Воскресенье , 22-Сентябрь 2019
Башкы бет / Дүйнө / Мухаррам айынын сырлары

Мухаррам айынын сырлары

Категория: Интервью – Published: 04/09 – 09:35

Жаңы 1441-хижри камари (ай календары) жылы кирип келип, жылдын биринчи “Мухаррам” айы башталды.

Мухаррам айы кандай ай? Эмне үчүн бул ай “мухаррам”( тыюу салынган) ай деп аталган?
Ислам тарыхына көз жүгүртсөк, “Зуль хижжа”  (ажылык амалдар аткарылуучу) айын аркалаган мухаррам айында бардык мусулмандарга согушка чыгууга тыюу салынганын түшүнөбүз. Ал эми тарыхта бул айда кандай эстен кеткис окуялар болгон? Эмне үчун мусулмандардын көбү жаңы жылдын биринчи айын кубаныч менен тосуп алса, айрым мазхабдар биринчи 10 күнүндө аза күтүшөт? Ушундай суроолор менен биз Бишкектеги “Имам Али” мечитинин имамы, аз жамаатnы түзгөн шия мазхабынын аалымы ажы Ильгар Ийманиге кайрылдык.

– Саламатсызбы Ильгар ажы. Мухаррам айы тууралуу айтып берсеңиз.

– Ассаламу алейкум! Биринчиден мени маекке чакырганыңызга рахмат айтам. Ооба, биз 1441-ай календарынын Мухаррам айынын башындабыз. Бул айдын башталуусу менен дүйнөдөгү бfардык шия мазхабындагы мусулмандар Аба Абдиллах аль-Хусейндин алейхи саламдын азасын күтүүгө даярданышат. Имам Хусейн алейхи салам Азирети Али алейхи салам жана Азирети Фатима алейха саламдын уулу жана Ислам пайгамбары Азирети Мухаммаддын (салам жана салаваттар болсун ага) небереси болот.

Пайгамбарыбыз (салам жана салаваттар болсун ага) Хусейн алейхи салам жөнүндө мындай деп буйруган: Хасан менен Хусейн бейиштеги жаштардын башчылары. Дагы бир жерде мындай буйруган: Хасан жана Хусейн кандай гана абалда болушпасын силердин жетекчиңер.

Бирок тарыхта 61-хижри жылы Язид ибн Муавия башкарып турган заманда, так ушул Мухаррам айынын биринчи он күнүндө чоң трагедия болуп өткөн. Мухаррам айынын биринчи күнү Язид ибн Муавия Умар ибн Сааддын жетекчилиги менен Имам Хусейнди алейхи салам аскерлери менен алдын тороп, өтүүгө тыюу салат. Имамдын бүт аскерлерин жана Баний Хашимдин тукумунан болгон  “18 туугандарын”өлүмгө кыят. Эртеси күнү имам Хусейн алейхи салам калган үй-бүлөсү менен Кербала (Ирак) аймагына жетет. Ибн Саад  ал жерден имамдын ичээр суусун байлап, үй-бүлөсүнө, жада калса бала-чакаларына дагы ырайым кылбай кыйнайт. Имам Хусейн алейхи салам согуш майданына аттанып жатып, карындашы Зайнабдан алайха салам кичи уулун Алиасгарды коштошууга алып келүүсүн суранат. Бирок  душмандар Алиасгарга таамай жаа атып өлтүрүшөт. Акыры имам дагы Ашуура (Мухаррам айынын 10-күнү) шейит болот. Душмандар имам Хусейндин алейхи салам жана анын туугандарын да өлтүрүшүп, баштарын кесип алып найзага сайып, Куфадагы Убайдулла ибн Зиядга жиберишет. Ал эми аял-кыздарын туткунга алышып, шаар шаарларга тентиттиришет.

Алар Хусейн алейхи салам пайгамбардын (салам жана салаваттар болсун ага) небереси экенин жана аял-кыздары анын тукумдары, жакындары экенине карашкан жок.
Ушундай чоң трагедиядан улам биз жыл сайын аза күтөбүз, кайгырабыз жана бул ибадатыбыз менен Ислам пайгамбарынын (салам жана салаваттар болсун ага) кайгысын тең бөлүшөбүз.

– Имам Али мечитинде дагы кандай жөрөлгөлөр өткөрүлөт?

– Учурда Мухаррам айына карата 31-августтан тарта 10 күн аралыкта “Ашуура” аза күтүү жөрөлгөсү өткөрүлөт. Бул программабыз күндө кечки намаздардан соң башталып, Куран окуу, баян айтуу, аза күтүү жөрөлгөлөрү менен 3 саатка уланат. Мындан тышкары Ыйык Рамазан айында күндө ифтар берүү программабыз бар. Ошондой эле мечитибизде мазхабдык майрамдарга карата программалар каралган.

– Биздин өкмөт тараптан чектөөлөр барбы же диний коомдордон кандайдыр бир кысым көрсөтүүлөр болобу?

– Биз “Жаъфари” мазхабынын шиялары өкмөт башчыларына, Дин комиссиясына жана муфтиятка Кыргызстандагы шия мазхабындагыларга ылайыктуу шарттарды түзүп бергендиги үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдирмекчибиз. Биз муфтият башкармалыгы менен тыгыз байланышта жана жакшы мамиледебиз.

– Мечитке келгендердин көбү азербайжан улутундагы мекендештер экен, сиздердин мечитиңиздер башка улут-мазхабдагыларга да эшиги ачыкпы?

– Ооба, мечитке көбүнчө жергиликтүү азербайжандар келишет. Албетте, намаз убактыларында башка улуттагылар да кирип намаз окушат. Ал эми Мухаррам айынын программаларына азербайжандардан тышкары оогандыктар, ирандыктар да өз үй-бүлөлөрү менен келишип, аза күтүү жөрөлгөлөрүнө катышышат.

– Бүгүнкү күнү шиялар дүйнөгө кайрылып айта турган кандай сөзү бар?

– Бүгүн жана ар дайым эле “Жаъфари” мазхабындагы шиялардын дүйнөгө кайрылаары достук, бир туугандык жана тынчтык сөзү болмокчу. Бул сөз Курандын сөзү. Аллах Таала Куран Каримде мындай буйруган: Момундар бири-бирине бир тууган жана кимде-ким бир туугандык укуктарды сактабаса, кыянат кылган болот. Дагы бир аятта мындай деп айтылат: Аллахтын арканын катуу кармап, бири-бириңерден бөлүнбөгүлө!

Биз, шиялар өзүбүздү Ислам дүйнөсүнүн бир бөлүгү катары санайбыз жана дүйнө мусулмандарын өзүбүдүн бир тууганыбыз катары эсептейбиз.

– Маегиңизге чоң рахмат.

Маектешкен Ширин Бекинова.

http://www.ca-irnews.com/kg/interview-kg/73127-%

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс