Вторник , 10-Декабрь 2019
Башкы бет / Аналитика / Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы  маданий өкүлүнүн Бишкек шаарына келгендеги алгачкы үч айдагы эскерүүсү

Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы  маданий өкүлүнүн Бишкек шаарына келгендеги алгачкы үч айдагы эскерүүсү

2019-жылдын 19-март айы Ашхабад көчөсүнө бет алдым, жок шаар эмес, ал Бишкек шаарындагы Ирандын маданий өкүлчүлүгү жайгашкан көчө. Аңгыл-дөңгүл, чаң баскан борбор шаардын көчөлөрүнө эч дал келбеген көчө.

Ошентип, Борбродук Азияны Бишкек шаарынан баштадык жана бүгүн бул жакка келгениме толук 90 күн болду. Ал эми калганын биз менен болуңуз……

Иран  Кыргызстандагы Элчилиндеги алгачкы жолугушуу

Ала – Тоо аянты, Бишкектеги эң алгачкы күн

Бүгүн, Бишкек шаарына келгениме үч ай толуп, экинчи үч айдын башталашында турам. Бул жакка келгенимдин себеби жаңы жумуш ордум. Бу жолу Борбордук Азия, Кыргызстан, так ошол ар кандай булактардан, акыркы убактарда көбүнчө сайттардан окуп, таанышкан өлкө. Өткөн-кеткенди барактап отуруп, мен таанышып, баарлашкан алгачкы кыргыз инсаны ошол заманда Парламенттин башчысы болуп турган Шеримкулов[1]мырза эле.Ал инсан менен Тегеран шаарында бир канча күн анын котормочусу катары жанында жүргөм. Ал заман 20 жыл мурун Кыргызстан өз алдынча эгемендүү мамлекет болуп, ар кандай саясий, маданий, илимий жана диний делегациялардын жолу чет өлкөлөргө жана Иранга ачылып баштаган учур эле. Анда санда өзүмдүн изилдөөлөрүмдө жана Тегеранда өтүүчү эл аралык китеп көргөзмөлөрдө (Кыргызстан китептер бурчу), эл аралык конференцияларда катышкан кыргыздардан Кыргызстан жөнүндө угуп, изилдеп жүргөм. Ирандыктардын Шахнамесине окшогонкыргыздардын Манас эпосуфарсы тилине толук жана так которула элек. Чынгыз Айтматов жана анын атагы далайга чыккан чыгармалары жөнүндө биздин Иранда иш чараларды өткөрүү ылайык.  Бир кездерде бир канча жыл мамлекетти башкарып турган Аскар Акаев азыр бир тууган –оруссияга биротоло кеткен. Кыргызстанда таасирдүү жана активдүү айымдардын символу болгон экс-президент Роза Отунбаева,азыр да коомдук жана саясий чөйрөдө активдүү иш алып барат.  Ал эми Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаев жөнүндө айтсам, биринчиси

Белорусияда баш калкалап, күн өткөрүп жүрсө, экинчиси оппозицияга кабылган, ал азыркы  президент Сооронбай Жээнбековдун кыйышпас досу эле. Ал эми Жоогазын төңкөрүшү жана америкалык база сыяктуу башка чет элдик нерселер байкалбайт. Бул мамлкетке агылып келген

                                                                                                                                                                                Шеримкулов М. – мамлекеттик ишмер, КР ИИРдагы экс-элчиси.

түрктөрдүн маданий топтору, күндөн күнгө арбып күч алып аткан кытайлардын экономикасы, арабдардын күндөн күнгө көбөйүшү, индус студенттеринин агылып келиши, расмий эмес чет элдик уюмдар тарабынан байма бай өтүп турган ар кандай кайрымдуулук программалар менен фестивалдар Кыргызстандын Борбордук Азиядагы  демократиялык мамлекет экенин баса белгилейт.А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын улуттук китепканасынын жогорку деңгээлге чыгышы Бакашева Жылдыз айымдын кадыр баркы деп айтса болот жана андай кадыр барктуу, иштин майын чыгара билгендер депТаласбек Машрапов[2] менен Рустам Кошмурадовду[3] да айтуу зарыл. Ал эми Нурланбек Балтабаевдин[4]айтып бүткүс маселелери, фарсы тилинде өзгөчө ширинсүйлөгөн Мамедова Малахатты[5] угуп отуруу, айтып бүткүс. Малахат Мамедова менен жыйырма жылдан ашык жыл мурун Тегеранда өткөн эл аралык конференцияда таанышкам. Бишкектеги балдар жана өспүрүмдөр “Сейтек” улуттук борборунун жетекчиси абдан сабырдуу жана жөнөкөй Сабийра Челпаковааталган өлкөдөгү балдар жана жаштар искусстволук топтору менен мамлекеттин илим жана билим тармагына чоң салым кошуп келген жана кошот деп айтса болот. Фарсы тили менен ирантаануу чырагын Манастын алтын жергесинде өчүрбөй жандырып

                                                                                            Бишкек шаардык №2 мектеби                                                                                        Бишкек шаардык №31 мектеп-лицейи

келген фарсы тили мугалимдер менен ирантаануучулар жөнүндө да айта да жаза да кетүү зарыл. Аларды атай кетсек Закиров К., Нусубалиева Э., Исабаева А., Асанова А., Сакимбаева Б., Ильяс к.Т., Замирбек к.П. жада калса өзүбүздүн Золейха Сагафибиз[6]. Ал эмиКоусар фондунун фарсы тилин бүтүргөн  бүтүрүүчүлөрү жөнүндө айтсак, алардын кээ бири Кыргызстандын коомдук диний чөйрөсүнөн орун алышып, активдүү иш алып барышууда. Андан тышкары Бишкек гуманитардык университетинин бүтүрүүчүсү Мариям Элиана Сатарова[7]диний иш чаралардын алкагында диндар жаш кыздар, балдарды чогултуп, абдан активдүү иш алып барууда. Булардын барын айтып Кадырларды айтпай койуу мүмкүн эмес. Алардын бири[8] дин тармагында жан дили менен эмгектенген белгилүү илимпоз болсо, экинчиси[9] тажиктен чыккан аздыр көптүр Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Элчилиги менен маданий өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгүнө активдүү катышып, анын тарыхы менен андагы болуп турган нерселерден кабардардай сезилет.

Окуялар менен эскерүүлөргө бай бул күндөр кандай гана бат өттү. Көңүлүмдүн түпкүрүндө, ички дүйнөм, жан дилим менен ыраазы экенимди жашырбаймын. Тескерисинче, алгачкы күндөрү бир аз кыйын болду, бирок көп өтпөй айлана-чөйрө, адамдарына көнүп кеттим. Андан бери үч ай өтсө да, бул жакта жүргөнүмө үч жыл өткөндөй сезилет.  Көп жылдан бери бул элдин

Б. Ельцин атындагы КРСУ

                                                                                                                                                                                                                            Б. Ельцин атындагы КРСУ
маданиятын, каада-салтын, үрп-адатын билгендей сыяктуу. Өткөн үч жыл ичинде тажрыйба топтоп, жаңы таанышуулар, досторду таптым деп айта алам. Алгачкы күндөрү бир аз кыйын болду, бул да болсо табигый нерсе, бирок баардыгы эмес. Шаарга келгенимде негизги шарты анча эмес, көчөсү аңгыл-дөңгүл, эски темир дарбазасы бар, стандартсыз салынган биздин маданий өкүлчүлүктүн имаратынын сууктугу мени тынчсыздандырды. Тез арада мындай тынчсыздануудан чыгышым керек эле, бирок жүрөгүмдүн опкоолжуп соккону токтогон жок, мен да токтотконум жок. Ошентип, жаңы иш ордумда, жаңы миссия менен иш башталды, иштөөдөн башка артка жол жок эле. Иш бат бирок кандайдыр бир деңгээлде олуттуу башталды. Алгачкы олутту жана расмий ишим Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунан (Биздин Ирандагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн ой-толгоосун өнүктүрүүуюму сыяктуу) анын жетекчиси Сабийра Муслимовна Челпакова менен башталды. Анда “Сейтек” борборуна караштуу колледждин Нооруз майрамына карата ачылыш аземи, нооруз майрамы, Иран менен Кыргызстандын маданий окшоштуктары жөнүндө алгачкы интервьюм, аталган колледждин атайы даярдалган чакан майрамдык программасында сүйлөгөн сөзүм, эң алгачкы таанышуум жана кыргыздар менен чогуу отуруп даам татуум, алардын нооруздук каада-салты, үрп-адаты менен таанышуу болду. Мындай жолугушуу Нооруздук программалардынкоштоосу менен Кыргызстандагы ар кандай борборлор менен уюмдарга баруум менен уланды, атай кетсем 21-мартта Ала Тоо аянтындагы Нооруз майрамына арналган атайы программа, Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин Кыргызстанда жашаган ирандыктар үчүн өткөргөн нооруз майрамы, Кыргызстан эл аралык университетинде өткөн нооруздук майрам, мен бул университетте фарсы тилин үйрөнүп аткан студенттердин Нооруздук видео куттуктоосун тартууга жетиштим. Андан соң акырындап маанилүүлүгүнө жана маңызына карай жолугушуулар нук алып, Кыргызстандагы коомдук, маданий, илимий борборлор, мекемелердин жетекчилери, инсандары менен жолугушуу башталды. Аны менен бирге адатка айланган кат, отчёт, ой-толгоо, ички ой-толгоомду, эскерүүлөрдү жазуу да маанилүү эле. Мага мындай жазуунун түрлөрү, өзгөчө, эгерде ал жазуулардын кээ бирин  жакын досторум менен бөлүшсөм, абдан жагат. Мындай жылуу маанайдагы жолугуушулар тактап айтканда фарсы тилин окутуп жүргөн Бишкек шаарындагы 2, 28 жана 31 мектеп-лицейлери,

 

 

 

А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын улуттук китепканасы, Фирдоуси атындагы фарсы адабияты борбору,

Түрк Эл менен жолугушуу                                                                                                                                                            Алмаз радиосу менен жолугушуу

Алмаз радиосу, Түрк эл ж.б. менен болду жана ага улай дагы бир олуттуу иш баштадым. Ал “Жибек жолу” аталыштагы эл аралык интерактивдүү көргөзмө болду. Бул көргөзмө биздин маданий өкүлчүлүктүн алдын ала пландалган иш тартибинде жок болчу, бирок андан баш тартуу да мүмкүн эмес эле, анткени Иран мамлекети Байыркы улуу жибек жолунда абдан маанилүү орунду ээлеген жана азыр да ээлейт, биздин Ирандын байыртадан калган тарыхый жерде канчалык деңгээлде маанилүү экенин баса белгилеп, көргөзмөнүн көркүн ачуубуз керек эле. Биргелешип ойлонуп, колубуздан келишинче ар кандай тармакта иш чараларды аткарып, Ирандын зоболосу көтөрүлүп, көргөзмөгө катышууда бедели жогорулашы үчүн  биз даярдаган нерселер менен эле токтоп калбастан Ирандан да эки өнөрпоз чакырдык.  Бир айга жакын созулган көргөзмөнүн жыйынтыгы адамды ыраазы кылаарлык болду.  Бул көргөзмөгө катышууда, андагы маселелерди жалгыз өзүм аткардым деп айта албайм, анткени биздин Элчиликтен да, Иран медресесинен да жана биздин  маданий өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин бардыгы өзүлөрүнүн талыкпаган иш аракеттери менен бул ишке жан дили менен берилип катышышты. Биздин ички туюмубуз канаттануу болду.  Көргөзмө болуп аткан күндөрдө биздин Элчибиз Иранда болгондуктан, Бишкеке катйып келээр замат жолугушуу уюштуруп, “Жибек жолу” эл аралык көргөзмөсүнө активдүү жана натыйжалуу катышкандыгыбыз үчүн маданий өкүлчүлүккө өзүнүн терең ыраазычылыгын билдирип,  аталган иш чарага катышуу Элчилик, Маданий өкүлчүлүк, Иран жана Кыргызстан менен чогу чара өткөргөн менин алгачкы кадамым экенин кошумчалады.

                                                                               “Жибек жолу” эл аралык интерактивдүү көргөзмөсү

“Жибек жолу” эл аралык интерактивдүү көргөзмөнүн алкагында өткөн Иран күнү көргөзмөсүнүн расмий ачылыш мааракесинде Роза Отунбаева айымдын абдан маанилүү жана таасирдүү сүйлөгөн сөзү бардык нерседеначык айкын болду жана ошол Кыргызстанга келгенимдеги алгачкы 45 күндүн ичинде  жакын досторумдун бири  айткандай кыргыздар арасында аларга жылуу сезим пайда болду.

Эң аз дегенде ички оюмда Кырызстанда коомдук, саясий, маданий чөйрөдө таанымал болгон мамлекеттин экс-президенти, “Жибек жолу” эл аралык көргөзмөсүнүн уюштуруучусу Роза Отунбаева себеп болду. Мындай иш чара  мендей жөнөкөй адам үчүн абдан баалу болду жана баалуу. Анткени мындай иш чараларды өткөрүү менен алардын улуттар аралык маданий мамилени чыңдашына өбөлгө түзүүаракети кээ бир жерлерде  катталып калат эмеспи.

Албетте биздин маданий өкүлчүлүктүн, аталган көргөзмөдө жемиштүү катышканынын артында жан дили менен берилип, маселеге олуттуу карап иштеген биздин кызматкерлер, өзгөчө котормочу болду, чындыгында аны биздин өкүлчүлүктүн негизги таганчыгы деп билсе болот. Ал жөнүндө жана өкүлчүлүктүн башка кызматкерлери жөнүндө айта турган сөздөр, жаза турган нерселер али алдыда, өз кезеги ыңгайына жараша сөзсүз айтылат.

 

Абдан кызыктуу жана масштабдуу “Жибек жолу” көргөзмөсүнүн программасы активдүү уланып жатты. Көрүүчүлөр ар бир мамлекеттин тарыхы, маданияты, каада-салты, тамак-ашы жана башкаөзгөчөлүктөрүчагылдырылган бурчтар менен таанышып, көптөгөн иш-аракеттер, жолугушуулар, сүйлөшүүлөр, убадалар өз нугу менен жүрүпатты. Албетте акыркы сөздү анчейин деле жактыра бербейм. Мен өзүмдүн  жашоомдо кимдир бирөөнүн убада берип, аны аткарбай койгон учурлар болбой койбойт, бирок Кыргызстанга келгендеги кыргыз тарап менен болгон жолугушууларда алардын биздин ирандыктардын кыргыз тарап менен келишим түзүп, бирок берилген убадалар толугу менен аткарылбаганы жөнүндө арыз муңдарын угуп, маанайым түштү. Бул да болсо менин тажрыйбама тажрыйба кошуп, Кыргызстага келгендеги үч айдын ичиндеги ачуу эскерүүм деп эсептөөгө болот. Менин мурунтан топтолгон жана азыркы тажрыйбамдагы бул арыз-муңдар, ачуу эскерүүлөр азыркы биздин бюджеттик шартыбызга байланычтуу десем жаңылышпайм, мындай тажрыйбалар менин алдыдагы жолугушууларда, сүйлөшүүлөрдө өзгөчө биздин жылдык программабыздар тышкаркы сунуш, иш-чараларды жүргүзүүдө мүмкүн болушунча этияттык менен мамиле кылуума түрткү берди. Мындай учурлар көбүнчө жолугушкан тарапубаданы чындап кабыл алып, иран тарапка ишенгенин этибар албай туруп, алардынкөңүлүн оорутуп албаш үчүн берген убададан улам келип чыгат эмеспи жана мындай майда-чүйдө нерселерден улам чет элдик тарапка биз жөнүндө терс жана туура эмес ойлор пайда болот эмеспи.

Менин Кыргызстанга келгенимдеги үч айдын ичинде башталган иштер, өткөрүүчү программаларжана изилдөө иштери негизинен жакшы нук алды. Алар биздин маданий өкүлчүлүктүн сайтын активдештирүү (албетте бул жөнүндө көптөгөн маселелер бар жана аларды чечүү иштери дагы да болсо жүрүүдө), коомдук сайттарда өздүк барак ачуу, анын тартибин жөнгө салып, анын активдүү иштешине өбөлгө түзүү, улуттук китепкана менен активдүү кызматташуу, Кыргызстандагы университеттер менен мектептердеги фарсы тилин үйрөтүү тармагын колдоо, биздин Бишкектеги Элчилик менен бирге чогуу чарай иш-аракеттерди өткөрүү, Ирандын маданияты жөнүндө орус тилинде брошюра китепчелерди чыгаруу, Бишкектеги Альхода борборунун ишмердүүлүгүн жакшыртуу, бир нече маанилүү илимий жана байкоо жүргүзүүчү иштер жана маданий өкүлчүлүктүн ичиндеги кээ бир өзгөрүү иштери …. деп айтса болот.

Жогоруда айтылган үч айдын ичинде натыйжалуу өткөн иш чараларды талдап, баа берүүгө да болот. Андагы сын менен баа берүүлөрдөн бардыгы ачык айкын көрсө болот. Ар бир өкүлчүлүк өзүнүн алдын ала түзгөн пландары, каражаты, мүмкүнчүлүгү, жумушчу күч ж.б. негизинде иш алып барат жана мен мурунку жетекчилик пландаган иш чаралардын улантуучусумун. Менин оюмча дээрлик көп программаларды толугу менен аткаруу мүмкүн эмес жана маданий иш чаралардын баардык тармактарын өзүнө камтый албайт. Бул планды тууралаш кыйын жана биз бул жылы мурунтан пландалган иш чараларды улантуугамажбурбуз. Ал эми “Жибек жолу” эл аралык интерактивдүү көргөзмөсүнө активдүү катышуу, Ош шаарына болгон сапарыбызды Ош мамлекеттик университетинин жетекчилиги жана андагы фарсы тилин окуган студенттер менен жолугушуу, Ош шаарында өткөн Рамазан чатыры 2019га катышуу, сайттардын иштерине көңүл буруп аларды активдештирүү,  университеттер жана мектептердин жетекчиликтери менен жолугушуу, өлкөдөгү кээ бир борборлор менен кызматташуу иш пландарын түзүү, Кыргызстандагы белгилүү жана беделдүү инсандар жана Умма, Рудаки уюму сыяктуу уюмдар менен кызматташуу, маданий өкүлчүлүктүн ижарага алган азыркы имаратынын кожоюну менен келишимди жакынкы үч айдын аралыгында ишке ашыра турган үч негизги шарт менен узратуу (ал коюлган үч шарттын бирин дароо бир жума ичинде  аткарып, ал эми имаратты жылуулоо шарты болгон экинчисинин иштери жаңыдан башталып атат), андан тышкары имараттын ичиндеги жасалгаларды өзгөртүү жана башка иштерди айтсам болот.

Ошентип менин негизги айтайын дегеним аягына чыкты, азыр мен отурган унаанын сааты таңкы 7:10 ду көрсөтүп турат. Бишкек шаарынан чыкканыма 40 мүнөт болду. Бардыгынан кызыгы маданий өкүлчүлүктүн шоопуру тажиктен чыккан Валижан унааны токтотуп, бизге унаадан түшкүлө деп айтып жатат, анткени бул жак Кыргызстан Казакстан ортосундагы чек ара, ал жактан биздин паспортторубузду текшеришет.

Ооба, биз Казакстанга кирдик. Дал ошол КМШ өлкөлөр ичинен мен идеал туткан Казакстан.  Албетте анын идеалдуулугу тастыкталган жок, мен да Манас жергесине баруу үчүн дал ушул Казакстандын Алматы шаары аркылуу үч жыл бою ары бери каттап турмакчымын. Мурун Казакстанда болбосом да Кыргызстан менен Казакстандын айырмасы чоң экенин билем жана билчүмүн. Казакстандын жашоо турмушу, шаарлары, илим жана билим жана экономикалык абалы бир гана Кыргызстан эмес, кээ бир Борбордук Азиядагы мамлекеттерден асман менен жердей айырмаланып турат, бирок мен Кыргызстанда болгонума ыраазымын. Ким билет, мүмкүн келечекте башка кызмат менен кайрадан бул аймакка кайтып келем. Таптакыр мүмкүн эместей сезилбейт. Муну менен мен өзүмдүн өжөр экенимди тастыктайм, анткени орус тилин мындан да мыкты үйрөнүүгө далалат кылам. Ошондуктан мен Кыргызстанга келгенимдеги алгачкы үч айда бул маанилүү нерсеге маани бербептирмин. Ошентип биз Кыргызстан жергесинен чыгып Казакстандын чек арасынан өттүк. Менин оюмча, азыр жазуумду токтотуп, Кыргызстандын чек арасынан баштап Алматы шаарына чейин мурунтан арзуу кылып келген Казакстан жергесинин ажайып табиятын, кооз жерлерин көрөйүн.

Ал эми буга чейин унаа ичинде жазган эскерүү Кыргызстандагы үч ай ичиндеги иш аракеттер отчет, өзүмө өзүм баа берүүм болду.  Өткөн кеткенге көз чаптырсам үч айдын ичинде көптөгөн нерселер болуп өтүптүр. Булардын барына өзүбүздүн сайтты ачып, карап отуруп ынандым. Ооба, бул сүрөттөрдү мен Иранга бир жумага кеткенимде,  биздин маданий өкүлчүлүккө тагуусун айтайын.

Бул өзүмө өзүм отчёт берүү, өзүмдүн иштериме баа берүү, салыштыруу иштериболгону ар  бир адамда бар жоопкерчиликти сезе билүү жана биз аны жакшы аткарууга аракет кылышыбыз керек. Эгерде менин бүгүнкү күнүм менен эртеңки күнүм окшош болсо, анда бул иштин солгундоосу жана токтоп калуусу, ал эми өзгөчө бүгүнкү күн андай солгундай турган күн эмес. Менин оюмча, мен мүмкүн болушунча жана  колумдан келишинче өзүмдүн вазыйпамды аткара алдым деп ойлойм. Ар бир эле аткарылган жана аткарылып жаткан иштерди толугу менен аткаруу биздин колубузда эмес. Биз болгону өзүбүздүн вазыйпабызды аткаруучубуз, ал эми калганы Кудайдын колунда.  Эң негизгиси менин көңүлүм тынч, ынсабым таза, менин ички дүйнөм рахаттанып, жан дилим менен кылган иштериме ыраазымын, андыктан ишимди көптөгөн ийгиликтердин коштоосу менен улантам деген үмүтүмө үмүт кошулду.

Оо жараткан Кудайым, адамдардын жакшы ниеттерине өзүң күбөсүн! Бар үмүтүм, ишеничим сенде!   Сенден башкага ишенбейм, анткени Сен барсың, андыктан азыр ички дүйнөмдөгү айтчу сөзүмдү жазып жатам, ал эми башкалар эмне десе ошо десин. Мен жакшы жетекчи жөнүндө жазбаганыма жана жазбай турганыма жана бул калемди жетекчини мактоо үчүн албаганыма Өзүң күбөсүң… бирок мен бул баалуу калемди бирөөнүн кордоосуна таштабайм жана башкалардын иштеген ишин, адеп ахлагын, ынсабын түшүнүү менен карап адилетүү болууга аракет кылам.

Адам кечинде эс алуу үчүн башын жаздыка койгонунда, көз ирмемге ой жүгүртөт жана бул ой жүгүртүү адамдын ынсабынан жаралып, кандайдыр бир туюм жаратат. Бул туюм ыраазылык туюм менен ички дүйнөнү курсанттыгы болсо гана. Эгер инсан өзүнүн ишинде, кыймыл аракетинде ички канаатанууну сезсе, ошол эле жетиштүү. Бул динге ишенүү, өткөн күндөгү болгон нерселерди кечирүү. Жараткан Аллахым мен дайым ички дүйнөмдү тынчытып, ички дүйнөмдүн жай алышын, ички дүйнөмдүн пакиза болушун камсыздоо аракетиндемин, бирок булар жоопкерчилик сезүүсүз, жумуш ынсабысыз, коомдук тартипсиз болбойт.

Баса акыркы эки сөздүн жумуш ынсап жана коомдук тартиптин мааниси менин жашоомдо өзгөчө таалимдик, мазмундуу жана маңыздуу орунда турат жана мен ар дайым өзүмдүн ишимде буларды колдонууга аракет кылам.

Мен өзүмдү өзүм сындап, берген баам, башкалардын мага берген баасы менен анчалык айрмаланбашынан үмүттөнөм.

Парвиз Гасеми

Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси

Дүйшөнбү 17.06..2019, таңкы саат 8:20

Бишкек-Алматы жолу

[1]

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс