Воскресенье , 22-Сентябрь 2019
Башкы бет / Аналитика / Мухаммад ибн Закария Разинин өмүр баяны

Мухаммад ибн Закария Разинин өмүр баяны

Эгерде ар бир адам өзүнүн жөндөмдүүлүгүн туура колдонсо, дүнүйө баары эңсеген бейишке айланмак”

Закария Разинин айткан сөзү

Абу Бакр Мухаммад ибн Закария ар-Рази перс элинин даанышман-энциклопедисти, врач, алхимик жана философ, Тегеранга жакын жайгашкан Рей шаарында, болжол менен 865-жылдары жарык дүйнөгө келген. Закария Разинин өмүр баянында төмөдөгүдөй деп жазылган: Анын аты Мухаммад, атасынын аты Закария, ал эми лакап аты Абубакр болгон. Чыгыш тарыхчылары даанышмандын китептерин изилдеп, аны Мухаммад ибн Закария Рази деп билишсе, Европа жана батыш тарыхчылары Разис же Аль Рази дешкен. Улуу даанышман Абурейхан Бирунинин айтканы боюнча Закария Разинин жаштык кези, балалык чагы өзү туулуп өскөн Рей  шаарында өткөн. Ал бала чагынан эле ыр ырдап, кээде ыр жазып таанымал болгон.

Закария Рази Персияда ар кандай тармактарда б.а. философия, метафизика, поэзия жана алхимия боюнча терең билим алган. Ал жаш кезинен эле темирлерди иштетип чыгаруу жана “эликсир” табуу сыяктуу тажрыйбалар менен алек болгон. 30 жашында Багдад шаарына барып, медицинаны үйрөнгөн. Ал көп өтпөй эле мыкты даарыгер болуп чыга келген. Ал туулуп өскөн шаары Рей андан соң Багдаддагыбейтапканаларды жетектеген. Закария Рази медицина, философия жана байыркы антикалык илимдерди жакшы билген жана философия, этика, теология, логика, медицина, астрономия, физика, алхимия илимдери боюнча 184 эмгек жаратса, алардын 61 гана бизге жеткен. Разини иран жана ислам маданиятындагы рационализм менен эмпиризмдин көрүнүктүү төбөлү десе да болот.

Философия жана медицина илимдеринин тарыхчылары Разинин устаттары катары үч инсанды эсептешкен:

Закария Рази медицина тармагында Аль Табаринин шакирти болгон. Абузайд Балхи Закария Разинин философия тармагында устаты болгон, ал эми Абулаббас Мухаммад бин Нишапури  аалам таанууда же материализмде билим берген.

Ирандын улуу дарыгери, жаратылыш таануучусу Закария Разини алхимиянын атасы деп билишет. Анткени ал байыркы химияны жаңы заманбап химияга айланта алган. Закария Рази алхимия илиминде жаңы мектеп ачкан жана аны тажрыйбалык-илимий мектеп деп атаса болот. Химия илиминин белгилүү даанышманы Джулиус Рюска Закария Разини илим дүйнөсүнө көптөгөн салым кошкон жана ал алхимиянын атасы, илимдеги жаңы мектептин негиздөөчүсү экенин, анын илимге болгон  тушоосун белгилүү француз окумуштуусу Лавазиякескендеп билет.

Х-ХII кылымдарда анын көптөгөн эмгектери Европада латын тилине которулган.

Закария Разинин адеп-ахлагы, адамдык сапаты

Закария Рази абдан адамгерчиликтүү, көздөгөнүнөн катйпаган тырышчаак, ийгиликтүү адам болгон. Ал өзүнүн бейтаптарына өзгөчө көңүл бурган жана алардын дартын таппайынча тыным алчу эмес, ал кедейи болобу, жакыр адам болобу баардыгына бирдей мамиле кылган. Закария Рази ошол доордогу башка жалаң гана падышаларды, байларды даарылоону жактырган дарыгерлерге караганда, көбүнчө жөнөкөй адамдарды даарылаган. Ибн ан Надим өзүнүн “Аль фехрест” деген китебинде мындай дейт: “Анын баардыгына болгон өтө жумшак мамлиеси, өзгөчө кедей кембагалдар менен оорулууларга кылган боорукер, кайрымдуу, мээримдүү мамиле кылган мүнөзү болгон. Ал ар дайым бейтаптардын ал-ахыбалын сурап, өзүнүн болгон байлыгын кедей кембагалдарга жумшаган”. Закария Рази өзүнүн “Сефат-е бимарестан” (Бейтапкананын мүнөздөрү) деген китебинде “Ар бир адам дарыгер болууга ылайык эмес, дарыгердин же табыптын өзгөчө мүнөзү болуш керек” деген.

Медицина

Закария Рази өзүнүн доорунда эң белгилүү, билимдүү дарыгер болгон. Анын медицинага киргизген салымдары, өзгөчө тамак аш жана суюктуктар менен даарылаган ыкмасы абдан кеңири тараган. Азыркы замандын дарыгерлери, медицина илиминин илимпоздору Закария Разинин ыкмаларын күнү бүгүнкүгө чейин байма бай колдонуп келишет. Ал эми Ибн Сина Закария Разинин абдан жогорку деңгээлдеги мыкты дарыгер, дарыгерлер Канунун (мыйзам) жазган автор деп билет.

Закария Разинин медицина тармагындагы негизги эмгеги болуп “Аль-хави” (Медицинага тийиштүү нерселердин баарын камтыган китеби) жана 10 томдон турган “Мансурга арналган медицина китеби” атту эмгектери араб тилинде чыккан. Аталган китептер кийинчерээк ар кандай тилдерге которулуп, бир нече жылдар бою дарыгерлер колдонгон китеп болгон. Ал бейтапканаларды салуу эрежелерин, аларга ылайыктуу жер тандоо насыятын түзүп, дарыгерлердин ар башка оору боюнчаадистеринин мааниси (“Бир дарыгер бардык ооруларды даарылай албайт”),медициналык жардам жана дарыгери жок калкка өзүнө өзү жардам көрсөтүү  (даарыгери жоктор үчүн медицина”) сыяктуу эмгектерди жараткан.

Закария Рази чечек (оспа) жана кызылча (корь) ооруларын бири биринен ажыратып, алардын  айырмасын түшүндүргөн эң биринчи дарыгер. Ал өзүнүн “Чечек жана кызылча” деген китебинде чечек оруусунун келип чыгышын, алардын жугуу жолдорун түшүндүргөн. Ал чечек менен кызылча  ооруларын коркунучтуу оору деп түшундүрүп, бул оору менен ооруп калган адамдарды туура кароо, аларды багууда бир нече сунуштарды жана ыкмаларды баяндаган. Андан тышкары чечек менен ооруган адамдын денеси жабыркабаш үчүн эң алгачкы дарыгер катары кебезди колдонуу керектигин жана оору күчөп кетпеш үчүн анын көзү, кабагы жана тамагына жакшылап кам көрүү керектигин, оорунун алдын алуу үчүн жана ооруну күчөтүп жибербөө үчүн эмне кылуу керек экенин баяндаган.

Закария Разинин доорунда адамдын сөөгүн ачуу, аларды изилдөө болгон эмес, анткени андай иш диний ишенимдерге дал келбейт деп билишкен жана алар изилдө иштеринде негизинен маймылдарды союп, алардын ички органдарын, дене түзүлүштөрүн изилдешкен. Ал эми Закария Рази өзүнүн китептеринде адамдын сөөктөрүн, булчуңдарын, мээсин, кулагын, өпкөсүн, жүрөгүн, аш казанын, өтүн, кыр арканын жайгашышын жана башкаларды түшүндүрүп, сүрөттөп жазган. Закария Рази баш жана моюн нерв системаларын изилдеген эң алгачкы дарыгер деп да эсептелинет.

Ички ооруларды даарылоо

Закария Рази дары дармектерди аша чаап  ичүү зыян деп билет жана кандай гана дарт болбосун туура тамактануу менен айыктырса болот, же болбосо бир гана препарат же бир канча препарат менен дарыласа болот деп эсептеген. Закария Рази “Дарыгер бейтабын тамак аш менен дарылганда гана ийгиликке жетишип, өсүп-өнүгө алат” деген. Ал өзү даярдаган дарылардын баарын алгач жаныбарларга колдонуп, алардан жыйынтык алган соң гана өзүнүн бейтаптарына берген.

Хирургия

Закария Разини көбү дарыгер деп билишкени менен кээ бир тарыхчылар, даанышмандар “хирург” деп билишет. Анын эмгектерин изилдөөнүн негизинде аны абдан тажрыйбалуу хирург деп билүүгө болот. Анткени ал бойрок жана табарсыктагы таш, аларды тазалоо ыкмалары жөнүндө китеп жазган. Ал китебинде бөйрөк жана табарсыктагы ташты даарылоо жолу менен айыктыруу мүмкүн эмес экенин, ага операция жасалыш керек экенин тастыктаган. Закария Рази өзүнүн китебинде табарсык ташын алып чыгууда колдонулчу хирургиялык аспаптын атын да атап өткөн. Ал артрит оорусун изилдеп чыккан алгачкы дарыгер деп эсептелет.

Математика жана астрономия

Закария Рази “Убакыт жана мейкиндик китебинде” жазылган математикалык атомизмдик окуунун жактоочусу болгон. Ал  “чет жактан чарчылардын кыясызыктарынын ченелбестиги жана анын геометрияга тиешеси жок фактысы жөнүндө трактат” жазган.  “Шарформасындагы жер, табият, жылдыздар жана космостор жалпысынан” аттуу трактаттары да белгилүү.

Философия

Закария Рази философиялык концепциянын негиздеринде, гностицизмдин ар түрдүүлүгүн кээ бир уйкалыштарды окууда беш түбөлүктүү башталыш жатат: “жаратуучу”, “жан”, “материя”, “убакыт”, “мейкиндик”; “жаратуучу” тарабынан жаралып, “акыл” “жанды” үрөп, “мейкиндикке” чалдыккан  боштондукка умтулат; буга жол катары – философия илимин изилдөө болуп саналат. Закария Разинин атомизми – Демокриттин атомизмине жакындашат. Ал абсолюттук мейкиндикке, абсолюттук убакытка жана дүйнөнүн көптүгүнө ишенген. Анын ою боюнча баардык буюмдар бөлүнбөс элементтерден (атомдордон) турат жана алардын ортосунда бош мейкиндик бар. Бул элементтер түбөлүктүү, өзгөртүүсүз жана атомдордон турган алардын ортосундагы мейкиндиктердин кандайдыр бир чени, өлчөмдөрү бар. Төрт баштапкы атомдордун ортосундагы бош мейкиндиктин чоңдугун, алардын табигый кыймылы аныктайт. Ошентип от менен аба өйдө карай жылган маалда, суу менен жер ылдый карай жылат.

Алхимия жана атрохимия

Закария Разинин алхимиялык жазууларынын ичинен “Сырлар китеби” жана “Сырлардын сыр китеби” белгилүү. Анда ал грек философторун жана александриялык алхимиктердин чыгармаларын жакшы билгендиги айкын. Ал VIII жана IX кылымдардагы араб авторлорунун чыгармаларын окуган.

Закария Рази алхимиянын максаты – бул металлдын “негизинен”келип чыккан, “эликсирдин” жардамы менен металлдарды трансмутациялоо деп эсептейт. Андан тышкары алхимия жөнөкөй (кварц жана айнектен) баалуу, асыл таштарды алууну изилдеш керек. Закария Рази Жабирди жолдоп, металлдан турган негизги элементтери (негиздери)  деп сымап жана күкүрттү эсептеген, бирок ага дагы үчүнчү негиз “тузду” кошкон. Кийинчерээк бул металлдын составы жөнүндөгү түшүнүк европалык алхимия адабиятында кеңири тараган.

Закария Рази өзүнүн чыгармаларында ар түркүн химиялык аппараттарды жана приборлорду, химиялык операцияларды жазган. “Сырлар китебинде” алхимия боюнча материалдардын барын талдап чыгып, үч негизги бөлүккө бөлгөн.

  1. Заттарды изилдеп-таануу
  2. Приборлорду изилдеп-таануу
  3. Анын иш-жүзүн изилдеп-таануу

Закария Рази химия илиминин тарыхында биринчи жолу ал билген заттардын барын айырмалоочу белгилерине карап класстарга, түркүмдөргө, разряддарга бөлүүгө аракет кылган жана аларды үч чоң топко бөлгөн:

  1. Минералдуу заттар
  2. Өсүүчү заттар
  3. Жаныбар же жандуу заттар

Закария Рази минералдуу заттарды 6 бөлүккө бөлгөн

  1. Атыр (спирттер – ртуть, нашатыр, аурипигмент же реальгар жана күкүрт) заттарын киргизген
  2. “Тело” (металлдар – алар болгону жетөө, алтын, күмүш, жез, темир, калай, коргошун жана “харасин” (цинк болушу мүмкүн).
  3. “таштар” алардын 30 түрү бар.
  4. “бораки” алардын алты түрү бар алар бура-борный кычкыл натрий, сода, зергерлердин бурасы
  5. “тинка” заравандын бурасы, арабтардын бурасы
  6. “туздар” 11 түрү – тазаа тамакка кшулган туз, ачуу, таш, ак, индия жана кытай туздары, акиташ.

Өсүүчү заттар

Закария рази өсүүчү заттар сейрек кездешкендиктен алардын аттарын атаган эмес.

Жаныбар  же жандуу заттардан чач, баш сөөк, мээ, өт, кан, сүт, жумуртка жана мүйүздү келтирген.

Закария Рази аппарат жана приборлордун арасынан колбаларды, кубокторду, айнек идиштерди, кувшиндерди, мискей, күйгүч, чырак, меш, шпатель, ковша, кайчы, балка, чопо жана суу мончолору, жүндөн жана чүпүрөктөн жасалган фильтрлер, түтүк жана башкаларды ойлоп тапкан.

Закария Разинин эмгектери

Медицина китеби

Табият китеби

Логика боюнча китеп

Математика жана астрономия боюнча китеп

Философиялык жана медициналык китептерди талкуу китеби

Философия илими боюнча китеп

Теология

Алхимия жан башкалар.

Иран Ислам Республикасында жылдын 5 шахривар күнү (27-августта) улуу даанышман Закария Разини эскерүү күн деп жарыяланган. Аталган күнгө карата ар кандай мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде илимий иш чаралар, тегерек стол, конференциялар өткөрүлүп турат.

27.08.2019ж.

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс