Вторник , 10-Декабрь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Мен мектептерди ата-эне каржылык колдоого алышы керек, деген позициядамын

Мен мектептерди ата-эне каржылык колдоого алышы керек, деген позициядамын

Уулум 7-класста, кызым 6-класста окуйт. Жылына алардын мектеп фондуна да, класстын фондуна да арынбай акча төгөм. Себеби, менин балдарым шарттары жакшы, окуу куралдар жетиштүү мектепте билим алышын каалайм.

Балдарым Бишкекте №72 мектепте окушат. Мектептин шартына, билимине ыраазымын. Балдар үчүн англис тили, корей тили, шахмат, волейбол, кол өнөрчүлүк, бий, ыр ийримдери иштейт – АКЫСЫЗ. Класстар таптаза, мектептин короосу да сонун. Анын баары ата-энелер берген каржылык көмөктүн натыйжасы. Мектеп администрациясы, класс жетекчилер коротулган акчанын отчетун дайыма беришет. Бербесе, сурап алабыз.

Билим алуу Кыргызстанда акысыз. Ооба, акысыз. Мен мектеп фондуна акчаны баламдын билимине эмес, билим алышы үчүн түзүлгөн шарттарга төлөйм. А билимди болсо мугалимдер акысыз берет, аларга мамлекет айлык төлөйт.

Алган айлыктары да жарытпайт. Айрым ата-энелер бир тойго көтөрүп барган акчага алар бир ай иштешет. Түйшүгүн айтпай эле коёюн. Кошумча каржы төлөп келгем, мындан ары да төлөй берем! Балдарыбызга тамга таанытып, жакшыбы-жаманбы, билим берип келаткан мугалимдерге даңк!

Санжар Эралиев.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс