Понедельник , 18-Ноябрь 2019
Башкы бет / Аналитика / ПАРЛАМЕНТТИ ТАРАТУУ КИМДЕРГЕ КЕРЕК?

ПАРЛАМЕНТТИ ТАРАТУУ КИМДЕРГЕ КЕРЕК?

Азыркы президент С. Жээнбеков парламенттик шайлоо өз убагында же 2020-жылы күз айларында болуш керектигин бир нече жолу билдирген. Бирок ага карабай “парламент тарайт экен, жакынкы айларда мөөнөтүнөн мурун парламенттик шайлоо болот экен” деген сөздөр чыгып келатат. Андай имиш сөздөр акыркы күндөрү кайрадан күч алды.

Азыркы Конституцияга ылайык парламент эки учурда гана тарашы мүмкүн. Биринчиси, Жогорку Кеңеш конституция берген мөөнөттөрдө коалиция түзүп, өкмөттү курай албаса, экинчиси, конституциялык көпчүлүк добуш менен өзүн-өзү таратуу жолу бар.

Өкмөттү куроо маселеси бизде жок. Өкмөт куралган. Демек, бул жол менен парламентти таратуу мүмкүн эмес.
Ошондуктан экинчи вариант калат. Бул үчүн депутаттар тобу парламентти таратуу демилгесин көтөрүүгө тийиш. Аны ишке ашырууга 80 добуш талап кылынат.

Парламентти таратуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү кимге же кайсы саясий күчтөргө ыңгайлуу жана пайдалуу?

Парламентти таратуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү президентке жана анын айланасындагы саясий күчтөргө пайдалуу. Алар башка саясий күчтөр даярдык көргөнгө чейин, капысынан шайлоо өткөрүп, атаандаштар алдастап калганда, максатыбызга жетебиз, парламентти ээлеп алабыз деп ойлошот. Ошондой эле алар келерки жылга карай социалдык-экономикалык, чек ара жана башка тармактарда кырдаал начарласа (андай тенденция учурда жүрүп жатат), анда бийликтин шансы азайат, ошондуктан президент күчтөнүп турган мезгилде шайлоону өткөрүп алуу максатка ылайык деп ойлошот.

Байкап көрүңүз, Атамбаев нейтрализацияланды, Бабанов кылмыш иштерден башы чыкпай, айласы кетип турат, Текебаев соттун кылтагында, Садыр Жапаров абакта жатат. Оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаров гана баш оорутма болуп турат.

Ошондуктан ага ар тараптан болуп көрбөгөндөй басым, чабуул жасалып, каралоо аракети жүрүп жатат.
Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо президентке ишенимди кетирет. Ал шайлоо өз убагында болот деп айтып, ошол сөзүнө турбады деп айыпталат. Анын үстүнө бийлик шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча прогрессивдүү сунуштарды, “көзү сокур, кулагы дүлөйдөй” укпады. Четке какты. Тескерисинче босогону 9% көтөрүп, саясий партиялардын парламентке келишин кыйындатты…

Aidanbek Akmatov.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс