Пятница , 18-Октябрь 2019
Башкы бет / Аналитика / КИМ ЧЫККЫНЧЫ?…

КИМ ЧЫККЫНЧЫ?…

 

АШАдан калган КСДП фракциясында Элвира Сурабалдиева деген депутат бар. АШАга жагалданып жүрүп депутат болгон. АША ээрден кыйшаяр замат чыккынчылык менен аны сатып,жаңы кожоюнга жагалданып, кошоматка кой союп жан алекетке түшүп жүрөт.
Мындай кошоматчылыктан сырткары Элвира Сурабалдиева ары-бери урунганды жакшы көрөт… Жакында эле “жылан чагып, жылкы теппей” Темир Сариевге догурунган…Эми Адахан Мадумаровго асылып чыкты. Ош-Исфана жолу курулуп калсын, Лейлек, Баткен району, Сүлүктү шаарынын тургундары тажик тосмо бекеттеринен кайра-кайра текшерүүлөрдөн өтүп азап тартпасын, кемсинтилбесин, өз мекенинде кенен-кесир каттасын деген максатта кол коюлган протокол үчүн А. Мадумаровду Сурабалдиева “чыккынчы” деп атаганга барды. Бир протокол менен чек ара аныкталбасын төрт жылдан бери депутат болуп отурган Сурабалдиева билип калды болуш керек.

Чек араны, жердин тагдырын аныктоодо юридикалык күчү жок мына ошол протоколду ички саясий күрөштө колдонуп, тажиктер мына ошону карманып жатат деп, тажиктердин чырагына май тамызган Сурабалдиевалар чыккынчылык кылып жүрбөсүн?…

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс