Пятница , 18-Октябрь 2019
Башкы бет / Аналитика / АЗЫРКЫНЫН “АЛГА КЫРГЫЗСТАНЫ” ЖЕ “АК ЖОЛУ” КАЧАН АНЫКТАЛАТ…

АЗЫРКЫНЫН “АЛГА КЫРГЫЗСТАНЫ” ЖЕ “АК ЖОЛУ” КАЧАН АНЫКТАЛАТ…

Президент С. Жээнбеков жана анын жакынкы чөйрөсү кезектеги парламенттик шайлоого ич ара абдан катуу даярдык көрүп жатканы маалым. Ал эмес президент Жээнбеков өзү айрым депутаттарды бирден чакырып, алардын максат-ойлорун сураштырып жатканы тууралуу маалыматтар бар.

Бийлик келерки шайлоодо үч-төрт партияны алып чыгууну көздөп келет. Алардын бири айкын болду. Ал Канат Исаев башында турган “Кыргызстан” партиясы. Бул партиянын өкүлү болгон Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков орусча жазылган текстти эптеп окуй албаган менен президенттин ишенимине кирүүдө эпчил болуп, бул жагынан кынтыксыз келатат.

Партиянын лидери Канат Исаев да президент жана анын жан-жөкөрлөрү менен көп иштерде эриш-аркак болуп, ал тургай келерки президенттик шайлоо жөнүндө алгачкы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жибергени тууралуу сөздөр бар. Президенттик шайлоо эми өзүнчө сөз. Ал эми азыр эң актуалдуу болуп жатканы парламенттик шайлоо болуп турат.
Ошентип, парламенттик шайлоодо бийлик сүрөй турган үч партиянын бирөөсү аныкталып калды. Эми бийликтин НЕГИЗГИ партиясы жана ЖАНДООЧУ үчүнчү партиясы аныкталууга тийиш.

Жандоочу партия ролуна “Мекеним Кыргызстан” партиясы каралып жатканы маалым. Бул партиянын өзү да, лидери да көпчүлүккө таанымал эмес. Бирок партия кожоюндары шайлоо технологиясын (Кыргызстанда эң башкы технология акча таратуу) мыкты өздөштүргөн, бул жагынан тажрыйбасы бар ишкерлер, куруучулар. Кезинде айтылуу айдоочу Илмиянов асыраган “Мекеним Кыргызстан” Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана башка шаардык кеңештерге шайлоодо ийгиликке жетишип, фракцияларды түзгөн. Бул партиянын чыныгы лидери же ээси “Ихлас” курулуш компаниясынын кожоюну Нурбек Осмонов жана анын иниси экени белгилүү.
Мына ушул “Мекеним Кыргызстан” партиясына Осмоновдун ишкерликтеги өнөктөшү айтылуу Матраимовдор да ыктап, тизмесине балдарыбызды киргизсек деп турат.

Эгерде президент жана анын жакын айлана-чөйрөсү Матраимовдорду (репутациясынан чочулап) НЕГИЗГИ партияга чакырбаса, анда алар “Мекеним Кыргызстанга” биротоло ыктап кетиши ыктымал. Албетте, Матраимовдор бир партия менен чектелбейт. Алар башка партияларга да балдарын, акчасын салат. Алар “бардык жумуртканы бир себетке салбоону” алда качан өздөштүрүп алышкан.

Бийлик болсо кайсы партияны НЕГИЗГИ партия катары алып чыксак деп ойлонуштурууда. Мүмкүн партия тандалып алынгандыр, бирок ал кайсы партия экени айтылбай турат. Ошондуктан көптөгөн саясий оюнчулар “шеф эмне дейт” деп, “ай караган текедей” Акүйдү карап турат.

Эски КСДПыны алып чыгууга болбойт. Бир жагынан мөөр, документтерин Атамбаев катып кетсе, экинчи жагынан бул партиянын репутациясы да болбой калды. Ошондуктан башка партия болууга тийиш. Бирок жаңы партия түзүлсө, ал Акаевдин “Алга Кыргызстаны” же Бакиевдин “Ак Жолу” катары кабылданып, терс реакция жаратышы да ыктымал.

Бирок да болочоктогу бийликтин НЕГИЗГИ партиясынын жана анын тизмесинин үстүнөн Асылбек Жээнбеков, анын эң ишенимдүү адамдарынын бири Төрөбай Зулпукаровдор иштеп жатканы белгилүү. Алар азыркы КСДП фракциясынан, президентке өтө качкан “Республика-Ата журт”, “Өнүгүү” жана башка фракциялардагы депутаттардан, сырттагы талапкерлеп арасынан тандап, НЕГИЗГИ партиянын тизмесин түзүп жаткан болуш керек…

Aidanbek Akmatov.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс