Пятница , 18-Октябрь 2019
Башкы бет / Дайджест / “Шалп этек” Шадиевдин “ыштаны”: Кыргыз жерин Тажикстанга берүү качан башталган?

“Шалп этек” Шадиевдин “ыштаны”: Кыргыз жерин Тажикстанга берүү качан башталган?

"Шалп этек" Шадиевдин "ыштаны": Кыргыз жерин Тажикстанга берүү качан башталган?

Кыргыз өкмөтүнүн камырабастыгынан улам, соңку отуз жылда Баткендин Лейлек району анклав абалына кептелип бара жатат. 2018-жылы, чет өлкөгө “аллас ыштан” кийип качкан Шадиев, Тажикстанга «белекке» 104 гектар жерди берип жиберген.

Лейлек районундагы Максат айылынын алдынан 35 гектар, Максат-Кулунду жолунун жанындагы жер тилкеси Тажикстанга өтүп кеткен.

Ушундай эле жер тилкелери Арка айыл аймагында бар. 2000-жылга чейин эле кыргыздын аймагы болуп келген мына ошол жер тилкелерин тажиктер ээлеп алган.

Шадиев эмнеге Тажикстанга жерди «белекке» берген?

Алсак, Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешип турат:

1. Акаевдин учурунда Кытай менен чек арасын такташ үчүн 1936 Ватикан сыяктуу мамлекет бата турган зор аймакты коңшуларга берип экинчи парламент менен ратификация кылган.

2. Казакстан менен соодалашуу 2003-жылы башталып, Каркыра жайлоосундагы 500 гектар пайдалуу жерибиз, какыр талаага алмашылып, Токмоктун чеке белиндеги жерлер, Таластын Маймагында бир топ жерлер Нур-Султандын карамагына өтүп төртүнчү парламент ратификациялаган.

3. Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара тастыктала элек. Бирок Кыргызстандын 104 гектар жери Тажикстанга кантип өтүп кеткенин тууралуу кеп аягына чыга элек. Аскар Акаевичтин президенттик маалында 2004-жылы июнь айында эле Акаевдин «сүйүктүү эркеси» Баткен облусунун ошол учурдагы губернатору Аскарбек Шадиев менен Шадиев тоңкой десе тоңкойгон, оңкой десе оңкойгон кол баласы Баткен районунунун ошол кездеги акими Болот Алиев менен колду коюшуп, өз жерин берип жаткансып Тажикстанга 104 гектарды өткөрүп беришиптир. Кудайды да теңине албай калышкан «Акаевчил» Шадиевдер «Мыйзам –бул буйлалаган төө» -дешип, эч кандай мыйзамды тоготушпай, «Өздөрүн өздөрү билишип, өтүгүн төргө илишип» мындай жүзү каралык мыйзамсыз иштерге барышкан. «Кылмыш кырк жылда билинет» -дейт, кырк жыл эмес жергиликтүү эл ошондон бери кан-какшап жүрүп, 15 жылда бул мыйзамсыз иш белгилүү болду.

Шадиевдин мындай эркелигин мыйзамдаштыруу үчүн өз ара жер участокторун бөлүштүрүү боюнча Тажикстан менен Кыргызстандын макулдашуусун ишке ашыруу үчүн 2005-жылы Бишкек өз кызыкчылыгын унутуп калат.

Макулдашуунун чегинде Баткендин 104 гектар жер тилкеси Тажикстандын карамагына өтүп, анын ордуна кошуна мамлекет Кыргызстанга 5 гектар жер участогун берүү милдеттемесин алган. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда өз ара жер участокторун бөлүштүрүү маселеси 2005-жылы 18-майда Дүйшөмбү шаарында макулдашылган.

Ага ылайык, Баткендеги “Айгүл-Таш” көмөк чордону менен коңшулаш Согду облусундагы “Канибадам” көмөк чордонун бириктире турган жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу үчүн Кыргызстан Баткендин чек ара аймагынан 104 гектар жер участогун Тажикстанга 50 жылга ижарага берген.

Тажикстан анын ордуна Сурх жана Ворух айылдары аркылуу өткөн чек аралаш аймактан Ош-Баткен-Исфана жолун кеңейтүүгө 275 метр узундуктагы 5 гектар жер аянтын бөлүп бермек. Бирок Кыргызстан ал макулдашуунун шарттарын толук аткарып 104 гектар мурун Шадиев берген жерди бергени менен Дүйшөмбү бармагынын учун көрсөтүп, 5 гектар жерди берген эмес. 6 миллион 300 миң еврого айланма жол курулган 2008-жылы 26-ноябрда эки тараптын коопсуздук кеңешининин катчылары кол койгон токтомдордо Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоо эки тараптын тең кызыкчылыгына туура келет деп көрсөтүлгөн.

Ал үчүн жол жана көпүрө курууга Исфара дарыясын жээктей кеткен 275 метр узундуктагы 5 гектар жер участогун Кыргызстанга өткөрүп берүү маселеси кайрадан каралган. Тажик тарап бирок бул милдеттемесин уруп да ойнобой, тоготпой койгон. Тажикстан убада кылган 5 гектар жер Кыргызстандын карамагына өтпөй калгандан кийин, кыргыз өкмөтү кыргыз-тажик чек ара тилкесин айланып өтмө жолду курууга киришкен. 23,5 чакырым аралыктагы автожолдун ал участкасы Европа Комиссиясынын долбоору боюнча 6 миллион 300 миң еврого каржыланган.

Мына ошондон кийин, кыргыз өкмөтү кийинки сүйлөшүүлөрдө, бөлүнбөй калган 5 гектар жер тилкесин Тажикстандын Исфара районундагы Ходжа-Ало участкасынан бөлүп берүүнү тажик өкмөтүнөн талап кыла баштаган.

Бул тилке аркылуу кыргыз тарап Баткендеги “Айгүл-Таш” көмөк чордонунун жогорку чыңалуудагы электр линиясын Лейлекке алып өтүү жагын караштырган.

Бул боюнча кыргыз өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелинде расмий Дүйшөмбүгө жолдогон кайрылуу катында көрсөтүлгөн. Бирок тажик тарабы маселени чечүүнү создуктуруп, ал сунушту кабыл алуудан да баш тарткан. Жыйынтыгында кыргыз тарабы аталган электр линиясын Тажикстандын аймагын айланып алып өтүүгө аргасыз болгон. Бул тажик тараптын экинчи ирет макулдашуунун шартын четке каккандыгы болуп эсептелет.

Макулдашуу шарттары аткарылбаганына карабай, ага өзгөртүү киргизүү боюнча кошумча токтомго 2009-жылы 24-декабрда Ош шаарында кол коюлган. Анда кыргыз тарап Ош-Баткен-Исфана жолунда кыргыз жарандарынын тоскоолдуксуз жүрүү максатын көздөп, Тажикстандын Чорку айылын аралап өткөн жолду оңдоого уруксат алуу менен гана чектелген. Бирок бул жол Тажикстандын миңдеген мигранттары Орусияга чыкчу бирден-бир артериялык автожол экенин кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү тажик тарапка эскертип, өзүнүн позициясын коргогон эмес. Макулдашууда тажик тараптын гана кызыкчылыгы бир тараптуу таңууланган.

Сөз аягы Тажикстанга кеткен 104 гектар жер тилкелери ал жакка толук өтүп кетти деп айтууга болбойт. Анткени, Тажикстанга өтөт деп болжолдонгон ЛЭПти курууга 104 гектар жер берилгени менен Тажикстан жол өтө турган 5 гектар жерди бизге берүүнү ойлоп да койгон эмес.

2009-жылы Лейлекке алып өтө турган электр линиясы үчүн да жер бербей койгон. Тажиктер бизден 5 гектар жерин аяп жатышса, биз эмнеге 104 гектарды баштан садага кылышыбыз керек?

Эл аралык конвенциянын негизинде бир тарап өзүнүн милдеттемесин аткарбай койсо, экинчи тараптын ошол келишимди бузуп салууга укугу бар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс