Воскресенье , 22-Сентябрь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Ирандын Маданий өкүлчүлүгү К. Баялинов атындагы китепкана менен кызматташат

Ирандын Маданий өкүлчүлүгү К. Баялинов атындагы китепкана менен кызматташат

Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Маданий өкүлүнүн К. Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасынын жетекчиси менен жолгушуусу болуп өттү.
Жолугушууда Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы маданий өкүлүнүн Кыргыз Республикасынын улуттук китепканасынын Фирдоуси атындагы фарсы адабияты борборунун ишкердигин жакшыртуу аракетин көрөрүн билдирди.

2019-жылы 28-августта Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Парвиз Гасеми, К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасынын жетекчиси Роза Султангазиева менен аталган китепканада жайгашкан Фирдоуси атындагы фарсы адабияты борборунун маданий жана окутуу боюнча иш-чараларын жакшыртуу максатында жолугушту.

Жолугушууда Ирандын маданий өкүлү А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын улуттук китепканасынын жетекчисине жана К. Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасынын жетекчисине Фирдоуси атындагы фарсы адабияты борборунун ишмердигине тийгизген жардамдары үчүн өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, улуттук китепкананын жетекчисинин негизги кадамдарынын бири болгон фарсы адабияты борборунун окутуу боюнча иш-чараларын жакшыртып, окурмандардын санын көбөйтүү жөнүндө сүйлөшүп, өзүнүн сунуштарын киргизди.

Анда Ирандын маданий өкүлчүлүгү тарабынан каллиграфия үйрөтүү, сыртына алтын менен каптоо өнөрү сыяктуу мастер класстарды (Иран Ислам Республикасындагы маданият жана ислам байланыштары уюмунун жалпы маданий жана чет өлкөлөрдө жашаган ирандыктар бөлүмүнүн жардамы менен), Ирандан келген мугалим тарабынан мектептерде фарсы тилин окуп жүргөн окуучулар үчүн фарсы тилин окутуу курсун күз айларында өткөрүү, ирандык акын, жазуучуларды эскерүү боюнча адабий кечтерди өткөрүү, каалоочулар үчүн фарсы тили курсун өткөрүү, Фирдоуси атындагы фарсы адабияты борборунда Иран тануу, Иран элинин кол өнөрчүлүгү коюлган бурч ачуу, аталган китепкананын биринчи кабатында башка өлкөлөрдүкүндөй Иран витринасын (бул витринада Ирандагы балдар жана жаштар адабияты, кол өнөрчүлүк, куурчактар жана башкалар коюлат) жасоо сыяктуу сунуштарды киргизди.

К. Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасынын жетекчиси Султангазиева өз кезегинде Фирдоуси атындагы фарсы адабияты борборунун ишмердуулүгүнө карай жаңы ыкмалар үчүн Ирандын маданий өкүлчүлүгүнө терең ыраазычылыгын билдирип, өкүлчүлүктүн жогруда аталган сунуштары ишке ашаарына үмүттөнөрүн билдирди. Аталган борбор жакын арада кыргыз окурмандар үчүн мыкты жана татыктуу борбор боло алат деди.

Жолугушуунун акырында Иран Ислам Республикасынын маданий өкүлчүлүгүнүн жетекчиси тарабынан К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасынын жетекчисине белек тапшырылды.

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс