Пятница , 18-Октябрь 2019
Башкы бет / Досье / Жалил Эшанкулов : Адахан Мадумаровду бирөөсү мактап,бирөөсү жамандап кара терге түшүп жатышат…

Жалил Эшанкулов : Адахан Мадумаровду бирөөсү мактап,бирөөсү жамандап кара терге түшүп жатышат…

Мен өзүм билген окуяларды гана тизмектеп берейин.
1. А.Акаевдин учурунда ТВда иштеп турганда Токмоктон Телевизор чыгып,бизге сатылбай чет жакка кетип жатканын жар салат.
2. Б.Силаев деген шумпай өзбектерге унду арзан берип, газды кымбат алууга келишим түзүп келгенде.
-Менин элимдин шылдыңдаганың жетишет–деп көпчүлүктүн оозун ачтырган.
3. Искрадагы кыргыздар менен дуңгандардын кагылышуусунда кыргыздардын таламын талашып эки дунганды көчүп кетирүү менен иш аяктайт.
4. А.Акаев качып кеткенден кийин;
–Сиз,А.Акаев жөнүндө эмне айталасыз дегенде
–Эч нерсе айталбайм,Айтар сөздү ал бар кезде айткам.Кеткен кишинин артынан сүйлөө жигитчиликке жатпайт–деп таң калтырган.
5. К.Бакиев кап менен ЖК залын оңдоого макул болуп,кийин эки депутат аркылуу башкача оюн билдиргенде ;
–Түшкө чейин бирди айтып,түштөн кийин башкача сүйлөгөн кишини эмне десе болот–деп төр агалыктан кетти.
Каршылаштары кооз сөз сүйлөгөндөн башка эч нерсеге жарабайт деген доо артып келет.
Жакшы сөз жарым ырыс дегенди унутпасак…
Ар тараптуу,жан-дүйнөсү бай,көп окуган,саясатта бышып жетилген,
кыргыз элинин бүтүндүгү үчүн жан талашкан азаматтарды колдоп,бир коктунун эмес бир ууч элдин тагдырын ойлоо зарыл…

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс