Пятница , 18-Октябрь 2019
Башкы бет / Аналитика / Минген атың кыйналбай,  жол арбыбас

Минген атың кыйналбай,  жол арбыбас

Элибиздин мындан аркы тагдыры чечилип, жаштарыбыз багытын издеп, бир жагынан кыргыздар эмне болоор экен деп душмандар аңдып турган учур.

Акылсыздардын оозу жабылбай, акылдуулар үн чыгарганга белесене албай турган чак. Эгемендүүлүктүн баркына жетпеген, эртеңин ойлобогон, энесин мелжеп турган маңкурттардын мезгили азыр. Маңкурт эмне үчүн маңкурт болду? Себеби, ата-энесин, тегин, тарыхын, өзүнүн өтмүшүн унутту.

Андыктан өзүбүздүн түпкүрүбүзгө, улуттук баалуулуктарыбызга, нарк-насилибизге, тарыхый көрөңгөбүзгө кайтуу аркылуу булл жагдайдан аман-соо чыга алабыз. Акылман аксакалдарыбыздын, даанышман ата-бабаларыбыздын, көрөгөч ойчулдарыбыздын насааттарына кулак салчу учур келди:

 

  • Эл агасы бирөө болсо, эл түзөлөт, экөө болсо бузулат.
  • Бир кынга эки кылыч сыйбайт, бир журтка эки төрө сыйбайт.
  • Эски кебез бөз болбойт, эски душман дос болбойт.
  • Саткын ичкериде болсо, кулпунун пайдасы жок. 
  • Жамандарга жант артуу – жакшыларга зулум.
  • Заалымдарды кечирүү – күнөөсүздөргө зулум.

Бул сөздөр түрк дүйнөсүнүн ойчул акыны Коркут Атага караштуу. Коркут Атанын насаат сөдөрү азыркы учурга жол көрсөтүп тургансыйт. Түрк тилдүү элдердин көрөгөч, ойчул, комузчу жана акыны Коркут Ата Түркстанды бийлеген бир нече өкүмдардын кеңешчиси жана вазири болуп, коомдо акылман адам катары белгилүү орунду ээлеген. Ал жөнүндө кыргыз, казак, түрк, өзбек, түркмөн сыяктуу түрк элдеринин оозэки чыгармачылыгында учуратууга болот. Жаш муунду өтмүшүнө, улуттук, маданий, цивилизациялык түпкүрүнө байлаган тарыхий фигуралардын катарына кирет Коркут Ата. Комузду ойлоп тапкан, черткен киши катары да таанымал.

 

Коркут Атанын Китаби Деде

Коркут деп аталган жыйнагы түрк элдеринин маданий мурасынын арасында өзгөчө орунга ээ. Буга чейин Коркут Ата китебинин Германиянын Дрезден шаарындагы 1815-жылкы жана Ватикандагы 1950-жылкы экин ускасы бар деп келинсе, 2018-жылы дагы бир нускасы жарыкка чыккан. Ирандын Түркменсахра аймагындагы Гүнбед шаарында Коркут Ата китебинин дагы бир нускасы табылган.

Коркут Ата китебинде эл башына кыйын күн түшкөндө калкын жоодон коргогон тайманбас баатырлардын эрдиги, акылмандардын акыл-насааттары, сөз тапкыч чечендердин өнөрү баяндалат. Насааттарында чындык, адилетүүлүк, эрдик даңазаланып, элди-жерди коргоо ар бир мекенчил атуулдун мойнундагы милдет экени айтылып, жигиттик эмне экени айтылат:

 

  • Кара баш ат какыйбаса жол башталбас, кара болот кылыч менен чабышбаса душман кайтпас, эр жигит дүнүйөсүнө кыйбаса аты чыкпас.
  • Мыкты күлүккө коркок жигит мине албас, мингенден минбегени жакшы.
  • Чалып кесер кылычыңды мокотуп чалганча, чалбаганың жакшы.
  • Чала билген жигитке ок менен кылычтан көрө – бир чокмордун өзү артык.
  • Атасынын атын чыгарбаган жөнсүз уулдун туулганынан туулбаганы артык.
  • Көкүрөгү бийик эрде акыл болбос.
  • Текеберчиликти теңир жактырбас, көңүлү чөгүңкү эрдин өлкөсү болбос.
  • Эр жигит кара тоодой дүнүйө жыйнаса да, насип буйруганын гана жейт.
  • Чыныгы дос жакшылыкка чакыртып, жамандыкка чакыртпай келет.

Ата менен баланын, эски муун менен жаңы муундун карым-катнашынын кандай болушу керек экенин даана сүрөттөп берүүдө Коркут Атанын учкул сөздөрү:

 

  • Баба атын чыгарбаган жигерсиз уул баба белин бүгүлткүчө, бүгүлтпөгөнү жакшы.
  • Дөөлөттүү уул – очоктун чогу, дөөлөтсүз уул – атанын шору.
  • Уулдун күнү күн эмес – атадан мал калбаса, ата малы пул эмес – башта акыл болбосо.
  • Жат уулду канча баксаң, уул болбос, чоңойгондо кетип калар, бакканыңды билдим дебес.
  • Эр жигитке кара курум мал бүтсө, жыяр, көбөйтөр, талап кылар, бирок насибинен артыгын жебес.
  • Кыз энеден үлгү албаса өнүкпөйт, уул атадан үлгү албаса сапарга чыкпайт.
  • Уул-атанын сыры, эки көзүнүн нуру.

Коркут Атанын жашоонун манимаңызы жөнүндө айткан кеңештерине да кулак салу абзел:

 

  • Кулан кудукка түшсө, курбака кулагында ойнойт.
  • Алла, Алла демейинче иш түзөлбөс, Теңири бермейинче эр байыбас.
  • Маңдайга жазылбаса, кул башына каза келбес, ажал убакыт жетмейинче эч ким өлбөс.
  • Өлгөн адам тирилбес, чыккан жан кайра келбес.
  • Жердин сонун чөбүн кийик билер, жайык жердин көк орой чалгынын кулан билер.
  • Айрым-айрым жол сүрөөсүн төө билер, жети булактын кош жытын түлкү билер.
  • Түндө кербен көчкөнүн кара торгой билер, уулдун кимден туулганын энеси билер.
  • Оор жүктүн салмагын тулпар билер, кай жерде суулуу саз барын жекен билер.
  • Ээрдин батканын ат билер, баштын ооруганын мээ билер.
  • Кыл комузун аркалап, элден элге, бектен бекке акын кезер, эр жоомартын, эр бакылын акын билер.
  • Жаба-жаба карлар жааса, жазга калбас, жалбырактуу жашыл гүлдөр күзгө калбас.

Коркут Атанын түрк элдеринин адеп-ахлак нормаларына, турмуш-тиричилигине байланыштуу накыл сөздөрү да азыркы учурда бизге жол көрсөтө алат:

 

  • Кара эшектин башына жүгөн катсаң, качыр болбос.
  • Кара башка тон кийгизсең да катын болбос.
  • Күңгө кымкап жапсаң да ханайым болбос. Күл дөбө болбойт, күйөө бала уул болбойт.
  • Ат жебеген ачуу чөп бүткөнчө, бүтпөгөнү жакшы, адам ичпес ачуу суу жылга кууп акканча, акпаганы жакшы.
  • Жалган сөз бул дүйнөдө болгончо, болбогон ужакшы, конок келбеген кара үйдүн кулаганы жакшы.
  • Ойлонбой сүйлөгөн адам алган жообунан көңүлү калат.
  • Шаркыраган суулар ташса да деңиз болбойт.
  • Эр малын кыймайынча аты чыкпайт.

Коркут Ата өзүнүн ислам түшүнүгү менен да азыркы мусулмандарга үлгү болчу тарыхий киши болуп эсептелинет. Анын исламий баалуулуктар жөнүндө айткан кээ бир сөздөрүн мисал келтирели:

 

Оозумду ачып, тилге келтирген көктөгүТеңирим көрктүү. Теңир досу, дин туткасы Мухаммед көрктүү. Мухамеддин оң жагында намаз окуган Абубакир-Сыдык көрктүү. Канча жүз ирет окуса да «Ясин» аяты көрктүү. Кылыч менен динге көндүргөн эрлердин шахы Али көрктүү. Алинин уулдары, пайгамдардын жээндери,

 

Кербала чөлүндө жезиттердин колунан шейит болгон агайынды Касен менен Кусайин көрктүү. Жазылып, түзүлүп, көктөн түшкөн Теңир илими – «Куран» көрктүү. Ал «Куранды» катка түшүрткөн аалымдар султаны Осмон Аффан уулу көрктүү. Ойдуң жерге салынган Теңир үйү – Мекке көрктүү. Ал Мекеге соо барып, аман-эсен эллине кайткан ажылар көрктүү. Күндөрдүн жакшысы – жума күнү көрктүү. Жети күнү окуган кутпа намазы көрктүү. Кулак коюп тыңдаган үммөтү көрктүү. Мунарада азан чакырган мазин көрктүү. Тизесин бүгүп отурганына баттуу аял көрктүү. Саамай чачы агарган баба көрктүү. Ак сүтүнө тойгуза-тойгуза эмизген эне көрктүү. Жан ачыр агайын-тууган көрктүү. Чоң чамгарак үйдүн кашына тигилген келиндин ото үйү көрктүү. Жибек чатыр үйдүн назик жиби көрктүү. Өнөгөлүү бала көрктүү. Эч бир өөгө окшобогон, бүткүл ааламды жаратуучу Алла-Таала көрктүү. Оо, Теңирим дос-жар болуп, медет берсин, эй, хан, ээм!

Кара кожо уулу Коркут Ата азыркы Казакстандын Кызылорда областындагы Кармакшы районуна караштуу Сырдария өзөнүнүн төмөнкү жагындагы Жаңакент калаасында VIII-IХ кылымдарда өмүр сүргөн.

1980-жылы Кармакшы районунда Коркут Атага эстелик тургузулган. Кийинчерээк ал жер амфитеатр, музей жана башка имараттар менен архитектуралык комплекске айланган. 2000-жылдардан кийин Коркут фонду түзүлүп, Коркут Ата фестивалы өткөрүлө баштаган. Коркут Атанын аты университетке жана аэропортко берилген.

Түрктөр да Коркут Атаны түрк элдеринин байыркы тарыхын, үрп-адатын, каада-салтын, акындык өнөрүн тааныта турган тарыхы ймурас катары карашат. Коркут Атанын дастанында Түркиянын Байбурт шары жөнүндө айтылат. Ошондуктан Коркут Атанын мавзолейи Байбурт шаарында жайгашып калган. Мамлекеттик уюм болуп эсептелген Түндүк анатолия өнүгүү агенттиги (KUDAKA) жыл сайын Коркут Ата фестивалын уюштуруп келет.

Коркут Ата адеп-ахлак эрежелери, дүйнөгө болгон көзкараш, философиялык пикирлерди камтыган маданий баалуулук болуп эсептелинет. Түрк элдеринин цивилизациясынын түпкүрүн түзгөн насааттарды камтыйт. Коркут Ата түрк тектүү элдердин социалдык-маданий жашоо образын таамай сүрөттөп берген. Коркут-Атаны ата-бабаларыбыздын руханий дүйнөсү менен таанышуу үчүн эң маанилүү мурас катары карасак болот.

 

Маметбек Мырзабаев.

 

 

Сүрөттө: Түркиянын Байбурт шаарындагы Коркут Ата мавзолейи.

 

 

 

 

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс