Воскресенье , 22-Сентябрь 2019
Башкы бет / Кыргызстан / ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН МЭРИ ПРЕЗИДЕНТТИН АБРОЮН ТҮШҮРҮП ЖАТАБЫ?

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН МЭРИ ПРЕЗИДЕНТТИН АБРОЮН ТҮШҮРҮП ЖАТАБЫ?

Кыргызстанга күз келди, ал эми быйылкы жай айы дегеле “өлүк сезону” болбоду, күндүн ысыгына кошулуп, саясий аптап да өтө жогорку чегине жетти. Азыркы бийликтер мурунку бийликти коррупцияга айыптаса, коомчулук азыркы бийликти кландык башкарууга, кадр саясатындагы мүчүлүштүктөргө айыптап жатышат. Ал эми Кыргызстанда революциянын бешиги деп аталган Жалал-Абад шаарында да шаар бийлигине катуу сын айтылып, шаар мэринин өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун аброюн төгүп жатканы тууралуу кабар таркатылууда. Ушулар тууралуу Жалал-Абаддык журналист, “Контент-медиа” коомдук фондусунун жетекчиси Жалил Сапаровду сөзгө тарттык. 

– Жалил аке, дароо эле тактап кетеличи. Сиз азыркы бийликти жактайсызбы же ага каршы турасызбы? Айтайын дегеним, маалымат мейкиндигинде азыркы өлкө башчысынын тарапкерлери менен ага каршы тургандар ортосунда талаш-тартыш күчүндө. Сиз каягындасыз?

– Мен андай бийлик тарабында же ага каршы тарапта экенимди өзүм да билбейт экем. Деги эле бийликке каршы туруу деген түшүнүк өзү туура эмес, себеби дайыма бийлик болот, ал мыйзамдуу өкүмүн жүргүзөт. Кеп бийликтин кайсы иштерин жактап, кайсы аракеттерине каршы турууда деп ойлойм. Бул жагынан алганда бийлик дайыма жакшы иштей бербейт, дайыма катачылык кетирип да турбайт. Менимче коррупцияга каршы башталган багыт, коомдук пикирди эске алышы азыркы бийликтеги жакшы көрүнүштөр деп айтса болот. Тилекке каршы, экономикада, саясатта, укук маселесинде мактай турган өзгөрүүлөр болбой жатат. Аның үчүн коомчулук өкмөттү жакшы иштөөгө мажбур кылышы керек.

– Суроону ушундан баштаганым, мурда сиз Жалал-Абад шаарынын мэриясынын маалымат саясатын жүргүзүп келгенсиз. Бийликтин ишин коомчулукка жеткирүү ишин аркаладыңыз. Азыр эми шаар бийликтеринин ишин катуу сындап келатасыз. 

– Туура, аны баары көрүп турат. Мен эркин журналист катары эле иштеп жүргөнмүн, бирок 2015-жылы мени шаар бийликтери чакырып, жакшы долбоорду сунуш кылышкан. Алардын ою боюнча анчалык натыйжалуу эмес шаардык гезиттин базасында өз алдынча иштеген натыйжалуу Маалымат борборун түзүү, муниципалдык маалымат саясатын алып баруу керек экен. Мындай нерсе өлкөнүн аймагында буга чейин боло элек, жаңы түзүм болот. Аны түзүү, ишин калыптандыруу, алып кетүү жагын мага ишенише турганын айтышты. Мен, албетте, макул болгон жокмун. Чиновниктер менен иштеген адамга зыян экенин жакшы билем, буга чейин мамлекеттик түзүмдөрдө иштеп, башыман өтүп калган. Бирок, акыры макул болдум да, ошол жылы ноябрь айынан ишти баштадык. Туура 3 жыл 3 ай иштеп бердим, муниципалдык маалымат саясатынын концепциясын түзүп, ишке ашырдык. Маалымат саясаты ырааттуу, максаттуу, мурдагыга караганда кыйла натыйжалуу болуп калды деп ойлойм. Кийин шаар мэри алмашкан соң, эми кете бериңиз дешти, талашып-тартышып отурганым жок, кете бердим.

– Ичиңиз ачышкандыр, кантсе да жок түзүмдү уюштурдуңуз, мээнет кылдыңыз. Анан жаңы жетекчи келип, кете бер десе…

-Мен кызматка ичим ачышкан жок, себеби мурдагы мэр менен эки жылга иштеп берем деп макулдашканбыз. Бирок, алар кийин ана-мына деп, убакытты созушту, ага чейин кетем деп арыз да жазган күндөрүм болгон. Айттым го, чиновниктер менен иштөө оңой эмес, анан калса шаардык кеңештин оозун сурасаң мурдун көрсөткөн түркөй депутаттары бар, алар аттарын туура жаза алышпайт да, бирок өздөрүн Кудайдын баласындай көрүшөт. Алар менен бир абада дем алуунун канчалык трагедия экенин жон тери менен сезген адам билет. Ошондуктан эч кандай терикпей эле кеттим.

– Анан эркиндикке чыгып, сындай баштадыңыз, анткени мэриянын карамагында иштеп жатып сындай албагансыз. Туурабы? 

– Мен Маалымат борборунан кетүүдөн мурда эркиндикке чыксам эмне иш менен алек болорумду ойлонгом. Мен кызматтан кетсем, борбордо иштеген кызматкерлердин көбү кошо кетебиз дешти. Калгыла, иштегиле дедим, бирок алар өздөрү үчүн чечим кабыл алышты.Эки вариантта долбоор түздүм: аймакта чыгып жаткан телевидение менен контракт түзүп, ал жерде бир катар долбоорлорду ишке ашыралы деген план бар эле; эгер ал болбой калса, анда коомдук медиа-борбор ачып, аны өнүктүрүү планы турду. Тилекке каршы, жергиликтүү телевидение биздин долбоорду кабыл алып, бирок биз жумушту таштап кетип жаткан кезде кайра баш тартышты. Анан экинчи вариантты баштадык. Ал эми сындап жатканыбыз тууралуу, сынды мен эмес, мэрия баштады. Биз кеткен соң, басма сөз жыйынын уюштуруп, менин артымдан каралап жугунду куюшту, аны айрым телеканалдар коомчулукка таркатышты. Биз мыйзамсыз иштерге дегеле жол койгон эмеспиз, андай болсо ушуга чейин прокуратура, сот чечимин чыгармак. Анан да адатта өз жумуштан каалоосу менен кетип жаткан кишини жакшы сөз айтып узатып коюшат. Ушул жагы түшүнүксуз болду.

– Шаар мэри Мураталы Тагаевдин мурда кылмыш жасап, соттолгонун алып чыктыңар. Ушул мурдараак айтылышы керек беле деген ой келет да. 

– Эң туура, качан гана мэр болгондон кийин эмес, ага чейин айтылышы керек эле. Ошондуктан да азыркы шаар мэри Тагаев Мураталы Абдыкаровичтин 2004-жылы бирөөнү сабап, 4 жылга эркинен ажыратылып, түзөтүү колониясына жөнөтүлгөнү, кийин мунапыс аркылуу бошонуп чыкканы тууралуу 2013-жылы эле коомчулукка жарыялаганбыз. Анда М. Тагаев шаардык кеңештин төрагасы болчу, анын ушундай өтмүшү элге билинип калган соң, ал төрагалыкты таштап кеткен. Эми мага “Мурда неге айтпадың эле?” – дешет. Айтканбыз, ал кезде “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын шаардык кеңештеги фракциясы оппозицияда болчу, М. Тагаевдин соттолушуна тийиштүү документтерди мага өнүгүүчүлөр таап беришкен. Эми жылдар өткөн соң ошол эле “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы М. Тагаевди мэрликке шайлады. Өзгөргөндөр өзгөрдү, бирок биз өзгөргөн жокпуз.

– Бул жагы кызык экен. Анда кантип М. Тагаев шаар мэри болуп калды, бул факты буга таасир этпедиби? 

– Башка бирөө болсо, албетте, мындай терс факты таасир этмек. Бирок, М. Тагаевдин карьералык өсүшүнө – мэр болуп калышына таасир эте албады. Буга бир нече себептер бар. Билгендер да алакан жайып кала беришти.

– Ошол себептер кайсылар, эгер тактап айтканда? 

– Биринчиден, М. Тагаевдин мэр болуу шансы жаңы президент шайлангандан улам пайда болду. Анткени М. Тагаевдин атасынын бир тууганы, ишкер Абибилла Тагаев Асылбек Жээнбековдун канкудасы болот. Демек, Тагаевдер менен Жээнбековдор өз ара кудалар. Бул маанилүү фактор. Ошондуктан да шаардын мурдагы мэри Салайдин Авазов ЖЭБге байланыштуу камакка алынары менен (балким ага чейин эле) М. Тагаевди мэр кылуу аракеттери ачык байкалган. Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция таркап, жаңысы түзүлдү. Илгертен бири-бирине өч партиялар КСДП менен “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата-Журт” биригишти. Эгер борбордон ушундай көрсөтмө болбосо, алар биригишмек эмес. Анан көпчүлүк коалиция мэрге “Ата-Журт” фракциясынан М. Тагаевди алып чыкты. Дагы бир кызык ньюанс: мурда мэрге талапкерди Кыргыз өкмөтү сунуш кылчу, мунусунда өзүңөр тандап, шайлап алгыла ишарасын кылышты. Ошентип, өлкө президентинин кудасын өкмөт көрсөтпөй, депутаттар өздөрү тандап алган болушту. Албетте, М. Тагаевдин партиялашы Шаирбек Ташиев альтернатива катары талапкерлигин коюп, бирок добушу жетпей жеңилип калды. С. Авазов мэр болуп турганда М. Тагаевдин шаар мэри болушу тууралуу эч кимдин оюна келген эмес эле.

Экинчиден, эмне үчүн М. Тагаев мэр болуп шайланып жатканда бул факты тууралуу шаардык кеңештин депутаттары айтып чыккан жок. Эч болбосо, шайлаар алдынан суроо да берип коюшкан жок. Эмне үчүн? Бул жогору жактан ушундай көрсөтмө болгондугун көрсөтүп турат.

Үчүнчүдөн, тигил же бул кызматка бара турган адам өз өмүр баянын өз колу менен жазып, анда болгон чындыкты көрсөтүүсү керек. Маселен, ишке кирип жатканда “Сен же сенин туугандарыңдын арасында мурда соттолгондор барбы же жокпу?” – деген суроо коюлат, ошону көргөзүү керек. Борбордук шайлоо комиссиясына жазган өмүр баянда М. Тагаев аны көрсөткөн эмес. Бул нерсе атайылап жашыргандыкты, М. Тагаевдин моралдык, адеп-ахлактык турпаты кандай экенин көрсөтөт. БШКны алдаган шаар мэринен эмнени күтсө болот? Бул сизге суроо.

– Шаар мэри соттуулугум жоюлган деп жатпайбы. Демек, муну эске алып деле кереги жок сыяктуу. 

– Туура, соттолгондон бери кыйла жылдар өттү, мыйзам боюнча мөөнөтү өтүп, соттуулугу жоюлат (погашение). Бирок, ал акталган эмес. Соттуулугу жоюлгандык менен сот тарабынан акталуу – эки башка нерсе. Бул жерде соттуулук эскирип гана калганын түшүндүрөт, чынында ал эскирди. Деген менен, М. Тагаев ошол бойдон эскирбей кала бериптир да. Быйыл жайында шаар мэри боло туруп, өзүнүн менчик мончосунда (коомчулукта аны илгери “банщик” деп тергеп коюшчу) бир жаранды сабап, ал милицияга арыз жазган. Анан кайра эле арыздануучу тосмо арыз жазып, милиция ишти жайгарып койду. Буга чейин 72 жаштагы бир кемпирге да кабинетине арызданып келсе, күч колдонгону тууралуу коомчулукка маалымат тараган. Бул тууралуу Бишкектеги журналисттер өлкө президенти басма сөз жыйынын өткөрүп жатканын түз жеткиришкен. Соттуулук эскирсе да, М. Тагаевдин эски адаты эскирбей жатат. Дагы качан, кай жерде кимдин тумшугун канатары азырынча белгисиз, бирок болуп калышы мүмкүн.

– Шаар мэри телевизордон чыгып сүйлөгөндө кадимки интеллигентке окшоп эле көрүнөт. Айткан сөздөрү да туура, кынтыксыз. 

– Кудай чечен тилди ар кимге бербейт экен. Ар ким эле бал тилге салып, уккан кишинин кулагын ээритип сала албайт экен. Бул жагынан М. Тагаевде айып жок, телевидениеде алып баруучу болуп иштесе, куп жарашмак. Бирок, Кудай алдында калп сүйлөбөш керек да. Бир интервьюсунда ал 2004-жылы бирөөнү сабаган учурун таптакыр башкача айтат да, соттун өкүмүндө таптакыр башкача жазылып турат. Ал кафеге аялымды ээрчитип бардым, аялыма бирөө тийишти, кызганып ушундай иш кылдым дейт. Өкүмдө болсо, ал кафеде “Калнура” деген кыз менен таанышып, ага башка бирөө тийишет, анан аны сыртта сабап койгону жазылат. Бул элементардык эле нерсе. Жаш балдарга гана мүнөздүү нерсе, өлкөдөгү үчүнчү шаарды башкарган мэрге, өлкө башчысынын кудасына таандык мүнөздүү нерсе болбошу керек.

– Бир тууганын кызматка койду деп дагы маалымат таркаттыңар. Бирок, мэр өзү ал бир тууганым эмес деп атат. Кимиңер туура айтып жатасыңар?

– Ооба, биз шаар мэри боло туруп, өзүнө баш ийген мекемеге бир тууганы Абдималик Тагаевди дайындап койду, ал Кыргыз Республикасынын бир эмес, эки мыйзамына туура келбейт деп жаздык. Чынында Абдималик Тагаев шаар мэри М. Тагаевдин атасынын бир тууган иниси. Бирок, шаар мэри да Абдыкарович, Абдималик да Абдыкарович болуп жазылып турат паспортторунда. Документалдуу булар бир тууган, текшерип көргүлө. Чынында М. Тагаев атасына жазылып, Муратович болушу керек эле, бирок качан жана кантип, кайсы себептер менен Абдыкарович болуп алган, ал бизге белгисиз. Мүмкүн, түзөтүү колониясынан чыккан соң өзгөрткөндүр, биз билбейбиз.

Эми бул эле эмес, буга чейин да бир тууганын кызматка коюп салган. Ал – Абибилла Тагаев – Асылбек Жээнбековдун канкудасы. “Газпром-Кыргызстан” компаниясы курган ден соолукту чыңдоочу комплекске жетекчиликке дайындаган, ага бюджеттен акча бөлүнгөн. Бул да Абдыкарович, паспортун текшерип көргүлө. Чынында бул комплекске спорт жаатында жүргөн бирөөнү дайындаса жакшы болмок, Абибилла Тагаев жалаң соода жагында жүргөн неме, шаар борборунда кафеси бар.

Анан бир интервьюда Сооронбай Жээнбеков мага куда эмес дегени кызык болду. Бул чак түштө каратып туруп эле калпты шыпыртып жатканы эмеспи…

– Чын эле анчалык жарашпай калыптыр, бир туугандарын кызматка коё берсе, эл эмне дейт? 

– М. Тагаев бир кезде колонияда жатып келген, ага баары бир. Бирок, ал өзүнүн ушундай аракеттери менен биринчи кезекте өлкө башчысы С. Жээнбековду уят кылып, шаарда аброюн түшүрүп жатат. Биздин баамыбызда мурдагы жылдары эл ичинде президенттин аброю жогору эле, тилекке каршы азыр андай эмес. М. Тагаев ошол кишини сыйлап, өзүн жакшы алып жүрсө болмок, бирок андай болбой жатат. Кала берсе, мыйзамды да сыйлабастыгын көргөздү.

– Силердин оюңарча кайсы мыйзамдарды бузду? 

– Ал кызматка тургандан көп өтпөй шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилерине карата атайын буйрук чыгарган. Анда өзүнөн уруксат алмайынча журналисттерге маалымат берүүгө тыюу салган. Бул – цензура, Кыргыз Республикасынын Конституциясына, бир катар мыйзамдарга каршы келет. Бул мыйзасыз буйругу тууралуу президентке журналисттер басма сөз жыйынында айтышкан, президент аны сынга алган. Шаардык прокуратура бул маселени карадыбы, чара көрдүбү, бизге белгисиз. Бирок, шаар мэри президенттин сынынан кийин да бул абалды өзгөрткөн жок, шаар мекемелеринин жетекчилери журналисттерге түз маалымат бергенден чоочулап жүрүшөт. Бир туугандарын кызматка коюп салгандыгы да мыйзамдарга туура келбейт, бирок прокуратура беймарал карап отурат. Себеби М. Тагаевге боло берет, аны баары билет. Анын сөгүнчөөктүгү тууралуу да эл жакшы билет.

– Кимди сөккөнү тууралуу айткыңыз келип турат? Кол астындагылардыбы? Өзбекстанда сабап да коёт экен. 

– Кол астындагыларды кандай сөгүп жатканын алар өздөрү айтсын. Биз шаар мэри журналисттерди кандай сөгүп жатканын айталы. Күндөрдүн биринде шаар мэри Сузак районунун акими менен кечинде бир жайда чогуу тамактанып, областтык телерадиокомпаниянын, коомдук биринчи каналдын журналисттерин, башкаларды да ашата сөккөн аудио тасма интернеттен коомчулукка таркап кеткен. Кыйла ызы-чуу болду. Эсиңиздеби, Чүйдүн губернатору кайсы бир журналистке өңүң жакпайт дегени үчүн кызматтан кетти эле, биздин шаардын мэри былк эткен жок. Эмне үчүн? – деген суроо туулат.

– Шаар мэрине жакшы болбой атыптыр, көп терс жагдайлар бар экен. Эми эмне болор экен? 

– Биз да ушул суроону берип жатабыз: эми эмне болор экен? Өлкөдө кадр саясатына нааразы болгондордун саны көбөйүп баратат. Ушул жагынан жакшылап иштебесе болбойт. Анан дагы бир нерсе: М. Тагаев кызматка койгон бир тууганы А. Тагаев бети чыдабай, өз арызы менен кызматтан кетти деп жатышат. Чынында А. Тагаевдин жеке айыбы жок бул жерде, кызматка дайындаган киши айыптуу. Ошо мыйзамга каршы иш жасап, элге билинип калганы үчүн шаар мэри М. Тагаев өзү арыз жазып, кетип калса болот эле. Президентке да жакшы болот эле, бирок эми бул фантастика да. Болушу мүмкүн болбогон жомок. Эми мындан ары өлкө башчысына “медвежий” кызматын көрсөтүп, аброюн түшүрүп жүрө берет. Өкүнүчтүү.

Маектешкен Автандил Белеков.

(P. S. Эгер Мураталы Тагаев да өз оюн айтам десе, биз аны менен да маектешүүгө даярбыз).

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс