Пятница , 18-Октябрь 2019
Башкы бет / Досье / Cтамбулдан кат Адахан Мадумаров

Cтамбулдан кат Адахан Мадумаров

Өмүр. Кубаныч. Өкүнүч.

Жүдөмүш ойлор мени кыйнап келди.

Жан дүйнөм оодарылып сыздап келди.

Жашоодо эч бир кызык калбагандай,

Жүрөгүм үн чыгарбай ыйлап келди.

А. Мадумаров

Cтамбулдан кат. Жыл өттү. Айтуу кандай жеңил. Оозуңдун жели гана кетет, Ошол желдин ичинде не деген өмүр жатат. Канчалаган кубаныч, күлкү, канчалаган кайгы, көз жаш. Эмне таптык? Эмне жоготтук?

Арийне, кыргыз баласы катары, эмне болсо да шүгүр дейбиз. Жакшы дейбиз. Өлүм төшөгүндө жатып да жакшы деп өлөбүз. Баарын жоготуп, бир ушул касиетибиз калгандай. Ошондон айырбасын. Мүмкүн ушул касиетибиз үчүн Жараткан Аллаа бизди жакшы көрөөр. Жулунбайбыз, башкаларча жулкунбайбыз. Көз артпайбыз. Көп нерсени тобокелге салып коюп топук кылабыз. Жаманына да, жакшысына тез көнөбүз. Жакшысына караганда жаман жагын көп көрөбүз. Тарыхтан башка баардык илимди жакшы өздөштүрөбүз. Тарыхтан гана сабак алалбайбыз. Өткөндөргө караганда өзүбүздү гана эр санайбыз.

«‘Ушул көптү, ушунуку өттү”» — деп арызданабыз. Башына жамандык түшсө кайра аяп көз жаш төгүп ызы-чуу салабыз. Тирүү жүрсө бура бастырбай жек көрөбүз. Өлүп калса көз жаш төгүп, кылымда бир келчү жан эле деп өкүнөбүз. Айтоор, Кудай сүйгөн, көптүн арасында жашап жүргөн бир керемет калкпыз.

Эң негизгиси жерибиз аман, элибиз аман. Чайкалсак да төгүлбөдүк. Тирешсек да сөгүлбөдүк. Айтайын дегеним тынчтык. Кудай тилсиз жоодон, куру доодон сактады элибизди. Эгин баскан топон суудан, жер силкинген ызы-чуудан сактады. Билгенге ушунун өзү баркталбаган байлык, чексиз бакыт. Көз алдыбызда турса баасы билинбейт. Колдон учса сезилет. Кудай ошондон сактасын. Ал үчүн жогоруда айтылган касиетибиз бекем, ыйманыбыз таза болуу керек.

Ич ара талаштык, тартыштык. Ал болуп келген, боло берет. Өкүндүргөнү күрөш таза өтпөй келет. Баарына бирдей талап болбой жатат. Муну байкаган эл наарызычылык билдирүүдө. Мындан кээ бир азаматтар өз пайдасын көрүп калууга аракеттенди. Элин каттуу сүйгөн болуп, эл деп гана жүргөн болуп күрүчтүн арасында суу ичкен күрмөктөр да жок эмес. Акмат Келдибековго күйгөн болуп, өз саясий маселесин чечип алайын дегендер да аз эмес. Ал жигит андайларга муктаж да эмес. Андайлардын пайдасынан зыяны көп.

А. Келдибеков менен тийиштүү органдар уу-чуусу жок эле мыйзам алкагында ишти жүргүзсө болмок. Ак болсо ак, кара болсо кара деп. Ал жигиттин ар тараптан тажырыйбасы мол, эл керегине жарай турган сапаттары бар азамат. Шоу жасап камабай, бөрк ал десе баш албай, сураштырып алса болмок. Мүмкүн кээ бир кишилерге ушул чуу керектир. Анын арты менен көңүлдү өзүнөн башка жака бургусу келээр, ким билет? Болбосо ошол эле берене (статья) менен шектүү делген кээ бир азаматтар эмнеге эркиндикте жүрүшөт? Кээ бир өкмөт мүчөлөрү, депутаттар жөнүндө эл ачык сайрап жатса да эмнеге чаралар көрүлбөйт? Акылды акча менен, амал-даража менен басынтуу уланып келет.

Эл адилеттүүлүктү талап кылат. Кээде ошол адилеттик кайда экенин өзү да билбей калат. Баары аралашып кетти. Чыныгы кылмышкер кармалса да ызы-чуу, таза инсан кармалса да ызы-чуу. Ак-карасын териштирген киши жок. Баары аралашып кетти. Эл «‘карма эле карма”» деген уурулар шапар тээп жыргап жүрөт, кызматтан кызматка которулат. Тескерисинче, үмүт арткан уул-кыздары сокку жешет. Эч ким түшүнбөй калды. Баары аралашып кетти. Баары жалган. Эл төбөсүнө көтөрүп көкөлөткөнү да, жек көрүп жемелегени да жалган. Себеби так маалыматты, анын ак-карасын көпчүлүк билбейт. Билүүгө аракет да жасабайт. Эмоция, кур намыс, жалган сезим.

Ушунун баары ондогон жылдар бою мамлекеттик органдарга болгон ишенимдин жоголушунан, бүгүн кылмышкер дегендер эртең баатыр, бүгүн баатыр дегендер эртең кылмышкер болуп чыга келишкенден болуп жатат. Мамлекеттик ыйык түшүнүктөр калбай баратат. Кимдин колунда гезит, телерадио, интернет сайт болсо ошол баатыр болуп калды. Эл кимге ишенээрин да билбей маң болду. Баарын акча чечет. Талантың таш жарып турса да теледен көрүнбөйсүң, ага да акча керек. Клип тартуу керек. Үч күндүк ырлар менен экранды ээлеп, радиону бербей койсоң болот. Акча, акча гана болсо болду. Саясат түшүнө кирбегендер саясатчы болду. Укук түшүнө кирбегендер укукчу, ыйман түшүнө кирбегендер молдо, эл эмес өзүнүн көчөсү тааныбагандар министр-аким, серепчи болушту. Баары аралашып кетти.

Кечээ эле президенттер эмес, алардын «аялдары менен балдары да кыргыздын бактысына жаралган» деп жар салып жүргөн кээ бир «баатырлар» бүгүн да сый үстүндө. Балдары менен чогуу акча жасагандар бүгүн да мансап үстүндө. Алар менен күрөшүп жүргөндөр бүгүн да ак карга. Баары аралашып бүттү.

Биздин бирөөгө капа болгонго укугубуз барбы? Жок. Өзүбүзгө. Өзүбүзгө гана капаланышыбыз керек. Баарын акчага алмаштырдык. Мечит же мектеп курганга караганда базар курганды, мугалимге караганда базаркомду, акынга караганда соодагерди, жазуучуга караганда «‘көз-ачыкты”» көбүрөк сыйлап калган күнөө өзүбүздө. Адамдын башындагы акылын эмес ак-үйдөгү жакынын, адамдык турпатын эмес ээлеген кызматын, көзүндөгү отун эмес казанындагы этин, көкүрөгүндөгү оюн эмес короодогу коюн баалап калган ким? Биз.

Айылга бүгүн Эрмек Мойдунов, Самара Токтакунова, Нурак Абдыракманов келет экен десе ишибиз да жок. Баланчы улак берет экен десе сүрүлүп барабыз. Калппы? Баары аралашып кетти.

Жакында улутубуздун руханий дүйнөсүнүн азыгы болгон «Манастын» үчилтигин кайра окуп чыктым. Ошондогу арманыбыз, күйүтүбүз, тилегибиз күнү бүгүнкүдөй жаңырат. Ошондогу кара булут бүгүн да үстүбүздө тургандай. Ошондогу душмандар бүгүн андан да күчтүүрөөк болуп арабызда жойлоп жүргөндөй. Ал кезде билчүсүң ким дос, ким душман экенин. Бүгүнкү душманыңдын амалы да, алы да көбүрөөк. Себеби ал сенин тилиңди да, дилиңди да өздөштүргөн. Бүгүнкү күндүн «‘Канчоролору”» ар бир айылда, ар бир партияда бар. Алар өзүлөрүнүн куйту жана бүлүндүргүч иштерин тыным албай жүргүзүүдө. Канчалык кооптуу жана коркунучтуу. Себеби, ошондогу элди бир дарактын тамырындай кармап турчу кайран балбан Кошой жок. Тайгак жерден жол тапкан, намысын эч нерсеге сатпаган, бүтүн элге тең караган кайран калыс Бакай жок. Алардын ордунда базар-акасакалдары, базар-академиктери, базар-интеллигенттери. Баары аралашып бүттү. Эмне калды? Үмүт. Жалгыз гана үмүт калды. Жалгандын суусун ичип, көзүң жылтырап, жүрөгүң согуп турганда, жакшылыка деген үмүт гана. Үмүтсүз жалгыз шайтан. Үмүтсүз калгандан Жараткан Аллаа Өзүң сакта!

Адахан Мадумаров

27.12.13

Стамбул шаары.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс