Среда , 13-Ноябрь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / “Телибай тентектерге” жооп же улуттук көчмөндөр оюндарына даярдыктар тууралуу

“Телибай тентектерге” жооп же улуттук көчмөндөр оюндарына даярдыктар тууралуу

Улуттук көчмөндөр оюндары жакындаган сайын ага болгон даярдык бүйүр кызытууда. Айрым мекенчил адамдарыбыз колунан келген жардамын берип күн-түн дебей тыным албай жүрсө, кээ бир “телибай тентектер” ар-кандай ушак сөздрдү чыгарып “ат майдан бүтпөй калат” – деп элдин жүрөгүнүн үшүн алууда.

Бүгүн даярдыктарды жеринде барып өз көзүм менен дагы бир жолу көрүп келдим. Маданий иш чаралар өтүүчү “Манс Ордо” комплекси улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө толук даяр десем жаңылышпайм. Атап айтканда жаңы асфальт төшөлүп, “Манас Ордонун” тарыхында биринчи жолу ыйгарым укуктуу өкүл Марат Мураталиевдин демилгеси менен 30 метр тереңдиктен таза суу чыгарылды. Кадырлуу коноктор отуруучу атайын орундуктар да даярдалып бүттү. Журналисттер үчүн пресс борбор уюштурулду. Майрам күнү “Хан Ордо” баш болгон 140 боз уй тигилүүсү күтүлүүдө. Жарыктандыруу маселеси да оң жолго коюлду.
Ал эми, Алканов атындагы ат майданындагы иштер аяктоо алдында турат. Мамлекеттен бөлүнгөн каражатка ат майданы толугу менен жаңыланууда. Мындан тышкары демөөрчүлөрдүн жардамы менен таза суу системасы киргизилип жаңы асфальт төшөлдү. Унааларды токтотуучу атайын жай да аяктоо алдында турат. Милициянын ардагер аксакалдары өз ыктыялары менен коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөгө зор салымдарын кошуп жатышат. Айрым жердештерибиз ат майдандын тегерек четин тазалап, актап-сырдоого кол кабыш кылууда. Бир гана “телибай тентектер” ар кандай ушактарды чыгарып социалдык түйүндөргө жарыялоо менен алек. Талас эли ынтымактуу эл. Буга чейин да “Манас 1000”, Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин сыяктуу иш чараларды “ бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган” ынтымак-ырашкерликте өткөрүп алган. Кудай кааласа, бул жолу да улуттук көчмөндөр оюндарын татыктуу өткөрүп алабыз деген ишеним зор.

Бакай Абдымалик.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс