Воскресенье , 22-Сентябрь 2019
Башкы бет / Аналитика / Президентке коррупциядан жабыркаган Кара-Суу районунун элинен кат!

Президентке коррупциядан жабыркаган Кара-Суу районунун элинен кат!

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш Жээнбековго

723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-

Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0778 493908)

АЧЫК КАТ

Биз Сиздин атынызга мурда бир нече жолу арыз менен кайрылганбыз. Ал арыздарда Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл окмотунун башчысы Шарабидин Капаровдун мыйзамсыз иштерин жазганбыз. Биздин арыздарды Республикалык Мамлекеттик комиссия тузуп текшеришин суранабыз. Себеби Ош облусунун укук коргоо жана мамлекеттик органдары коррупционер Ш.Капаровду калкалап, карапайым элде Президенттин коррупция менен курошом деген саясатына умутсуздук жана нараазылык туудуруп жатышат.

Айыл аймактын Жаны-Турмуш айылында Озбекстан менен чектеш болгон “Достук” чек ара, бажы бекети бар. Ош шаарынын чек арасы менен чектеш болгондуктан жана Озбекстандын “Достук” чек ара, бажы бекети жайгашкандыктан, Ишкаван айылында “Байбол” базары, Навои, Курманжан Датка, Бекмамат Осмонов кочолорундо, Жаны-Турмуш айылынын Достук участкасында коп жуздогон дукондор, акча алмаштыруучу дукондор, кафелер, ресторандар, медицина борборлору, автомашина ондочуу устаканалар, автомашина жуучу жайлар, банялар, Андижан айылында Кыргызстан-Озбекстан кир жуучу машина иштеп чыгаруучу кошмо завод, коптогон цехтер иштеп, салыктарын толоп журушот.

Ошондой эле, Ош шаррынын жаны автовокзалы биздин аймакта жайгашкан, бензин куюучу жайлар коп. “Достук” бажы бекети алдында базар, автостоянкалар, коптогон дукондор куну-тун иштейт. Айыл аймакта коптогон рекламалык щиттер жайгашкан. Ошондой коп ишканалар болуусуна карабай, жергиликтуу бюджетибизде 32 миллион сом, откон жылдагы калдык акчалар менен 50 миллион сомго жетпейт.

Бюджет кобойтуу учун ошончо мумкунчулугубуз болгону менен, эмнеге жергиликтуу бюджет акчасы бир нече жуз миллион сом болбой жатканы, бизге тушунуксуз?.. Себеби, “Азаттык” иликтоосундо корсоткон “Достук” чек арасында жайгашкан Озбекстанга жук ташуучу 8 гектарлуу автостоянка биздин аймакта жайгашкан. Бирок, бюджетке тушкон ошол акчаны дагы Кызыл-Кыштак айыл окмотунун башчысы Ш. Капаров бюджет акчаларын сарамжалсыз пайдаланып, смета бааларын, курулуш материалдарын, курулуш иштердин баасын атайын ашырып корсотуп бюджет акчаларын сарамжалсыз, экономдобой жатат.

Мисалы учун, ар жылы май-октябрь айларында айыл аймактын бардык жети айылында таза суу тартыш болот. Ичимдик суу 2-3 кундо бир жолу, аз эле чыгып токтоп калат. КР Президенти С.Ш. Жээнбеков бардык жергиликтуу органдардын башчыларынан таза суу менен бардык айылдар толук камсыздашын талап кылган. Ш. Капаров жай айларында бардык жети айылга таза сууну элге жеткируу боюнча эч кандай иш кылганы жок. Натыйжада, ар жылдын май-октябрь айларында Кызыл-Кыштак айыл аймагынын 50 мин эли кыйналып жатат.

Президентибиз жана эл айткан койгойлуу маселелерди чечуу учун акча жок деген Ш. Капаров ошол эле убакытта коррупциялык жол менен баюу максатында, сметалардагы баасы атайын ашык корсотулгон курулуш жана ремонт иштерине коп акча каражаты ажыратат. мисалы учун, Кызыл-Кыштак айыл окмотунун имаратын ремонттоо учун 11-12 миллион сом (ал акчага жаны 3 кабаттуу имарат курса болмок), Жаны-Турмуш айылынын ФАПтын кичине 4 комнатасын куруу учун эки жарым миллион сомдон ашык, Ишкаван айылындагы 30 орундуу, бала бакчанын 4 комнатасын куруу жана брусчатка коюу учун 4 миллион 300 мин сом, №65 М. Сабиров атындагы мектеп отоплениясын ремонттоо учун 5 миллион 942 мин сом акча каражат ажыраткан. М. Сабиров атындагы мектеп темир тосмосу учун алынган темир материалдар ошол убакыттагы базар баасынан эки барабар кымбат баага приход кылынган.

2018 жылы комур сатып алуу учун тендер (портал ЭГЗ № 180706111976281) откорулгон. Бирок, эн томон баа 1 789 524 сом менен 1 орунду алган Капарова Кулпунай менен эмес, 2 339 044 сом баа менен 2 орунду алган Осмонов Асадулла менен эмес, эн жогору 2 633 135 сом баа менен 3 орунду алган Аттокуров Кубатбек менен келишим тузгон. Натыйжада бир эле тендерде мамлекетке ото ири олчомдо 843 мин 611 сом материалдык зыян келтирилген. 2019 жылы комур сатып алуу тендерде (портал ЭГЗ № 190703171733578) ошол эле адамдар Аттокуров Кубатбек, Капарова Кулпунай дагы катышып жатышат. Бул болсо дагы коррупция схемасы колдонулбас бекен? – деген шек жаратып жатат.

Жергиликтуу бюджет эсебинен каржыланган андай коррупциялык мисалдар коп. Бирок Ш.Капаров кылмыш жоопкерчилигине тартылбай жатат. Муниципалдык менчикти сатуу жана ижарага беруу багытында дагы мыйзамсыз иштер коп. Мисалы учун, Матраимовдордун “Исмаил-Ата” фонду тарабынан 2015 жылы курулган эки стадиондон жергиликтуу бюджетке 2018 жылга чейин бир сом акча тушкону жок. 2017-2018 жылдары бир нече кайрылууларыбыздан кийин Бостон участкасындагы стадионду айына 50 200 сомдон, жылына 602 400 сомдон ижарага берилди. Бирок, 2019 жылдын март айында ижара акысын беш барабар мыйзамсыз азайтып 11 мин сом кылган. Андижан айылында 2015 жылы курулган стадиондон бюджетке акча бир нече жылдар тушпогон. Ош шаарынын чек арасынан 100 метр аралыкта жайгашкан Толойкон ооруканасынын 380 квадрат метр муниципалдык имараты базар баасынан бир нече барабар арзан, болгону айына 1000 сомдон ижарага берилген. Ш.Капаров коз карандысыз баалочуу менен келишип, ал муниципалдык мулктун баасын бир квадрат метрин болгону эки сомдон баалап, мамлекетке ото ири олчомдо материалдык зыян келтирген. Бир нече кайрылууларыбыздан кийин 2018 жылдын март айында ижара акысын болгону 9 мин сомго которуп коёт. Бирок бул акча да аз. Себеби, Кызыл-Кыштак айылдык кенешинин токтому менен муниципалдык менчикти ижарага беруу акысы Кызыл-Кыштак айыл аймагында 1 квадрат метри 50 сомдон 200 сомго чейин белгиленген. Ош шаарында 1 комнаталуу 20 квадрат метр квартира айына эн кеминде 15 мин сомдон ижарага берилет. Ш. Капаров болсо кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып 380 квадрат метр муниципалдык имаратты 2018 жылга чейин 1 квадрат метрин эки сомдон болгону 1000 сомдон, 2018 жылдан болгону 9 мин сомдон ижарага берип жатат. Суроо туулат коррупциялык схемалар менен муниципалдык менчиктин баасын мыйзамсыз арзандатып, ортодогу айырмасы кайсы коррупционердин сол чонтогуно тушуп жатат?.. Ошондой эле, Ш. Капаров ОшГипрозем жана Мамкаттоо кызмат адамдары менен алдын ала суйлошуп, коптогон гектар-гектар ынгайлуу жерлерди мыйзамсыз ынгайсыз деп жасалма документтер жасатып, коз карандысыз баалочуу менен келишип Ош шаарына чектеш жайгашкан жерлерди ото арзан баада баалатып, ортомчу-кошелёкторуно ото арзан баада сатып, бюджетке арзыбаган акча тушурот. Ал жер тилкелерди ортомчу-кошелёктору аркылуу 5 сотик жер тилкесин 10 мин доллар жана андан да жогору базар баасы менен сатып, коррупциялык схемаларды колдонуп, мыйзамсыз байыган. Коррупциялык иштерди токтот дейишибизге карабай, азыркы кундо дагы Ишкаван айылында 1 гектар жерди, Бешкапанын 56 сотик суулу жерин сатууга даярдап койду. Ош шаарынын чек арасында жайгашкан Кызыл-Кыштак айыл аймагынын жерлери ото кымбат. Бирок, Ш.Капаров ал жер тилекелерди ото арзан баада баалатып, бюджетке арзыбаган тыйын тушуруп, мыйзамсыз байып жатат.

Уй-жай куруу учун жер тилкелерди ажыратууда Ш. Капаров коррупциялык схемаларды колдоп, жер мыйзамдарын одоно бузуп, кезектуулук тартибин сактабастан, коомдук угуулар откорбой (коомдук угуу отту деп жасалма документке озунун дужурлоруно кол койдуруп), жер берилуучу жердин ордун жана санын жарыялабай, жер берилуучу жарандардын тизмесин жарыялабай, атайын жаап-жашырып, социалдык абалы начар уй-булолорго ажыратпай, кошелёктору аркылуу карапайым элдин паспортторун сатып алып, алардын аттарына жер ажыратуу жонундо токтом чыгартып, кол тамгаларын жасалмалап, Кызыл Китептер даярдатып, жер тилкелерди башка жактан келген байларга кошелёктору аркылуу сатып жатат. Ал жерлерди алган адамдардын ичинде укук коргоо органдардын жана мамлекеттик башкаруу органдардын окулдору бар болушу мумкун. Себеби алар Ш.Капаровко эч кандай мыйзамдуу чара корбой, крышасы болуп, калкалап жатышат. КР Президенти С. Жээнбеков жергиликтуу органдардын башчылары чет эл инвесторлорун Кыргызстанга тартсын деп ар чогулушта айтып жатат. Бирок Ш.Капаров чет элден инвестор тартып келген адамдарга жардам беруу ордуна, элди уюштуруп, уруштуруп жатат. Ш.Капаровдун бул иши мамлекетке чыккынчылык.

Ишкаван айылында мурда 5 гектар жери менен Аэропорт болчу. Госрегистр карталарында ал жер “Западный Аэропорт города Ош” деп аталат. 2010 жыл окуяларында ал Аэропортко Бишкектен самолёттор, вертолёттор конгон. 2009 жылы Кызыл-Кыштак айыл окмотунун жер  адиси Хамидилло Мадалиев “Бостон” кооперативинин протоколун жасалмалап, ал Аэропортту ижарага беруу керек деп чечим чыгарат. 2011 жылы Кара-Суу райондук сотунун мыйзамсыз токтому менен ал Аэропорт болгону 111 мин сомго жеке менчикке сатууну мыйзамсыз мыйзамдаштырат. Ошол Сотто Кызыл-Кыштак айыл окмотунун башчысы Ш. Капаровдун мыйзамдуу окулу болгон айыл окмотунун юристи Бакыт Сайдалиев Аэропорт жеке менчикке сатылууга айыл окмоту каршы эмес жана жеке менчикке сатууну колдогон. Ош окуясынан кийин коркуп калган озбек улутундагы болгон Шермухаммад Мирзабаев жана Зокир Хошимовдордон бул мыйзамсыз иштерде пайдаланып, алардын колу менен ал жерди мыйзамсыз сатышат. Бугунку куну ал жерде ресторан “Эльдорадо Гранд” жана башка мыйзамсыз объекттер курулду. Бирок айылдын карапайым эли менен соттошушту озуно кесип кылып алган Ш.Капаров Аэропортту мамлектке кайтаруу учун сотко бербей, тескерисинче Сотто жеке менчикке сатылышына каршы болбой, колдоп, ал жерлерге документтер жасап, Кызыл Китептерге кол коюп жатат. Аэропорттун 5 гектар жери болгону 111 мин сомго сатылып, азыркы кундо ал жердин 1 сотиги 10 мин доллардан сатылып жатат. Бул болсо Аэропорттун сатылышында Ш.Капаровдун аракеттерине шек жаратып жатат.

Ошондой эле, Ш.Капаров кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында, 2010 жылдан баштап азыркы кунго чейин мыйзамсыз токтомдорго, документтерге озунун орун басарларына кол койдуруп жатат, озу кол койбойт. КР мыйзамдыры боюнча жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарынын башчылары чыккан токтомдордун, документтердин мыйзамдулугуно жеке оздору жооп берет. Айыл окмотунун башчысы озу иштеп жаткан убакытта токтомдорго, документтерге башчы жеке озу кол тамгасын коюушу керек. Башчынын орун басарлары токтомдорго, документтерге башчынын ордуна кол коюушу бир гана убакытта мумкун, эгерде башчы эс алууда, ооруканада жатса, командировкада болсо. Ошондо дагы башчынын милдети буйрук менен орун басарына жуктолушу керек. 2013-2019 жылдары мыйзамсыз жер тилкелерди ажыратуу жонундогу жуздогон токтомдорго, Кызыл китептерге Ш.Капаровдун орун басарларын укуктук полномочиесине кирбесе да Ш. Капаров озунун ордуна кол койдуртуп, коррупциялык схемаларды колдоп, мыйзамсыз жер бизнесин жургузгон. Ш. Капаров озунун ордуна орун басарларына кол тамгасын койдуртуп жер тилкелерди муниципалдык менчикке откоруп, ортомчу-кошелёкторуно жеке менчикке арзан баада сатып, андан кийин ал жер тилкелерди жуз барабар кымбат баада сатып, ортодогу айырмасын сол чонтогуно салып жатат. Андан сырткары, Ш. Капаров, озунун ордуна орун басарына колун койдуртуп, мыйзамсыз курулуштарга уруксат берген. Ш.Капаровдун мыйзамсыз аракеттерин натыйжасында, озунун ордуна орун басарлары кол койгон жер ажыратуу жонундогу миндеген токтомдору, Кызыл Китептери, курулушка уруксат берген документтери, муниципалдык менчикти жеке менчикке откоруу жонундогу буйруктары жана башка маанилуу документтери мыйзамсыз жана алар мыйзам чегинде жокко чыгарылып, Ш.Капаров мамлекетке келтирилген материалдык зыянды ордун толдурушу керек.

Андан сырткары, Ош-Араван автожолун боюнда жайгашкан коптогон гектар жерлер Ш. Капаров убагында жеке менчикке сатылган. Капаровко чейин “Арча” соода уйунун жери 2  гектар болсо, Капаров убагында “Арча” соода уйунун жери 8 гектар болуп кобойуп калган. Ошол кобойуп калган жер, суулу жер болгон. Бирок, эмнегедир Кызыл-Кыштактын суулу жерлери Госрегистр жана Гипрозем карталарында кайракы жана ынгайсыз жерлер болуп жасалмаланып жатат?..

Албетте мыйзамсыз иштерди Ш. Капаров бир озу кылбайт, аны калкалаган кудуреттуу чон иштерде иштеген аткаминерлер долясын алып, калкалайт. Ошондуктан биздин умутубуз коррупция менен аёосуз курошом деген Президентибизде, ал бул ишти оз козомолуно алып, бизди жеке кабыл алуусун суранабыз. Себеби Ш. Капаровдун коррупциялык схемалар менен топтогон акчалары коп, башка аткаминерлерди сатып алууга анын акчалары кенен жетет жана ал дагы коррупциялык схемаларды колдонуп, карапайым элдин ырыскысын жеп журо берет.

КР Президенти С.Ш. Жээнбеков коррупционерлерди мага айтыныз, мен ага созсуз чара кором, камайм, коррупционерлерди айткан адамдарды озум жана мамлекет коргойт деген. Биздин унубуз Президентке жетпей жатат, Ш.Капаров бутун баскан жергече бар, мага эч ким, эч нарса кыла албайт деп бизди куугунтуктап, сотко берип, 1,5 миллион сом талап кылып жатат. Бизден башка айылдын карапайым элдерин дагы сотко берип 1,5 миллион сомдон акча талап кылып жатат. Биз коп жолу арыз менен кайрылдык, бирок Ош облусунун жана Кара-Суу районунун органдары коррупционер Ш. Капаров алдында алсыз экен. Ошондуктан, биздин унубуз Президентке, Коопсуздук Кенешине жетсин деп Бишкекке келип, пресс-конференция бердик. Жогоркулардын негизинде суранабыз:

Элди бир-бири менен уруштуруп жаткан коррупционер Ш. Капаровду бюджет акчаларын жана жер ажыратууда коррупциялык былыктарын текшеруу учун Республикалык Мамлекеттик комиссия тузуп, Капаровду кылмыш жоопкерчилигине тартылышын, иштен четтетилишин талап кылабыз.

 

Коррупционердин курмандары:                                      Г. Мирзакаримова, 9 сентябрь 2019 ж.

                                                                                                О. Токторалиева (тел. 0778 493908)

 

Р.S. Биз менен, биздин үй-бүлөбүз менен, биздин жеке менчигибиз менен бир нерсе болсо, Шарабидин Капаровду жана аны калкалаган коррупционерлерди күнөөлүү деп эсептоонузду суранабыз.

(Кат кандай жазылса, ошондой, стилистикасы жана грамматикасы өзгөртүлбөй берилди).

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс