Вторник , 12-Ноябрь 2019
Башкы бет / Досье / Ирандын ички иштер министри Абдолреза Рахмани Фазли “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды (фото)

Ирандын ички иштер министри Абдолреза Рахмани Фазли “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды (фото)

Категория: Күндеми – Published: 13/09 – 15:54

Бүгүн, 13-сентябрда  Иран Ислам Республикасынын Ички иштер министри Абдолреза Рахмани Фазли жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев  “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барышты.

Иран ИИМнин башчысы жана Кыргызстандын ИИМ министри 1916-жылкы каргашалуу окуяларда курман болгондордун мемориалына, саясий репрессиялардын курмандыктарынын эстелик-мемориалына гүл коюшту.

Делегациянын өкүлдөрүнө “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин тарыхы жөнүндө айтып беришти. 1937-жылы 137 адам атылган, 70 жылдан кийин кайра жерге берилген, ал эми 1991-жылы алардын элесине арналып, ушул мемориал тургузулган. Кыска маалыматтарда бул жерде Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов жана башкалар чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин аттары белгиленген. Чынгыз Айтматовдун сунушу менен мемориал “Ата-Бейит” (“Аталардын күмбөзү”) деп аталган.

Ошондой эле, министрлер жана делегациянын өкүлдөрү улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көрүстөнүнө гүл коюп, эскеришти.

http://www.ca-irnews.com/kg/

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс