shadow

Мурда эскилиги жеткен бул имараттын терезелери жана чатыры толугу менен алмаштырылды. Оңдоо иштерине жалпысынан 6,3 миллион сом кеткенин жана ага ТИКА (Түркиянын кызматташтык жана координация агенттиги) демөөрчүлүк кылганын Түркиянын Кыргызстандагы Элчилигинен билдиришти.
Медициналык мекеменин ачылыш аземи кечээ,  1-сентябрда болду. Ага Түркиянын Кыргызстандагы Элчиси Женгиз Камил Фырат, Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Батырбеков жана ТИКА координатору Али Муслу сыяктуу кыргыз жана түрк тараптын өкүлдөрү катышты.
Белгилей кетсек, Түркия буга дейре да Кыргызстандын айылдарын өнүктүрүү долбоорлорунун алкагында калк турмушун жакшыртуу багытындагы көп аракеттерди ишке ашырган.