Вторник , 10-Декабрь 2019
Башкы бет / Жаңылыктар / Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери Бишкектеги имараттарды талкалашты (фото)

Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери Бишкектеги имараттарды талкалашты (фото)

Категория: Башкы жаңылыктар – Published: 09/08 – 09:43

Бишкек, 9-август, 2019-жыл. /ca-irnews.com/ 8-август күнү кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүнөн ички иштер министрлиги тарабынан кармалгандан кийин анын тарапкерлери түнү менен Бишкекте имараттарды талкалашты.

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарыбыз деген жаалданган алты жүзгө жакын топ 8-августта караңгы киргенден кийин Бишкектин борбордук аянтына чогулушкан. Алар ошол жерде өздөрүн камерага жана уюлдук телефондун видеосуна тарткан журналисттерге орой мамиле жасашып, эки адамдын телефонун жерге чаап салышкандыгын Nazarnews агенттиги жазды.

Андан соң укук коргоо органдары Ала-Тоо аянтына чогулган топту кулак тундуруучу граната менен кууп-таратышты. Бирок аянттан качкан Атамбаевдин тарапташтары качып баратып, Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү имараттарды талкалап кетишкен. Биздин да редакциябыз (ca-irnews.com агенттиги) жайгашкан Раззаков – 32 (Москва көчөсү менен кесилишет) дарегиндеги имаратты да бир нече жаштар таш менен уруп, эшик, терезелерин, айнектерин талкалашкан. Кароолчунун айтуусунда, алар өтө агрессивдүү жаштар болушкан. Бирок имараттын кире беришинде видеокамералар болгондуктан, алар тасмага түшүп калышкан болушу мүмкүн. Ошондуктан ички иштер органдары мародёрлук жасоого аракеттенген адамдарды таап, мыйзамга ылайык жазасын берерине жана келтирилген чыгымдын ордун толтуртуп берерине ишенебиз.

    http://www.ca-irnews.com/kg

Опубликовать в Google Plus
Опубликовать в LiveJournal
Опубликовать в Мой Мир
Опубликовать в Одноклассники
Опубликовать в Яндекс