Воскресенье , 22-Сентябрь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Кечээ Москвада казак эли үчүн тарыхий күндөрдүн бири болду

Кечээ Москвада казак эли үчүн тарыхий күндөрдүн бири болду

Анткени Россиянын борборунда казак улутун кылымдарга даңазалай турган Казахстандын зангыраган улуттук павильонун Владимир Путин менен Нурсултан Назарбаев салтанатуу түрдө ачып беришти. Улуу совет элинин биримдигинин жана достугунун символу болгон ВДНХ 80 жашка толуп, жаңыланып, кайра жаралууда. Казахстандын улуттук павильону оймо-чиймелери, жасалгалары жана ажайып асман тиреген мозаика айнек куполу менен ВДНХдагы эң кооз имараттын бири болуп калды. Ар дайым кыйындардын кыйыны болууга умтулган намыстуу казак боордошторубузду көптөн күткөн улуттук үйүнүн ачылышы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Ал эми, мигрант инвесторлордун жеке каражаты жана күчү менен ачылып, эми өнүгө баштаган ВДНХдагы кыргыз павильонун көралбас “дежур диаспора” менен напсиси жаман Т.Сариев чырылдатып туруп буздуртуп, тартып алганына беш жылдын жүзү болуптур. Ошолордун ушагына ишенген мамлекет бүгүн павильонду кайра ачалбай бушайман, себеби, алар даяр ашка көз арткан намысы жок адамдар экени билинип калды. Өкмөт кыйналып турганда, ошолордун бирөөсү да кыргыз павильонуна инвестор болуп, өздөрү кура алышкан жок, дагы деле мамлекет куруп берсе, биз колдонсок, жесек деген жаман ойлору менен алектенишүүдө. Эми миллиондогон каражат кетирип эстондордун ичи-сыртында чочконун келбети бар, эски үйүн бүтүрө албай убарабыз. Чындыгында, ВДНХдагы кыргыздын тарыхий өз павильонун кайра калыбына келтирүү боюнча чон пландарыбыз ишке ашпай калганы терең өкүндүрөт. Кайран кыргыз элибиз!

Кубанычбек Кожоев.
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс