Вторник , 19-Ноябрь 2019
Башкы бет / Аналитика / Бүт ааламды суктандырган, көптөгөн акын даанышмандар таасирленген Перс адабияты

Бүт ааламды суктандырган, көптөгөн акын даанышмандар таасирленген Перс адабияты

Маданият жана исламий багыт министиринин улуу устаз Шахриярды эскерүү жана перс поэзиясы менен адабият күнүнө арналган каты

Маданият жана цивилизациянын символдору жана белгилери элдердин руханий окшоштугунун күбөлүгү, кылымдар бою улуу мурасты урпактан урпакка өткөзүп, бүгүнкү жана келечек коомго жеткизип келет.

Алардын ичинде бир катар улуу инсандардын ысымдары асмандагы жаркырап жанган жылдыз сыяктуу Ислам Иран маданиятынын тарыхында түбөлүкө өчпөс болуп сакталган.

Шахрияр лакап аты менен таанымал улуу жазуучу, маркум Мухаммад Хуссейн Бехжат Табризи ошол жалындаган жылдыздардын бири, Азербайжан маданиятынын сыймыгы жана күзгүсү, ошону менен бирге исламий жана ирандык белгилүү адам, кечээки жана бүгүнкү маданият, адабият жана поэтиканы бириктирген көпүрө, азыркы доордун адабиятчыларынын сыймыгы болуп саналат.

Шахрияр иран көркөм-өнөрүнүн негизи жана таланттардын көрөӊгөсү болуп саналат, айкалыштыруу, өзүн сыйлоо, динчилдик жана «Ахле бейттин» пакизалыгы менен ыйыктыгына сүйүүсүн арнап, фарсы жана түрк тилдеринде ыр ырдап, өнөрдүн жана руханияттын туу чокусуна жеткен. Бул аймактын эли, ар дайым Шахриярдын ырына капалыкка, шаттыкка жана башка сезимдерге дуушар болгондо кайрылышчу жана андан эргүү алып, урмат-сыйга бөлөчү.

Шахриярдын ысымы бир гана Иранда эмес, дүйнөнүн көптөгөн булуӊ-бурчтарында, перс адабияты жана поэзиясынын күйөрмандарынын ичинде тилге алынып, таанымал. Шахриярдын ыр саптарындагы даанышмандык, билермандык ага урмат жана пазилат тартуулап, ушул жаатта аны азыркы доордун адабият жана поэзиясын, өзгөчө ырым-жырым поэзиясын өзгөрткөн муун катары саналат.

Анын ыр саптарынын түзүлүшү жана негизги мотивдери Куран Каримден, ыйыктардын окуяларынан, хадистерден шыктандырылган. Кимде-ким Шахриярдын «Салам Хейдар баба» деп аталган ырынан баштап «Эйнштейнге арналган кат» же «Эй, Апакемге»  чейин түркчө же фарс тилинде жазылган ырлары менен тааныш болсо, бир канча кылымдарды камтыган маданият дагы да болсо өз нугунда уланып келе жатканын сезет.

Бул күндү белгилөө жана улуу акын Шахриярды эскерүү, чыныгы ыр саптарды сактоо жана улуу элдин, жердин маданиятын коргоого негиз болот.

Сейид Аббас Салихи,

Иран Ислам Республикасынын Маданият жана исламий багыт министири.

 

Жыл сайын 18-сентябрда Иран Ислам Республикасында “Перс адабияты жана поэзиясы күнү” менен бирге  Иран элинин өчпөс жылдызы Шахриярды эскерүү күнү белгиленет.

Перс адабияты миӊдеген жылдык тарыхка ээ болуп, дүйнөнүн булуӊ-бурчуна өз таасирин тийгизген жана азыркыга дейре тийгизип келет. Проза менен поэзия  перс адабиятындагы эмгектердин негизги бөлүгүн түзөт.

Перс адабиятынын түрлөрү болуп, эпикалык, лирикалык, драматикалык, таалим-тарбиялык, адабият жана куудулдук адабият эсептелет. Перс ыр жазуу стилдери болуп – Хорасандык, Ирактык, Индиялык жана кайталануучу же уйкашиык стилдер саналат.

Фарсы тили андагы  ыр саптардын  ар-түрдүү айкалышы жана түзүлүшү менен да айырмаланат, алар: маснави, касыда, газал, мусмат, мустазаад, таржибанд, таркиб банд, катие, рубаи, эки бейт, төрт пара деп бөлүнөт.

Перс адабиятынын ичинде тарыхый, эпикалык, ирфан, сүйүү, элегия жана панегирикалык темалар, таалим тарбия жана даанышмандык,  биография, юмор, комедия жана мемуарлар камтылган.

Перс адабияты жана поэзиясы ар дайым башка өлкөлөрдүн элдеринин жана адабий элиталарынын ичинде урмат-сыйга татыктуу болгон. Бирок кээ бир иран акындары башка маданияттагы элдердин ичинде өзгөчө сый-урматка татыктуу болушкан, алар: Фирдоуси, Омар Хаям, Низами, Аттар, Саади, Моулави, Хафиз ж.б..

  • Перс тили жана адабиятынын уланып кетишинде Фирдоусинин “Шах-Наме” чыгармасынын ролун баса белгилей кетиш керек. Ян Рыпка белгилүү чехиялык чыгыш таануучу жана адабиятчы “Иран адабиятынын тарыхы байыркы мезгилден Кажарлар дооруна чейин”- деген эмгегинде, жогорудагы улуу чыгарма тууралуу мындай деп жазган “Акыйкатта бүткүл ааламдагы улуттардын ичинде мындай эч бир улуу эпос (Шах- Наме) жок, ал өзүнө байыркы мификалык доордон жетинчи кылымдын ортосуна чейинки тарыхый улуттук үрп-адат, каада-салттарды камтыган”.

                                                                                                                      Фирдоусинин күмбөзү

  • Аттар перс адабиятында, аты түбөлүк сакталган акын болуп саналат. Анын ажайып чыгармалары бир гана иран адабий коомуна таасир бербестен, бүткүл дүйнө анын таттуу сөздөрүнө чөмүлгөн. Белгилүү франциялык филолог жана чыгыш таануучу Сильвестер де Саси өзүнүн чыгармачыл жолунун алгачкы кадамдарын так ушул Аттардын эмгектери менен таанышуудан баштаган. Бул жолдо Гарсен де-Тасси жана Фиджеральддын эмгектерине Аттардын чыгармалары өтө чоӊ таасир берген. Андре Жид улуу француз акыны Аттардан илхом алып өзүнүн кооз ыр-саптарын жазган.

                                                                                                             Аттардын күмбөзү

  • Европанын чыгыш таануучулары жетинчи кылымдын ортосунан баштап Низаминин чыгармаларына көӊүл бура баштаган жана ошону менен бирге, анын өмүр таржымалын жана эмгектерин Европа окурмандарына жеткирүүгө аракеттенишкен. Бул иш Д. Эрблю француз окумуштуусу аркылуу башталып, он тогузунчу кылымдын башында Хаммер-Пургшталь менен толукталган. 1710-жылы Франсуа Пети Делакруа, Низаминин эмгегин фарсы тилинен француз тилине которгон. Дал ушул котормо Гоцци, Шиллер жана Пучининин эмгектерине таасир тийгизген. 1786-жылы Индиянын Калькутта шаарында “Азиянын кемеси” атту китеп жарык көргөн, анда Низаминин “Махзан аль-Асрар” китебинен жыйырма икая которулуп аталган китепке кирген. Бул котормо Сер Уильям Джонс, Низамини алгачкылардан болуп англис тилдүү улуттурга тааныткан окумуштуу аркылуу ишке ашырылган. Немис тилдүүлөр болсо алгач 1809-жылы аталган иран окумуштуусу менен таанышкан. Бул жылдар аралыгында Хаммер-Пургшталь “Ширин” деп аталган эки томдук пьесасын, Низаминин “ Хосров жана Ширин” аттуу эмгегинин негизинде жазган. Ушундан улам он тогузунчу кылымдан баштап Низаминин эмгектерин которуу башталган, Низаминин негизги мотивдери Европа элдерине жете баштаган, ошону менен бирге көптөгөн Европа акындары, пьеса жазуучулар, акын-жазуучулар жана өнөр адамдары Низаминин эмгектеринен илхом алып, Низаминин мотивдери Европага сиӊе баштаган.
  • Жогоруда аталган Иран акындарынын ичинен Омар Хайамдай эч бир акын, жазуучунун эмгектери башка тилдерге которулган эмес. Ал гана эмес, кээ бир тилдер жана өлкөлөр перс адабияты менен жападан жалгыз Омар Хаямдын ыр саптары жана рубаилери аркылуу таанышышкан. Азыркыга дейре Хайамдын рубаилери аз дегенде 40 тилге которулган.

                                                                                                          Омар Хайамдын күмбөзү

  • Иран акындарынын ичинен, Ирандан сырткары башка улуттарга таасир бергендиги боюнча Саадидей акын жок. Мисал катары айта кетсек, Пушкиндин эмгектеринде, өзгөчө “Бахчисарай фонтаны” эмгегинде Саади Ширазиден таасирленген ыр саптарын байкай алабыз. Шахзаде Шаликов “Дамаск журналында” Пушкинди “Жаш Саади” деп атаган, анткени Пушкин алгач ирет Орус адабиятында Саадинин абдан жогорку деңгээлдеги, баа жеткис чыгармачылык жөндөмүн жар салган.

                                                                                                               Саади Ширазинин күмбөзү

  • Ирандан сырткары улуттарга таасир калтыргандыгы боюнча Саадиден кийин эле Моулавидей акын жок, анткени ой-пикиринин тереӊдиги, руханий байлыгы бүтүндөй перс, индия, араб, түрк маданиятына сиӊип, элдердин жана өнөр адамдарынын акыл-эс жана ой-пикирин өзгөрткөн, анын эмгектеринин таасири бир гана философия жана ирфанда эмес, ошол аймактардын бүтүндөй адабиятында сезилип турат.
  • Хафизди дүйнөнүн улуу жана сүйүктүү акыны деп атоого болот, анткени анын ыр саптары жана ой-пикири Чыгыштан баштап Батышка чейинки акын, жазуучулардын Икбаль Лахуриден Гётенин эмгектеринде, ой толгоолорунда өз ордун тапкан жана өз таасири алдында калтырган. Бул улуу Иран акынынын ыр саптарынын бөлүктөрү, газалдары, хикаяттары дүйнөнүн булуӊ-бурчундагы чоӊ жана кичине, мамлекеттик же жеке китепканалырында бар. Хафиз өзүнө теңдеши жок, Иран жана дүйнө поэзиясынын эӊ бир көрүнүктүү акыны, анын орду дүйнө адабиятынын туу чокусунан орун алган жана дүйнөдгү эӊ улуу акын, жазуучу, ойчул, окумуштуулар ага таазим этип, ызатташат. Гёте аны дүйнө адабиятынын төрт мамысынын бири деп атап, Хафиз тууралуу кызыгуу жана ага байлануу менен мындай деген: “Эй Хафиз, сенин окуучуларыӊдын окуучусу болуу бул дүйнөдө болгон жалгыз ой-тилегим”.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс