Вторник , 10-Декабрь 2019
Башкы бет / Дүйнө / Хаж эл аралык комитети: Хаж башкармалыгы Сауддардан алынышы керек

Хаж эл аралык комитети: Хаж башкармалыгы Сауддардан алынышы керек

Категория: Дин – Published: 10/08 – 11:25

Өкмөттүк эмес Эл аралык хаж комитети Сауд өкмөтү Хаж жөрөлгөсүн өзүнүн саясий максаттары үчүн колдонуп жатканын билдирди.

Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Сауд өкмөтү тарабынан Мекке жана Медина ишин жөнгө салуучу эл аралык комитет Индияда өткөн коференцияда бардык ислам өлкөлөрүнөн бул ыйык жерлерди башкарууну өз мойнуна алууларын сунуштады.

“аль-Кудс аль-Арабия” гезити бул өкмөттүк эмес Хаж комитети Сауд өкмөтү Хаж жөрөлгөрүн өздөрүнүнүн саясий пландарын ишке ашыруунун максатында пайдаланып жатышат деген билдирүүсүн жарыялады.

Бул билдирүүдө мындай айтылган: “Сауд өкмөтү Хаждын исламдык жүзүн бузуп, Европа менен Америкадагы белгилүү жайларга окшотту. Ал эми Хажга бөлүнгөн орундарды, паспорттордун сатылышын караштырсак, канча деген мыйзам бузуулар катталганына күбө болобуз.Ошондой эле бул Ыйык жайларды башкарууда түшкөн эбегейсиз каражаттардын максатсыз пайдалонылуусу, Хаж орунунун айрым саясий максаттарда кээ бир жарандарга бербөө аракети Сауд өкмөтүнүн диний алкактардан чыгып кеткендиктерин айгинелейт. Мисалы, өткөн жылы ирандык, ливиялык жана йемендик жарандар хаж орунунан кур жалак калышкан.”

Белгилей кестек, Эл аралык хаж башкаруу комитети Ислам өлкөлөрүнүн өкулдөрүнөн бир атайын комитет  түзүлүп, Сауд өкмөтү алардын бир мүчөсү катары гана каралуусун сунуштаган.

http://www.ca-irnews.com/kg

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс