Вторник , 10-Декабрь 2019
Башкы бет / Досье / Хаж сырдуу ибадат

Хаж сырдуу ибадат

Категория: Аналитика – Published: 13/08 – 11:06

 Ажылардын амалдарынын мааниси терең.

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Ислам дининде ар бир ибадат терең мааниге ээ. Мисалы, бир хадисте айтылгандай, намаз Аллах Таала инсандарды текеберчиликтен жана менменсинүүдөн алыс болушсун деп парз кылган, ал эми орозо такыбалыкты күчөтөт. Такыбаалык деген бул – күнөөдөн алыс болуу, Аллах Тааланыны каарынан коркуу.

Ошондой эле түпкү маанилерге жана сырларга ээ болгон ибадаттардын бири Хаж амалдары болуп саналат. Исламда Хаж шарты барларга парз болунган ибадаттарга кирет. Орозо, намаз, зекет парз болсо, хаждын өзү дагы бул 3 негизги ибадаттарды камтыйт. Мисалгы, Хажда жүрүп, курмандык чала албаган ажы 3 күн Хаж ичинде жана мекенине кайтып келгенде 7 күн орозо кармашы керек. Ал эми Каабаны айланып, Ибрахим макамынын артында же жанында намаз окуйт. Ошондой эле хаж амалдарында курмандык чалуу жөрөлгөсү зекет берүү менен барабар.

Хаж амалдары: ихрам

Меккеде хаж амалдары аткарылуучу Мина, Арафат, Хажар аль-Асвад, Ибрахийм макамы, Кааба деген ыйык жайлар бар. Бул жайлардын ар бир сырын төмөндө баяндамакчыбыз. Ал эми ажылардын “ихрам” кийүүсү өзүнчө бир сырга ээ. Өзүнүн көнгөн, ыңгайлуу кийим-кечесин, ак кездемеге алмаштырып, оронуусу бул дүйнөдөн кечип, Жаратканына жакындоосун туюндурат. Ихрам кийүү бул – дүйнө кооздугунан кол жуу жана кыямат, кайра тирилүү күнүнө даярдануу. Буга кошумча, өз кийимин чечип, ихрамга оронуу бул-  күнөөдөн тазаланып, такыбалык кийимин кийүү. Тигилбеген, түскө боелбогон кийим, бул- бейкүнөөлүктүн, тазалыктын, адалдык жана ибадаттын кийими болуп саналат. Ак кездеме бул кепин, ал эми ихрам кепинди, өлүмдүн актыгын, акыректти эске салуучу кийим.

Каабаны айлануу

Каабаны айлануу же арабча айтканда (таваф) амалы, намаз окууга тете жана хаж амалындагы Аллахтын жалгыздыгын чагылдырган белгилердин бири. “Кайсы жакта болбогун жүзүңдү Кыбыла (Кааба) тарапка буруп намаз оку,”- деген аятка ылайык, Каабаны айланып, Аллахтын зикирин чалуу менен ажынын деңгээли Жаратканынын алдында бийиктеп, күнөөдөн тазаланып, периштелердей мартабага жетет. Ал эми тавафтан кийин Ибрахим макамынын артында ыкластык менен (текеберчилик менен эмес) намаз окуган адам шайтандын үмүтүн дагы бир жолу үзүп, Ибрахим Халил (а.с) макамына жакындайт.

Сафа менен Марва тоолорунда чуркоо

Бул амалдын мааниси пенденин Жараткандан келип, кайра Жаратканга кайтып бараарын туюндурат. Мындайча айтканда Сафа менеен Марва тоолорунун аралыгында чуркоо бул – Аллах Тааланын ыракматына баш калкалоо, Акыйкатты көздөй чуркоо, күнөөдөн тазаланып, айкөлдүккө жетүү деген мааниде.

Белгилей кетсек, бул эки тоонун аралыгын негизинде Хажар (Ибрахийм а.с пайгамбардын жубайы) баласына суу издеп 7 ирет чуркаган.

Арафатта калуу

Ихрамдан кийин ажыларга Арафат жергесинде арапа күнүнүн экинчи жарымында калуулары парз кылынган. Арафатта ажылар дуба тилектери кабыл болунуп, кечирилбеген күнөөлөрү кечирилет. Ажылар “Зиль Хижжа” айынын тогузунчу күнү күн баткан соң, “Машъар аль-Харам” тоосуна чыгып, анда түнөөлөрү керек. Ал тоодо ажылар түнү менен дуба-тилек айтып, “шайтанга таш ыргытуу” үчүн таш чогултушат. Эртеси күн чыгаар менен зыяратчылар Минага жөнөшүп, андагы атайын амалдарды аткарышат. Минада жүрөктүн ыклас болуусу, тамаша же калп айтуудан алыс болуп, бирөөгө тили менен да, колу менен да зыян тйигизүүдөн айрыкча оолак болуу зарыл.

Шайтанга таш ыргытуу

Жамаратта элестеги “шайтанга” таш ыргытуу  амалынын негизги мааниси – адамдын руханий ыңкылабы, ички напсисин оздуктоо жана ички, сырткы жин шайтандардан сактанууда камтылат.

Курмандык чалуу

Курмандык чалуу бул – Аллах Таалага такыбалык кылып, жакындоо. Албетте, Аллахга жете турган нерсе бул – адамдын ички, руханий амалы, андыктан, бир гана уй, кой же төө союп, анын түпкү маанисине көңүл бурбай  коюу ажылык амалдын сапатуулугун айгинелебйт.

Чач кыруу

Чач адамдын сулуулугу, жаштыктын нышааны экени баарыбызга белгилүү. Ал эми ажылык жөрөлгөдө чач кыруунун парз болуусунун бирден-бир мааниси бул – дүйнө сулуулуктарынан кол жуумак, тагыраак айтканда, Аллахга ибадат кылуу үчүн өз сулуулугун курмандык чалуу. Минада чачын кырган ар бир ажы, “кыямат күнүндө ар бир кырылган чачыма тете нур бере көр” – деп дуба тилек кылат.

Албетте, ажыдагы амаладар сыртынан жөнөкөй көрүнгөнү менен ар биринин ичинде сырдуу руханий маанилерди камтыйт. Өмүрүндө бир жолу ажыга барып келген адам, кайра күнөө кылмайынча, жаңы туулган баладай бейкүнөө бойдон калат. Буга кошумча такыбаалыгы, ыйманы жогорулап, жан –дүйнөсү байып келет. Ажылык амалдарыңыздар кабыл болсун!

http://www.ca-irnews.com/kg/

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс