Воскресенье , 22-Сентябрь 2019
Башкы бет / Дүйнө / Ирандын белгилүү заманбап жазуучусу Хушанг Моради Кермани

Ирандын белгилүү заманбап жазуучусу Хушанг Моради Кермани

 

بیوگرافی هوشنگ مرادی کرمانی، نویسنده معاصر ایرانی

 

Хушанг Моради Кермани ирандын белгилүү заманбап жазуучусу иран жылнамасы менен 1323-жылы 16-шахриварда башкача айтканда 1944-жылы 7-сентябрда Керман провинциясынын Сирч айылында жарык дүйнөгө келген. Хушанг Моради Кермани белгилүү “Мажиддин аңгемелери” чыгармасынын автору.

Хушанг Моради Кермани чоң ата, чоң энесинин колунда орто мектептин бешинчи классына чейин өзү туулуп өскөн Сирч айылында билим алган. Аа алты айлык кезинде анын апасы дүйнөдөн кайтып, атасы нерв-психика оорусуна чалдыккандыктан уулун тарбиялоого, аны өстүрүүгө даремети жеткен эмес. Ал бала чагынан эле китеп окууга өзгөчө кызыккан жана буга анын айылдагы мектепте мугалим болуп эмгектенген жаш агасынын  (атасынын бир тууган иниси)  таасири көп тийген.  Ал башталгыч мектепти буткөн соң Керманга барып 15 жашына чейин ал жакта жашаган жана ошол доордо анын кинотасмаларга болгон кызыгуусу башталган. Ал окуучулук күндөрүн Керман провинциясынын шаарчаларында өткөргөн жана мектепти ийгиликтүү аяктаган соң университетке тапшырган.  Ал Тегеран шаарына келип Драмматикалык искусство колледжин бүтүргөн.  Ал колледжде окуп жүргөн маалда англис тили котормочусу адистиги боюнча бакалавр дипломуна ээ болгон.

Хушанг Моради Керманинин жазуучулук эмгегинин башталышы.

Хушанг Моради Кермани 1960-жылдан баштап Кермандагы Керман аймактык радиосу менен кызматташып, өзүнүн жазуучулук жолун баштаган. Ал эми 1968-жылы басма сөз каражаттарында өзүнүн чыгармаларын чыгарып басма сөз тармагында активдүү ишмердүүлүгүн көрсөткөн. Анын алгачкы “Бактылуулар көчөсү” аттуу күлкү аралаш юморлуу чыгармасы Хуше журналына чыккан. 1970-1971-жылдары анын түркүн жанрларда жазылган бир нече чыгармалар жыйнагы “Масуме” деген ат менен жарык көргөн.

Ал 1974-жылы каарыган мээримдүү аялдын колунда жашаган бала жөнүндө жазылган“Мажиддин аңгемелери” атту чыгармасын жазат. Аталган чыгармасы “Жылдын мыкты китеби 85” сыйлыгына ээ болгон.

Хушанг Моради Керманинин алгачкы алган сыйлыгы 

Хушанг Моради Керманинин алгачкы жазуучулук сыйлыгы “Килем токуу үйүнүн балдары” аттуу чыгармасы үчүн 1980-жылы Балдар атабияты уюму тарабынан, ал эми 2007-жылы Андерсон дүйнөлүк сыйлыгына ээ болгон. Аталган чыгарма үй бүлөдөгу баш аламандыктын айынан кичине кезинен эле килем токуучу үйгө барып эң жаман шартта иштегенге мажбур болгон  балдардын тагдырын чагылдырат.

Хушанг Моради Кермани өзү бул аңгемени жазууда “Бул аңгемени жазуу үчүн Керманга бардым да, килем токуучулардын жанына олтуруп алып, алардын жашоодогу катаал күндөрүн, ички дүйнөсүн, жан дилин жакшылап түшүнүнүп, сезүүгө аракет кылдым” деген.

Хушанг Моради Керманинин башка адамдардын ички дүйнөсүн көрө билгичтиги, жан дүйнөсүн жан дили менен сезүүсү, өзгөчө жазуучулук талантын анын бардык чыгармаларында сезүүгө болот. Моради өзүнүн жан дүйнөсү менен чыгармачылыкка берилип жазган десе болот. Анын чыгармалары немис, англис, француз, испания, араб, орус, голланд, армян, урду тилдерине которулган. Бирок анын эң алгачкы англис тилине которулган чыгармасы “Мажиддин аңгемелериндеги “Самоор” ЮНИСЕФге жиберилген.  Анын макал-лакаптарды, элдик каада-салттарды, адабий эмес эл ичинде ооз эки колдонулган сөздөрдү колдонуп, проза менен айкалышкан стилди колдонуусу “Он төртүнчү түндүн айы”, “Ным эмес кургак эмес” сыяктуу акыркы чыгармаларында көбүрөөк байкалат.

Хушанг Моради Кермани басма сөздөн кеткенден кийин радиодо “Үй жана үй бүлө” программасына чыгармаларды жазуу менен эмгектенген. Ал өзү аңгеме жазуу жана балдар адабияты жөнүндө мындай дейт: “Мен алгач балдар адабиятына көп көңүл бөлгөн эмесмин, бирок балдар адабияты менин жан дүйнөмдөн орун алды. Балдар үчүн чыгарма жаратуудан мурун радиого арнап чыгарма жаратчумун. Андагы элдин колдоосуна татыган чыгармаларымдын ар бирин 14 күндө жазсам, “Мажиддин аңгемелерин” жазууга төрт жыл убакыт кеткен. Менин оюмча  менин бала чагым мени менен калгандай. Мен бала бойдон калгандаймын, канчалаган убакыт өтсө дагы балалык оюмдан кетпейт.  Балалык чагын колдон чыгарып жиберген ар бир адам, жанынан айрылат жана өлөт. Мен эч качан балдар үчүн атайын отуруп жазууга умтулбайм, чыгарма жаратып жаткан учурда да окурмандардын сөз байлыгын колдонбойм, жан дилим чаңкап, чыгармамды жаратууга илхомум келип, кагаз бетине жазаарда кичине балдар мени тегеректеп алышканын сезем. Мен чыгарма жаратууда кабарга, билдирүүлөргө же болбосо психологияга карабайм. Мен үчүн чыгарма жаратуу бул менин ички дүйнөм”.

Хушанг Моради Керманинин сыйлыктары

Хушанг Моради Кермани 2006-жылы “Килем токуучу үйдүн балдары” чыгармасы үчүн “Ханс Кристиан Андерсен” атындагы дүйнөлүк сыйлыгын алган. Ал эми 1992-жылы Берлиндеги Ханс Кристиан Андерсен дүйнөлүк сыйлык уюмунун калыстар тобу тарабынан Морад Кермани Дүйнөлүк балдар адабиятына тийгизген терең таасири үчүн “Жылдын мыкты жазуучусу” аталып, Берлинде дүйнөлүк сыйлыкка ээ болгон. Андан тышкары Хоссе Мартини (Латын-Америкалык улуттук баатыры, жазуучу) сыйлыгын Коста Рика шаарында алган.

Анын сыйлыктары төмөндөгүдөй:

  • 1986-жыл – Андерсен дүйнөлүк сыйлыгы.
  • Австрия балдар жана жаштар адабиятынын жылдын мыкты жазуучусу 1994.
  • 1993-жылы Фаджр эл аралык фестивалынын он экинчи өткөрүлүшүндө Эң мыкты киносценарийи үчүн “Кристаллдык алп кара куш” сыйлыгы.
  • Адаб Мехреган сыйлыгы.
  • Коста Рика мамлекетинин мыкты жазуучусу.
  • 1995-жылы Хоссе Мартини (Латын-Америкалык улуттук баатыры, жазуучу) сыйлыгы.

Хушанг Моради Керманинин чыгармалары

  • Кумара
  • Шаркыратма
  • Масуме
  • Мажиддин аңгемелери 1979-жыл
  • Килем токуучу үйдүн балдары 1980-жыл
  • Алакан 1982-жыл
  • Чокой 1982-жыл
  • Кумаранын дастаны 1989-жыл
  • Теринин үстүндөгу муштум 1992-жыл
  • Тандыр 1994-жыл
  • Палохореш
  • Апамдын коногу 1996-жыл
  • Даамдуу варенье 1998-жыл
  • Анар жылмайуусу (аңгемелер жыйнагы)
  • Он төртүнчү түндүн айындай
  • Ным эмес кургак эмес
  • Сиз чоочун эмессиз да (эскерүүлөр)
  • Жумшак жаздык
  • Кумарадагы кептер
  • Экинчи Хушанг
  • Бадыраң

Киносценарийлери

  • Каколи
  • Тик так
  • Бир чыны күрүч
  • Апамдын мейманы

Пьесалары

  • Кумарадагы кептер
  • Баатыр жана хирург
  • Миссия (Телевизиондук)

 

Чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар

  • Мырза терек дастаны
  • Мажиддин аңгемелери (Он төрт аңгеме) он бир бөлүмдөн турган сериал жана үч кино тасма. Режиссеру Киюмарс Пур Ахмад
  • Кумара (кинотасма) Режиссеру Ибрахим Форузеш
  • Чокой (кинотасма) Режиссеру Мухаммад Али Талеби
  • Апамдын коногу (кинотасма) Режиссеру Дариуш Мехржуйи
  • Тандыр (кинотасма) Режиссеру Фарганг Хатеми
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс