Пятница , 18-Октябрь 2019
Башкы бет / Досье / Трайбалист адам

Трайбалист адам

Болжол менен 65-70 жашка таяп калган аксакал эле байке, өзү туура эмес токтоткон унаасын бурууга аракет кылып жатты. Аркы тарабындагы таксист албай коюп, кыйналып турган экен. Мен албетте макул болуп, алып койгум келди. Эми гана эшикти ачып жатсам, болбойсуңбу былжырабай деп, өтө орой кайрылды. Ошол замат, мен ал кишиге кайрылып, неге мынтип жатасыз десем, “Оштон келип алып, бул жерде жөн жүргүн…” десе болобу… Элестет, 70 теги чал ушинтип жатса, анда бөлүнүп жаткан жаштарды айтпай эле коелу. Аксакал экенине карабастан, жеткен акмак экенсиз десем, жанында олтурган аялы чыга калып, “не деватырсын, алып койсаншы” дегенде, жаным кашайып кетти. Коюнундагы колуктусу казак болуп турганына карабай, таза кыргыз мени оштук деп жаман көргөн адам кантип 70 жашка чейин жашаганы мени терең ойлондурду. Ушундайларды кара жер неге мынча узак мөөнөт көтөрүп, кыйналып жүрөт?
Өлкөнүн бүгүнкү абалына, совет доорунан бери келе жаткан трайбализм өтө терс таасир берип келет.
Урматтуу байке, мен сизге капа эмесмин. Мен сизди өтө аяп кеттим. Кудай берген жападан жалгыз жашоону, өзүңүздүн бир боор болгон түштүктүн кыргыздардын жек көрүү менен өткөрүпсүз. Жаркын жашоодо канчалаган кызык, канчалаган кубаныч, рахат бере турган нерселерден кабарыныз деле жок окшойт. Жек көрүү менен жашаган жашооңуз текке кеткенин деле байкабай, мына, жашоонун деле соңку фазасына келиптирсиз. Мынчалык Өкүнүчтүү жана аянычтуу. Казак улутундагы байбичеңиз экөөңөрдүн ортоңуздарда жаралган уул-кыздарыңызга эле эмес, а түгүл неберелериңизге чейин бул жугуштуу илдет жукпаса керек деп үмүт кылам. Жараткан сизге ыйман берсин.

Шаирбек Маматокторов.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс