл-Кыштак айыл окмотунун башчысы Шарабидин Капаровду кылмыш жоопкерчилигине тартып беруунузду суранабыз. Себеби Ш.Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, коррупциялык схемаларды колдонуп, жер мыйзамдарын одоно бузуп жатат.

  1. Ош шаарынын А.Навои кочосу №139 уйунун тургуну Амирдинов Араббайга мыйзамсыз 1 гектар улуш жери, 0,80 га жер ижарага берилген. “Толойкон” колхозунун 1994 жылкы жалпы чогулушунун чечимине ылайык Кызыл-Кыштак айыл аймагында жайгашкан улуш жерлер 1994 жылга чейин Кызыл-Кыштак айыл аймагында жашаган жана “Толойкон” колхозунда иштеген жарандарга берилиши каралган. Ал эми Ош шаарынын тургундарына жана колхоздо иштебеген жарандарга улуш жери беруугоо тыйу салынган. Кызыл-Кыштак айыл аймагынын коптогон жарандары жерсиз, жумушсуз журот, бирок ошого карабай Ш.Капаров аларга айыл чарба учун ижарага жер бербейт. Ш.Капаров мыйзамсыз ажыратылган, же өзүм билемдик менен ээлеп алган жер улушун мамлекетке кайтаруу учун функционалдык милдеттерин аткарбай жатат.
  2. Ишкаван айылынын тургуну Мурзатов Тургунбай уй-жайы болгондугуна карабастан, анын аялы Мурзатова Токтоканга Ишкаван айылынын стадионунун жанынан уй-жай куруу учун 0,06 га жер тилке мыйзамсыз ажыратылып берилген. Эмне учун бир уй булого уй-жай куруу учун бир гана жер тилке бериле турган болсо, Мурзатовдордун уй булоосуно эки жер тилке берилет? Мурзатов Тургунбайга бир жер тилке, ал эми аялы Мурзатова Токтоканга экинчи жер тилке берилет?
  3. Россия Федерациясынын жараны болгон Мурзатов Тургунбайдын кызы Мурзатова Эльзирага ошол эле стадиондун жанынан 0,06 га жер тилке ажыратылат. Россия жараны Мурзатова Эльзиранын Россия жарандыгын алгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын мурдагы паспорттун паспорт органдарына кайра тапшырып, жокко чыгаруунун ордуна, аны мыйзамсыз колдоп, Россия жарандыгын жаап-жашырып, мыйзамсыз жер тилке ажыратып берген. КР мыйзамдарына ылайык уй-жай куруу учун акысыз жер тилкелер чет эл жарандарына ажыратылбайт. КР Жер Кодексинин 7 беренесине ылайык жер тилкелер чет өлкөлүк жарандарга жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга гана берилиши мумкун. Суроо туулат эмне учун Кызыл-Кыштак айыл окмотунун башчысы Ш.Капаров социалдык абалы оор, шарты начар болгон, уй-жайы социалдык талаптарга жооп бербеген, бир уйдо бир нече уй-було жашаган, жалгыз бой эне кыздары болгон биздин балдарыбызга бир нече жылдан бери уй-жай куруу учун жер тилке жок деп бербей келатат? Бирок ошол эле убакытта бир уй-було Мурзатовдорго эки-уч жер тилке ажыратып жатат? Кыргыз Республикасынын жарандарына жер тилке жок, чет эл жарандарына жер тилке бар. Пара берууго акчабыз жоктугу учун, оз жерибизде коррупционер Капаров тарабынан кордук коруп жатабыз.
  4. Ишкаван айылынын тургуну Раджапова Абидага эски мазардын жанынан мыйзамсыз жер тилке ажыратылган. Анын куйоосу Раджапов Жармамат (Айти аке) эбак эле жер тилке алып, турак жай куруп, ошол уйдо жашашып келатышат. Эмне себептен Ш.Капаров бир уй-булодо жашаган, куйоосуно да, аялына да жер тилкелер ажыратып бере берет? Эмне себептен парага акчасы жок бизге келгенде эле жер тилке жок дейт?
  5. Раджапов Жармаматтын иниси Омурзаков Равшанга айыл окмоту мыйзамсыз эки жолу жер тилке ажыратып берет. Биринчиси Ишкаван айылынын чайканасынын жанынан, экинчиси эски мазардын алдында ажыратып берилген. КР Жер Кодексинин 32 беренесине ылайык жер тилкелер КР жарандарынын менчигине жергиликтуу орган тарабынан КР бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу гана берилиши корсотулгон.
  6. Ш.Капаров менен мурда айыл окмотундо бирге соцадис болуп иштеген Камчыбекова Эркайым мамлекеттик органдардын документтерин атайын бурмалап, жасалмалап 1992 жылы каза болгон баласы Таиров Бексултан атына жер улушу 1995 жылы ажыратылып берилген. Бул жер мыйзамдарын одоно бузуу деп эсептелет. Себеби жер улуштору тируу адамдарга ажыратылып берилуусу керек, олгондорго эмес. Ошол фактты билсе дагы Ш.Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып 1992 жылы каза болгон Таиров Бексултанга жасалмаланган документтер негизинде мыйзамсыз ажыратылган улуш жерди мамлекетке кайтаруу учун эч кандай аракет жасаганы жок.
  7. Ш.Капаров айыл окмотунда мурда иштеген Камчыбекова Эркайым менен алдын ала суйлошуп, Э.Камчыбекованын Жалал-Абад облусу Базар-Коргон районунда жашаган бир тууган синдиси Таджибаева Анаранын наамына Сурот-Таш участкасынан уй-жай куруу учун жер тилке мыйзамсыз, кезектуулук тартибин одоно бузуп, коомдук угууларсыз ажыраткан.
  8. Факт жузундо Базар-Коргон районунун тургуну Таджибаева Анара эч качан Кызыл-Кыштак айыл аймагында жашаган эмес, документтерди жасалмалап, фиктивдуу каттоого алынган. Ш.Капаров башка жактан болгон жарандардын документтерин атайын жасалмалап, Кызыл-Кыштак айыл аймагына фиктивдуу каттоого коюп, кезектуулук тартибин одоно бузуп, коомдук угуулор откорбой, уй-жай куруу учун жер тилкелер мыйзамсыз, чон парага ажыратып берген. Ошол эле убакытта Кызыл-Кыштак аймагында туулуп, жашаган жарандарга жер тилке жок. Себеби алардын Ш.Капаровго парага берууго акчасы жок.
  9. Кызыл-Кыштак айыл окмотунун башчысы Ш.Капаров айыл окмотунун юристи пенсионер Сайдалиев Бакыт менен алдын ала суйлошуп, Ишкаван айылынын тургуну Мирзакаримовдордун ишеничине кирип, аларды алдап, документтерди жасалмалап, эч качан Кызыл-Кыштак айыл аймагында жашаган эмес Б.Сайдалиевди Мирзакаримовдордун уйуно фиктивдуу каттоого алган. Ш.Капаров башка жактан болгон юрист пенсионер Б.Сайдалиевдин документтерин жасалмалап, Кызыл-Кыштак айыл аймагына фиктивдуу каттоого коюп, кезектуулук тартибин одоно бузуп, коомдук угуулор откорбой, уй-жай куруу учун жер тилке мыйзамсыз ажыратып берет. Суроо туулат пенсионер Б.Сайдалиев башка уй-жайы жокпу? 65 жашка чейин озунун уй-жайы болгон эмеспи?
  10. Айыл окмоту Камчыбекова Эркайымга 0,06 га жер тилке ажыратып берет, бирок факт жузундо анын жер тилкеси уч барабар коп 0,18 га чыгат. Бирок, ошого карабай Ш.Капаров мыйзамсыз ажыратылган же эки жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алган, эки жер тилкени мамлекетке кайра кайтаруу учун функционалдык милдеттерин аткарбай жатат.
  11. Ш.Капаров менен мурда айыл окмотундо Ишкаван айылынын айыл башчысы болуп иштеген Паизов Осмонго Ишкаван айылынын башында беш жер тилкеси бироолордун аттарына ажыратылат.
  12. Паизов Осмон 1995 жылдан бери жер салыктарын, социалдык фонд, суу толомдорун толобостон 0,40 га ашыкча жер улушун иштетип келе жатат. Бирок, ошого карабай Ш.Капаров мыйзамсыз ажыратылган, же өзүм билемдик менен ээлеп алган жер улушун мамлекетке кайра кайтаруу учун функционалдык милдеттерин аткарбай жатат.
  13. Уй-жай куруу учун жер тилкелерди ажыратууда Ш. Капаров коррупциялык схемаларды кенири колдоп, жер мыйзамдарын одоно бузуп, кезектуулук тартибин одоно бузуп, коомдук угуулар откорбой, социалдык абалы начар уй-булолорго ажыратпай, кошелёктору аркылуу карапайым элдин паспортторун 5-10 мин сомго сатып алып, алардын аттарына жер ажыратуу жонундо токтом чыгартып, кол тамгаларын жасалмалап, Кызыл Китептер даярдатып, жер тилкелерди башка жактан келген байларга кошелёктору аркылуу чон акчага сатып жатат.
  14. Айылдын карапайым эли менен соттошушту озуно кесип кылып алган Ш.Капаров жогоруда корсотулгон мыйзамсыз ажыратылган жер тилкелерди жана жер улушторду мамлекетке кайра кайтаруу учун Сотко кайрылбай, тескерисинче колдоп, ал жерлерге документтер жасап, Кызыл китептерге кол коюп жатат. Ш.Капаров эч кандай аракет жасаганы жок, шалаакылык кылып, функционалдык милдеттерин так аткарбай жатат. Натыйжада, мамлекетке ото ири олчомдо зыян келтирип жатат.

Жогоркулардын негизинде Республикалык денгээлде мамлекеттик комиссия тузуп, Ш.Капаровду жана жер адистерин кылмыш жоопкерчилигине тартып, мамлекетке келтирген ото ири олчомдогу зыяндарды толотуп, жогоруда аталган мыйзамсыз ажыратылган жер тилкелерди жана жер улушторду мамлекетке кайра кайтарып беруунузду суранабыз.

 

Коррупционердин курмандары:                                       Г. Мирзакаримова, 7 октябрь 2019 ж.

                                                                                       Токторалиева Орозкан (тел. 0778 493908)

 

Р.S. Биз менен, биздин үй-бүлөбүз менен, биздин жеке менчигибиз менен бир нерсе болсо, Шарабидин Капаровду жана аны калкалаган коррупционерлерди күнөөлүү деп эсептоонузду суранабыз.

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс