Воскресенье , 22-Сентябрь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / САДЫР ЖАПАРОВ ЖӨНӨКӨЙ САЯСИЙ ТУТКУН ЭМЕС…

САДЫР ЖАПАРОВ ЖӨНӨКӨЙ САЯСИЙ ТУТКУН ЭМЕС…

Садыр адилеттүүлүк үчүн, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн, ошонусу үчүн түрмөгө камалып, кыйноого алынган, азапка салынган инсан. Орустарда мындай акыйкат үчүн күрөшүп, кыйноого алынгандарды “мученик” деп коет. Садыр Жапаров “мученик”.

Садыр Кумтөрдүн алтыны Кыргызстан үчүн, кыргыз калкы үчүн иштесин деп күрөшкөн. Ошонусу үчүн аесуз куугунтукталып, соңунда Атамбаев кара мүртөздүк менен көп жылга абакка салган. Балдарын, жакындарын кармап, аесуз сабаткан, турмөгө тыккан…
Мындай зомбулуктан Садырдын атасы атасы Нуркожо 2017-жылы көз жумуп кете берди. Андан кийин апасынын да жүрөгү чыдабады…
Жакында уулу Дастан жол кырсыгынан жаш өмүрүнөн айрылды…
Бул -күнөөсүз адамды бийликтин кыйноосу, азапка салуусу.
Бул жерде эң өкүнүчтүүсү, Атамбаев бийликтен кетсе да Садыр Жапаровдун азапка чөмүлүп, абакта жатканы, коррупциялык Кумтөр аферасынын уланып жатканы, жүз миллиондогон доллар каражаттар Кыргызстан казынасынан кыйгап кетип жатканы…
Бул токтотулууга тийиш. Садыр Жапаров тезинен абактан бошотулууга тийиш. Кыргыз коомунун бетиндеги кара көө жуулууга тийиш…
(Садыр Жапаровду 2013-жылы Кумтөргө каршы митинг уюштурган, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп, Атамбаев соту 2017-жылы 11 жыл 6 айга кескен. Сотто Каптагаев эч кандай барымтага алынбаганын айтып турса да, сот ага көңүл бурган эмес).
Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс