Вторник , 10-Декабрь 2019
Башкы бет / Досье / Мулана Жалал ад-Дин Руми

Мулана Жалал ад-Дин Руми

Ар жылы 30-сентябрда дүйнө жүзүндө, өзгөчө Иран Ислам Республикасы менен Түркияда улуу даанышман, суфий, философ, Мулана Жалал ад-Дин Румини эскерүү күнү өтөт.

Иран жергеси атагы ааламга таанылган даанышмандардын, аалымдардын жергеси болуп саналат. Андыктан бир нече кылымдар бою ирфан жана тасаввоф жаатында көптөгөн аалымдардын ысымы чыккан. Алардын бири Мулана Жалал ад-Дин Мухаммад Балхи болгон.

Мулана Жалол ад-Дин Руми  толук аты-жөнү Жалол ад-Дин Мухаммад Балхи Руми – байыркы Чыгыш элдеринин эң көрүнүктүү даанышман, философ, агартуучу, акыны жана исламдагы суфий агымынын анабашчыларынын бири. Ал 1207-жылы Байыркы Хорасандын түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан азыркы  Балх шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы азан чакырып койгон аты – Мухаммад Жалол ад-Дин. Анын атасы Бахаддин Валад эл ичинде зоболосу бийик, эл урматтап сыйлаган инсан, аалымдардын Султаны деген лакап аты менен таанымал болуп, көптөгөн аалымдардын устаты болгон.

Ал  монголдордун чабуулуна чейин эле, үй-бүлөсүн Балхтан Нишапурга көчүрүп кеткенге үлгүргөн. Алар үй-бүлөсү менен караванга кошулуп Нишапур, Багдадга, андан соң Меккедеги Хижазга барып зыярат кылышкан. Андан ары Дамаск аркылуу Анатолияга барышкан жана Малатью, Эрзижан, Сивас шаарларын басып өтүп Акшехирде 4 жыл жашашкан. Андан соң 7 жыл Караман шаарында жашап, анын атасы Баха ад-Дин Валат уулу Жалал ад-Динди самарканддык Лала Шераф ад-Диндин кызы Гевхер Хатунга үйлөнткөн.

Ошентип ал жакта Мулана эки уулду болгон. Алардын аты Султан Валад жана Алааддин Челеби. Ошол эле шаарда,  Мулананын апасы Мюмине Хатун менен анын агасы Алааддин Мухаммад каза болушкан. Алардын сөөгү азыркы “Мадер-е Мулана” деген белгилүү көрүстөнгө коюлган. Ошентип Султан Алаадиндин чакыруусу менен Баха ад-Дин Валат Сельжуктардын борбору болгон Конья шаарына көчүп барат. Ал эми Балх шаары монголдордун чабуулуна кабылып, шаардагы китепкана, медреселер толугу менен күйүп кеткен. Мулананын  биринчи мугалими өз атасы болгон. Жалол ад-Дин Руми бала кезинен тартып эле Борбор Азия аймактарындагы фарс жана түрк элдеринин уламыш, дастан, жөө жомок өңдүү оозеки чыгармаларын кан жанына сиңирип, грек философиясы менен диний китептерди көп окуган. Жалал ад-Дин Руминин үй-бүлөсү Конья шаарына баргандан  эки жыл өтүп 1231-жылы 23-февралда Мулананын атасы Баха ад-Дин Валад дүйнө салат.

Ал эми Мулави атасынын шакирти менен суфийлердин жолун улайт. Сейид Бурханеддин белгилүү даанышман, Мулананын атасынын шакирттеринин бири болгон. Ал Мулананын атасы Аалымдардын султанына жолугуу үчүн жер кезип, шаардан шаар кыдырып жүрүп, акыры Конья шаарына барат. Бирок, ал маалда Мулананын атасы аалымдардын Султанынын каза болгонуна бир жыл өткөн болот.  Ал илим жолун ачкан, абдан урматтап сыйлаган устаты дүйнө салганына абдан өкүнүп, Муланага “Сенин атаң аалымдардын аалымы, билими күчтүү даанышман болгон, анын  мага берген билимин сага үйрөтөйүн”,- деген. Ошентип Мевляна 9 жыл Сейид Бурханеддинден билим алган.

Түркия Византия мамлекети болуп турганда аны экинчи – Рим деп аташчу, Рим мусулмандарча Румга айланган. Шейхтердин, мусулман аалымдарынын титулуна айланган Мевляна деген ысым ага кийинчерээк ыйгарылган. Араб тилинен алынган бул сөз “эгебиз”,”кожоюнубуз” дегенди билдирет. Ал эми ошол учурда чыгарма жазган мартабалуу адамдар өз мекенин псевдоним катары пайдалангандыгына байланыштуу Мухаммад Жалол ад-Дин шарттуу түрдө Руми деген кошумча атка ээ болгон.

Жалол ад-Дин Руми жашоосунда көптөгөн акылман, даанышмандарга жолуккан, алардын бири жүзүнөн нур төгүлгөн Шамс ад-Дин Тебризи аттуу даанышман, философ болгон.  Ошол жолугушуудан соң бардык жумуштарын токтотуп коюп, бир бөлмөнүн ичинде Тебризи менен күндөп-түндөп баарлашып, илим-билимдин тереңине чөңгүп, убактысын ырга, музыкалык аспаптарда ойноого арнаган жана мааниси зорирфандык маңыздагы ырларды жазып баштаган.

Ал тапта Мулананын окуучулары устатынын күндөп-түндөп Тебризи менен бирге болуп, окуучуларына көңүл бөлбөй калгандыгынан Табризи менен Мулананын ортосун алысатыш үчүн ар кандай аңыз-кеп, ушак-айыңдарды таратышкан. Натыйжада Шамс ад-Дин Табризи Конья шаарын таштап, башка жерге кеткен. Ошентип Шамс Тебризинин “Учуучу Шамс” деген дагы бир лакап аты пайда болгон. Мулана – Табризинин кеткенине кайгырып, Тебризинин Конья шаарына кайтып келүү өтүнүчү менен көптөгөн кат жазат, жада калса ошол эле өтүнүч менен өзүнүн уулу Султан Валадды Дамаскка  жиберет. Ошентип Шамс ад-Дин Тебризи Конья шаарына кайтып келет, бирок арадан көп өтпөй жок болуп кетет, ошол бойдон аны эч ким көргөн эмес, бирок кээ бир божомолдор аны өлтүрүп коюшкан дешет. Ошентип Шамси Тебризи дүйнөдөн кайткан соң, ага арналган Мулананын  “Дивани Кабир” (“Улуу Диван”) аттуу кырк миң беттик көлөмдүү чыгармасы жаралат.

Мындан сырткары Румиге таандык көптөгөн маснави, газаль, рубайяттар бар, алардан тышкары анын төрт салмактуу чыгармасы бар. Алар: “Маснави”, “Мажалис-Себа”, “Мактубат” жана “Фихи мафих”.

“Мажалис-и-Себа”- Мевлананын жети осуятын өзүнө камтыган кара сөз түрүндөгү чыгарма.

“Мактубат”- Мулананын жакын санаалаштарына, досторуна жана айрым аалымдар менен өкүмдарларга жазган каттарынан турган китеп.

“Фихи Мафих” – Мулананын маектеринен турган жыйнагы.

Бул чыгармалар Жалол ад-Дин Румиге таандык эмгектер, асыл мурастардын бардыгы фарсы тилинде жазылган. Булардын ичинде Жалол ад-Дин Румини атак-даңкка бөлөп, аны дүйнөлүк даанышман акындардын катарына кошкон чыгармасы – “Маснави” болуп саналат.

Руми 68 жашында, 1273-жылы 17-декабрда жарык дүйнө менен кош айтышкан. Анын артында акындык таланты, өзгөчө диний философиялык түшүнүнүктөрдү Курандын аяттарын жана келмелерди поэзиянын тилине салып кубулжута кынаптаган жазмалары жана ага бүт дүйнөлүк атак даңк алып келген чыгармалары менен унутулгус болуп кала берди.

Бүгүнкү күндө, жыл сайын “Дербиштердин ааламды айланткан бийи” фестивалы 10-17-декабрда Түркиянын Конья шаарында уюштурулуп, Мавлананын чыгармачылыгына арналган майрам, мааракелер жыл сайын өтүп турат.

Адатта, Мулана майрамына улуу ойчулдун чыгармаларын урматтаган миллиондон ашык күйөрмандар дүйнөнүн төрт бурчунан ат арытып келишет. Бул жөн гана майрам эмес, бул Жараткандын миң сырдуу дүйнөсүнө жандашуу. Курандын аяттарын бүгүнкү турмуш менен айкалыштырган мистикалык жөрөлгөдөй туюлат. “Дербиштердин  ааламды  айланткан  бийинин” философиялык мааниси терең.

Коньядагы         Мулананын күмбөзү жайгашкан кең сахнага ислам дининин суфий агымына кирген Мулави жамаатынын дербиштери чыгып, добулбас менен сыбызгыган чоордун коштоосунда тегерене бийлей башташат. Дербиштер тегеренген сайын кооз чапандарынын этектери бадпиректей айланат. Дербиштердин бир колу өйдө, бир колу төмөн түшкөн калыпта тегеренип бийлешет, анын мааниси –жогору көтөрүлгөн оң колу аркылуу көктөгү Жараткандан бата алуу, ал эми сол колу аркылуу ал батаны жерге, бүт ааламга таратуу. Тегеренген дербиштердин баштары жер шаары сыяктуу 23 градуска оң ийинине жатып турат.

Дербиштер терең транска кирип, бир орунда көпкө чейин тегеренип бийлегенин айтышат. Көрөрмандарга дербиштер тегеренбей эле, жер шаары алардын таман астында тегеренип аткандай сезим калтырат. Мулана тегеренген ритмикалык кыймыл менен Курандын сүрөөлөрүн айкалыштыруу аркылуу Кудай сүйгөн акыйкатка жетүүгө болот деп эсептеген.

Жалал ад-дин Руми жөнүндө аңгеме

– ачык жана жашыруун кадыр-баркы

Күндөрдүн бир күнүндө бир бай адам эки кул сатып алат. Алардын ар биринин жөндөмүн  билүү максатында аларды сөзгө тартат жана биринчи кул сөзгө бай чечен экенин байкайт, анын сөздөрү терең маанини жана сезимталдыкты камтып өтө эле чечен экен дейт. Анын сөздөрү,  жаркылдап жанган берметтей, шаркырап аккан суудай ээн-эркин айтылып,  сөзүнүн көөрү төгүлүп турган. Байдын эң алгачкы кубанычы өзүнүн үйүнө кереги тийген, ары акылдуу, ары сымбаттуу, сөзүнүн көөрү төгүлгөн кулду алып келгендигинде эле.

Андан соң өзүнүн экинчи кулун сынамакчы болуп аны чакыртат. Бирок андан  абдан жаман сасык жыт жыттанганын сезет. Бай адам аны алысыраак туруп, өзүнүн өнөрүн, эмнелерди үйрөнгөнү жөнүндө айтып берүүсүн буюрат. Ал адам мурун жазмачы болуп, каллиграфиялык жазмаларга бай болуп чыгат. Бай адам, мунун сасык жытына карабастан керектүү жана билимдүү экенине ынанат. Андыктан ал алып келген адамдардын ички сезимин, мүнөздөрүн жакындан билүүнү чечет.

“Сен мончого барып жуунуп кел, андан соң кайра мында кайтып кел! – дейт бай адам чечен адамды карап.

Ал кеткенден кийин бай адам экинчи каллиграфияны мыкты билген адамга кайрылат.

“Мен сенин билимиңди гана эмес, боорукер, ак-ниет адам экениңди көрүп турам, андыктан сен мага мыкты кул боло аласын. Мен ойлогондой жана сенин жаныңдагы досун айткандай кара-ниет, калпычы адам эмес экенсиң”,- дейт.

“Менин досум мага эч качан жамандык кылбайт, ал ак ниет киши”. Ал эч качан эч кимге калп айтпайт, жамандык кылбайт, мен ал үчүн отко да, сууга да секирүүгө даярмын”,-  дейт экинчи адам. “Анын сөздөрү эч качан жалган болушу мүмкүн эмес, ал эми ушул кептерди айткан болсо, анда чындыгында эле менин кемчиликтерим бардыр, бирок мен ал  кемчиликтеримди байкабай жүргөндүрмүн, адамдардын аныгы мүнөзү, жүрүм-туруму башкалар аркылуу байкалат эмеспи”,- дейт.

“Коё тур. Мен сени таптакыр түшүнбөй турам”,- деп сөзүнө аралжы болот кожоюн. “Андан көрө сен досуңдун кылган күнөөлөрү жана жетишпеген жактары жөнүндө бардыгын төкпөй-чачпай айтып берчи”,- дейт.

“Мен досумдун үч күнөөсү же болбосо кемчилиги жөнүндө айта алам: Биринчиси, ал бетке айткан тайманбас адам, экинчиси ал акыйкаттык үчүн жанын берүүгө даяр, ал эми үчүнчүсү, досум кетирген катачылыктарды башкалардан эмес, өзүнөн гана издейт”,- деп жооп берет.

“Мен досуңдун кетирген катачылыктарын жана күнөөлөрүн айтып бер десем, сен аны мактаганың эмнең?”,- дейт кожоюн. “Мен сенин жардамыңсыз эле анын күнөөлөрүн жана кетирген катачылыктарын таап чыкканда кандай акыбалда калаар экенсиң?”,- деп таң калды кожоюн.

“Мен чындыкты айтып жатам”,- деп жалынды экинчи адам. Бирок анын сөзүн кожоюну угуп да койгон жок, тескерисинче ага тапшырма берип, башка жакка жөнөтүп жиберди.

Ошол учурда биринчи адам мончодон кайтып келди, аны кожоюну жанына отургузуп “Айтчы мага, сенин досуңдун сага баа бергендеги кептеринин канчасы чындык”,- деди.

“Ал эмне деп айтты, мен жөнүндө жаман нерсе айттыбы?”,- деп сурады биринчи адам.

Ал мага сенин кара-ниет, ач-көз, эки-жүздүү арамза экениң тууралуу айтты”,- деп жооп берди кожоюн.

Ал адам ачууланып, “Ачкадан тарп талашып жегенге даяр иттин гана баласы, ага достук да, намыс да, эч кандай милдет да, эч бир жакшылык жарашпайт”,- деп оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып урушуп баштаган маалда кожоюн анын сөзүн токтотуп, ачуусун басып, мындай деди “Сенин айткандарыңа караганда анык кара-ниет, наадан сенин досуң эмес, сенсиң”,- деди. Сен тазаа жагымдуу болгонуң менен сенин ички дүйнөң кара-ниеттүүлүккө, жаман ойлорго толгон. Андыктан менден алыс отур”,- деп түрттү кожоюн.

Адамдын сырткы келбети кандай гана сулуу, келбеттүү таза жана сөздөрү жагымдуу болбосун, эң негизгиси адамдын сырткы келбети эмес, ички дүйнөсү кең пейил, ак-ниет, мээримдүү болсо, дүйнө жүзү бакытка бөлөнөт.

(Жалал ад-Дин руминин чыгармасы)

Биринин тилин бири түшүнбөгөндүктөн жүзүм үчүн төрт адамдын чатакташкандары жөнүндө

Бөлөк тилди түшүнбөстүк жаман деги турмушта,

Ал достукту бекемдетпей алып келет урушка.

Бир нерсе эле баардык тилде ар башкача аталып,

Кээ бир кезде чырга айланат, билбестикте – каталык.

Түрк келатты парсы менен кошулушуп грек, араб,

Бир дирхемди бирөө берет соопчулукка тек жарап.

Колго тийген бекер акча ортолорун жарды бейм,

Он уктаса, түшкө кирбес азаптарга салды бейм.

Парсы айтат: – Олжобузду ортобузга салалы,

Аныбызга даамдуу, ширин ангур сатып алалы.

– Бул сөзүңдү токтот шумпай! – олурая бир карап, –

Ангуруңду каалабаймын, эйнаб жеймин! – дейт араб.

– Койгула! – деп сөз талашып түрк да мындай дебеспи –

Чырды коюп жүзүм жейли, ошол ширин эмеспи.

Жини келген гректин дагы: – Оңбойсуңар деги эле,

Ажылдашпай стафиль жейли, даамдуу келет эң эле.

Бирин-бири түшүнүшпөй, бир бүтүмгө келалбай,

Төртөө мушка тоюшту бейм айткандарын жей албай.

Бар болгону ортосунда тескери ой түзүлгөн

Болбогондо төртөө бирдей жешмек экен жүзүмдөн.

 

Өз тилинде ар кимиси жүзүм жейбиз дешиптир,

Түшүнбөстүк айып болуп таяк гана жешиптир.

Ызаа, ачуу өкүм сүрүп кээде мындай иштерде,

Зыян гана келтиришет көз, кабырга, тиштерге.

Төртөөнүн тең тилин билген бирөө болсо арада,

Мушташтырбай элдештирмек чаң чыгарбай талаада.

Акчага ал тигилердин каалаганын алдырмак,

Жаңжал эмес, ырахатка моокумдарын кандырмак.

Билгендиктен касиети – зор дүнүйө, курал күч,

Чырды басат, туура чечет, болбойт арты өкүнүч.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс