Вторник , 10-Декабрь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / …дагы бир жолу “Азаттык” тууралуу

…дагы бир жолу “Азаттык” тууралуу

Олжоке өз постунда жазгандай, Р. Матраимов шектүү жол менен байыган деп, Азаттык иликтеди жана иликтеп жатат. Макул дедик. Туура, журналисттин иши ошол. Талашсыз, Азаттыкта азыркы күндө да эң бир күчтүү жана такшалган журналисттер эмгектенүүдө.

Бирок, кош стандарттар Азаттыкта болуп эле жатат. Мисалы, Текебаев туурасында жалаң позитив жазып, терс маалымат жарыялашпайт. Албетте, мен порно тасманы айткан жокмун, мен мародерлук боюнча айтуудамын. А Салянованын өз кезиндеги беспределин такыр айтышпады. Отунбаеванын Лондондогу алган үйлөрүн неге иликтешпейт?

Ал эми Азаттык менен Атамбаевдин “сүйүүсүн” сөз менен айтып бүтө албайсың. Коррупция менен күрөшүүдө тандалма ыкма деп айтышканы менен, Азаттык өзүндөгү кемчиликтерди көрбөйбү, жойбойбу? Олжоке, калыс болуу үчүн, эки тараптын тең оң-терсин бирдей карабайлыбы? Эмне үчүн, жакында жарыяланган Азаттыктагы непотизм боюнча түзүк түшүндүрмө беришкен жок? Шайырбек Эркин Aidanbek Akmatov., Aida Kasymalieva лар туурасында адам ишене турган, жүйөлүү аргументтерди келтиришпеди.

Дагы бир нерсе, Олжокеге жакпаган пикирдин ээлери дөөдүр болуп, жаккан пикирлердин ээлери акылдуу, прогрессивдүү болуп калабы? Же, Текебаев бошотулса демек сот адилеттүү болуп, бошотулбаса ошол эле соттор акмак дегендей болуп калат окшойт? Баса, Атамбаев өз кезинде Текебаевди болбогон ушак менен камап салды деп, мен ачык айтканда, көпчүлүгүнөр тымпыйып, үн кошкон эмес элеңер. А бүгүн, кайрадан ТОЧко намаз окуп баштадыңар.

Шаирбек Маматокторов.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс