2019-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиев Түрк радио жана телекөрсөтүү корпорациясынын (ТРТ) Башкы директору Ибрагим Эрен менен жолугушту.

И.Эрен К.Омуралиевге ТРТнын мүмкүнчүлүктөрү жана ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди. Кыргызстандын туристтик дарамети менен тааныштыруу жана инвестиция тартуу максатында, К.Омуралиев И.Эренге Кыргызстан жөнүндө роликтерди ТРТнын каналдарында көрсөтүүнү, ошондой эле Кыргызстандын жаратылышы, тарыхый жерлери жана маданияты жөнүндө репортаждарды тартууну сунуштады. Ошондой эле аталган роликтерди ТРТ Аваз каналынан гана эмес, ТРТнын негизги каналынан дагы көрсөтүүнү сунуштады.

Тараптар, «Ош-шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» жылынын жабылуусуна байланыштуу иш-чараны чагылдырууда ТРТнын катышуусун талкуулашты. И.Эрен ТРТ аталган иш-чараны чагылдырарын баса белгиледи.

Жолугушууда жалпыга маалымдоо каражаттары тармагындагы тажрыйба алмашуу маселеси дагы талкууланды. Тараптар кыргыз журналистеринин ТРТда стажировка өтүү маселесин улантууну макулдашты.