Воскресенье , 22-Сентябрь 2019
Башкы бет / Аналитика / Рекорд чечим…….. Мына сага …….

Рекорд чечим…….. Мына сага …….

Жогорку сот арызды бир күндө эле өндүрүшкө алып , ошол күнү эле соттук олтурум кылып, базарды тартып берип койгон.

2000-жылдын, 16-октябрында мен жетектеген “Кыргыз соода биримдиги” ЖЧКсы Ош облустук керек-жарак коомдор жана кооперативдер биримдигинин башкармалыгы менен келишим түзүп, Ош облустук керек-жарак коомунун 2000-жылдын 9-октябрындагы №185-Токтомунун негизинде “Кара-Суу базары” ЖЧКсынын мүлкүн сатып алганбыз.
Бирок, арадан беш жыл өтүп, 2005-жылдын 5-августунда Жолборс Осмонов аттуу мурдагы керек-жарак коомунда үлүшү бар адам сотко кайрылып, биздин 2000-жылдын 16-октябрдагы соода-сатык келишимбизди жокко чыгарууну, себеби, анын базарда 1, 84 гектар унаа токтоочу жайы болгон үлүш жери биз сатып алган мүлктүн ичинде экендиги тууралуу жасалма документтерди жүйө келтирет. Бул боюнча, соттун баардык инстанцияларында териштирүү жүрүп, аягында, 2007-жылдын 2-мартында Жогорку сот биздин пайдабызга чечип, “Кара-Суу базары” ЖЧКсынын мүлкү “Кыргыз соода биримдиги” ЖЧКсына өткөрүлүп берилет. Ошону менен биз Жолборс Осмоновдун доосунан кутулабыз.
Бирок, 2008-жылы биздин үстүбүздөн Манас Үсөнов деген адам Жогорку сотко кайрылып, ал кайдан жайдан эле Ж. Осмоновдун ордуна “Кара-суу базары” ЖЧКсынын мүлкүн талашып, ал “Карасуу базары” ЖЧКсынын мүлкү 1999-жылдын 11-майындагы Ош облустук керек-жарак базарды Ош керек-жарак коомдору жана кооперативдери биримдигин “Кыргыз Соода биримдиги” ЖЧКсына мыйзамсыз сатылганы, базардын мыйзамдуу ээси өзү экендигин айтып, жасалма, таптакыр ойдон чыгарылган, чындыкка коошпогон документтерди көргөзөт. Көрсө Манас Үсөнов ошол 2008-жылдары айтканы аткарылып турган , өлкөдөгү эң таасирлүү бийликтин күчүнө таянып, бизден базардын талашып, дароо эле Жогорку Сотко арызданат да, Жогорку Соттун соттук коллегиясы БИР КҮНДҮН ИЧИНДЕ, 2008-жылдын 27-февралында арызды өндүрүшкө алат да, ошол эле күнү судьялар Р. ЭСенгулова, А. Гафуров, Б. Жаманкуловдор ишти карап, “Кара-суу базары” ЖЧКсынын баардык мүлктөрү “Кара-суу эл базары ЖЧКсына”, тагыраагы, Манас Үсөновго өткөрүлүп берилсин” деп Токтом кабыл алып беришет.
Жогорку соттун мындай акыйкатсыз чечиминен кийин бизде эч арга калбады. Ак эмгегибиз менен тапкан каражатка сатып алган базарды көз көрүнөө эле бейтааныш адамдарга бийлик тартып берип койду. Биз “алы жетпеген акыретчил” болуп, өз менчигибизди кандай жол менен ким аркылуу кайтарып алаарыбызды билбей көп жылы жабырланып жүрдүк.
Бирок, акыры акыйкаттыктын изи табылды. “Кара-суу” базары боюнча иликтөө иштерибиз жыйынтык берип, жаңы жагдайларды таап, кайрадан 2018-жылдын 29-январында Жогорку сотко кайрылдым. Арызымда мен Ош облустук керек-жарак коомдор жана кооперативдер биримдигинин 2000-жылдын 21-сентябрында кабыл алган №183 сандуу Ж. Осмоновго жерди сатуу токтому Ош облустук керек-жарактар коомдор жана кооперативдер биримдигинин башкаруусунда каралбагандыгын, Ош облустук керек-жарак коомдор жана кооперативдер биримдиги Кыргыз Республикасынын “Кооперативдер” жөнүндөгү мыйзамынын талаптарын эске албай, Ж. Осмоновго жерди сатуу жөнүндө 2000-жылдын 21-сентябрындакабыл алган №183 сандуу жана ошол эле күн менен аталган жерди Ж. ОСмоновго акысыз түрдө берилсин деген токтомдорду кабыл алышкандыгын, бул жагдай боюнча КРнын Өкмөтүнө караштуу Ош шаары боюнча финансы полициясына кылмыш ишин козгоо боюнча кайрылганымды, финансы полициясынын тергөөчүсү 2017-жылдын 30-декабрындагы токтому менен Ош облустук керек-жарак коомдорунун жана кооперативдеринин биримдигинин Ж. Осмоновго карата жерди сатуда кылмыштын курамы бардыгын аныктагандыгын, бирок, кылмыш ишин козгоо мөөнөтү өтүп кеткендиктен кылмыш ишин козгоодон баш тартуу токтомун чыгарганын көрсөтүп, КРнын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2008-жылдын 27-февралындагы токтомун жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайрадан кароону сурандым.
Ошону менен Жогорку сот, 2018-жылдын 10-апрелинде ишти карап чыгып, менин өтүнүчүмдү канааттандырган чечим чыгарат. Анда алар Ж. Осмоновдун базарды талашууда эч кандай мыйзамдуу укуктары болбогондугун, ошондуктан анын арыз-даттануулару негизсиз болуп келгендигин көрсөтүп, 2007-жылдын 2-мартында кабыл алынган Жогорку Соттун токтомун жаңыдан пайда болгон жагдайлар бюнча кайра кароо жөнүндөгү арыз же талап менен кайрылууга КРнын Жарандык процеестик кодексинин 363-беренесине ылайык ишке катышкан жактардын же прокурордун гана укугу болгондугун белгилейт. Демек, Манас Үсөновдун базарга мурда-кийин эч кандай тиешеси жок туруп, дароо эле Жогорку Сотко кайрылганы, ишти өзүнө чечтирип алганы мыйзамсыз болгондугу ишти кайра кароого жүйө берип турганын Жогорку Сот белгилейт. Аягында эң акыркы соттук инстанция-Жогорку Сот №5-144/18 ГД номурлуу чечимин чыгарат. Анда ак кагазга кара сыя менен-
“Кыргыз соода биримдиги” жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү А. Эргешовдун Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы 2008-жылдын 27-февралында токтомун жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндөгү арызы канааттандырылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2008-жылдын 27-февралындагы токтому жокко чыгарылсын.
Иш кассациялык тартипте кароого 2018-жылдын 18-апрелине саат 14-00гө дайындалсын” деп аныктама чыгарылып, буга сотко төрагалык кылуучу. Б.Б. Батыралиев, судьялар Ж.М Исаков, П.Ж, Жумагуловдордун колу коюлган.
Ошону менен жогорку чечимге ылайык, дээрлик 13 жылдан кийин мен-“Кыргыз соода биримдиги” ЖЧКсын өзүнүн мүлкүнө мыйзамдуу түрдө ээлик кылуу мүмкүнчүлүгүн алып оlтурам. Эми мыйзамдарга ылайык бул укук Жогорку Сотто кассациялык тартипте каралып, Сот акыркы чечимди чыгарышы керек болчу. Андан соң гана биз сот аткаруучулар менен бирге мыйзамдардагы мөөнөттүн ичинде өз мүлкүбүзгөө толук ээ болмокпуз. Азыр да дал ошол кыл чайнашта турабыз. Базар талаш чырына чекит коюлуш керек.
А. Эргешов

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс