Эгемендүүлүк – ар бир элдин, улуттун жана өлкөнүн эңсегени, тилегени. Себеби, эгемендик элдин эркиндиги, өлкөнүн саясий көз карандысыздыгы эмеспи. Өз чөлкөмүндө дагы, дүйнөлүк аренада дагы саясий, экономикалык чечимдерди улуттук жана мамлекеттик кызыкчылыгына ылайык өз алдынча ала билиши ар бир өлкө үчүн маанилүү.

Мамлекеттин эң негизги белгиси – эгемендүүлүк. Демек, мамлекет болуунун өзөгү мына ушул эгемендикте, эркиндикте жатат. Ошондуктан эгемендүү мамлекет болуу – өтө зор сыймык. Ошону менен бирге эгемендүүлүккө жетүү, аны андан ары да сактай билүү чоң түйшүк экенин эске тутуу зарыл.

Баарыбызга белгилүү болгондой эле, Кыргыз Республикасы эркиндикке 1991-жылдын 31-августунда жетишкен. Мына ушул күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде “Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө” Декларация кабыл алынып, мамлекетибиздин көз карандысыздыгы салтанаттуу жарыяланган жана өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болуп, элибиз эзелтен бери эңсеп келген эркиндикке жеткен. Ушундан тартып дүйнө жүзүндөгү башка мамлекеттер да Кыргызстанды көз карандысыз мамлекет катары таанып, өлкөбүз БУУ, ЮНЕСКО, Дүйнөлүк соода уюму сыяктуу эл аралык кадыр-барктуу уюмдарга өз алдынча мүчө болду.

Ушул жерде айрым суроолор да пайда болбой койбот: Биз Эгемендүүлүктүн баркын билебизби?Эгемендүүлүктү канчалык деңгээлде барктап, аздектеп жатабыз?

Албетте, бул суроолордун айтылышынын да жүйөөсү бар. Тарых барактарына көз чаптырганыбызда, ата-бабаларыбыздын кылымдар бою өз жандарын аябай эли-жерин сактап, Эгемендүүлүк үчүн күрөшүп келгенине күбө болобуз. Айрым учурларда  «Улуу Кыргыз дөөлөтү» сыяктуу өз доорунун кубаттуу мамлекетин түптөсө, айрым убактарда башка өлкөлөрдүн карамагына киргени да кездешет. Бирок мындай учурларда да жөн гана моюн сунуп отуруп калбастан, дайыма эркиндиктин, эгемендиктин, көз карандысыздыктын аракетинде болуп, жан үрөп күрөшүп келген. Ошондуктан “Кузгун болуп миң жыл жашагыча, бүркүт болуп жүз жыл жашаган артык” деген элибиздин терең философиясы да зор маанини камтып турат. Кыргыздардын “бүркүт мүнөз эл” деп аталышынын маңызы да мына ушунда жатат эмеспи.

А бирок азыркы учурга келе турган болсок, айрымдарыбыз Эгемендүүлүктүн баркын жакшы сезбей жаткандайбыз. Себеби, ушул таптагы Эгемендүүлүккө жетүүбүзгө 70 жылдан ашык өмүр сүргөн СССРдин таркашы шарт түзгөнүн баарыбыз билебиз. Кыргызда “Сөз чынынан бузулбайт” деген накыл кеп бар эмеспи, анын сыңары бул көз карандысыздык бизге белек катары берилди десек жаңылышпайт чыгарбыз. Балким, ушинтип оңой келгенинен уламбы же дагы башка себептер барбы, айтор Эгемендүүлүктү барктай албай жатканыбыз чындык.

Эми эгемендүүлүккө далай кыйынчылыктар, төгүлгөн кандар аркылуу жеткен айрым элдерге, өлкөлөргө токтоло кетсек. Мисалы, 30-август боордош Түрк элинде да улуттук майрам катары белгиленип келет. Бул күн “Жеңиш майрамы” деп аталып, өлкөнүн ар тарабында майрамдык салтанаттар өткөрүлөт. Бул майрамдын тарыхы өткөн кылымдын 20-жылдарына барып такалат. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Түрк өлкөсүнүн айрым аймактары чет элдик күчтөрдүн баскынына учураган.  Мунун натыйжасында өлкөдө бир канча жылга созулган “Боштондук күрөшү” башталган. Мустафа Кемал кол башчылык кылган бул улуттук күрөш 1922-жылдын 30-августунда ийгиликке жетип, душмандардын эң акыркы күчтөрү өлкөдөн сүрүп чыгарылган. Бул жеңиш Түркия Республикасынын эгемендүүлүккө ээ болушуна өтө чоң мүмкүнчүлүк түзгөн. Мына ушул жылдардан тартып Түрк өлкөсүндө 30-август “Жеңиш майрамы” катары белгиленип келет жана бул күнү жогорку деңгээлдеги майрамдык салтанаттар өткөрүлөт.

Боордош Түрк эли өз жерин душмандардан коргоп, боштондукка жетүү үчүн канчалаган курмандыктарды берди, канчалаган кырчындай жаш жигиттердин жаны кыйылды, он төрт-он беш жаштагы өспүрүмдөр дагы колуна курал алып, эркиндик үчүн күрөштү. Анын натыйжасында өлкө душмандардан тазаланып, боштондукка ээ болуп, азыркы учурда дүйнөнүн алдыңкы сабындагы өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулуп, боордош элдер жана мамлекеттер менен, анын ичинен Кыргызстан менен дагы ар тараптуу кызматташтыкты күчөтүп, ар тараптуу колдоо көрсөтүп келүүдө.

Демек, өнүгүп-өсүүнүн бирден-бир жолу Эгемендүүлүк, эркиндик экенин ар дайым жадыбызда сакташыбыз керек. Мына, эгемендүүлүккө ээ болгонубузга 28 жылдын жүзү болду. Өлкөбүз бул жылдары көптөгөн жакшы күндөрдү да, кайгылуу күндөрдү да башынан өткөрдү. Мындан ары да кыйынчылыктарга көкүрөк керип, Эгемендикти барктай билүү жана сактап калуу, мамлекетибиздин жана элибиздин өсүп-өнүгүшүнө салым кошуу – баарыбыздын милдети. Себеби, ар бирибиз мамлекеттин атуулу жана улуттун мүчөсүбүз. Демек, мамлекеттин өнүгүшү, уюткулуу улутубуздун уланышы баарыбызга көз каранды.

Жаркынбай Себетов.